Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 21-февралда өкмөттүк коллегияда президент Садыр Жапаровго ишин тиешелүү деңгээлде аткарбаганы үчүн жети райондун акимдерин кызматтан алууну сунуштады.
Алар:
- Ак-Суу районунун акими Мунарбек Насиров;
- Араван районунун акими Сейтек Кулубаев;
- Базар-Коргон районунун акими Мирлан Карагулов;
- Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев;
- Манас районунун акими Досмамбет Жээнбеков:
- Ноокат районунун акими Жакыпбек Субакожоев;
- Талас районунун акими Нургазы Нармырзаев.
Коллегиялык жыйында Президенттик администрациянын башчысынын орун басары Азамат Кадыралиев район акимдеринин 2024-жылы аткарган иштери, жетишкендиктери жана кемчиликтери тууралуу баяндама жасады. Ал айрым райондордо жергиликтүү бюджетти пайдалануудан көрө мамлекеттен дотация алуу көнүмүшкө айланганын сынга алды.
Ал ошондой эле айрым акимдер билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык коргоо тармактарына тиешелүү көңүл бурбаганын, өздөрүнүн түздөн-түз жоопкерчиликтерин орун басарларына жүктөп коюшканын белгиледи. Анын сөзүнө караганда, мониторинг учурунда айрым мэрлердин жана акимдердин көп жылдардан бери кызмат ээлеп келе жаткан орун басарлары да жаңыча иштей алышпасы аныкталган.
Касымалиев 21-февраль күнү өкмөттүн коллегиялык жыйынын өткөрдү. Анда айрым министрлер, алардын орун басарларынын иши сынга алынып, кээ бирөөлөрү кызматтан алынары айтылды. Жыйында мамлекеттик органдардын ишине талдоо жүргүзүлүп, чет элдик иш сапарларга кеткен чыгашаларды оптималдаштыруу маселесине көңүл бурулганы кабарланды. (ZKo)
Шерине