Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:30

Кырсык

Sorry! No content for 17 Сентябрь. See content from before

шаршемби 13 Сентябрь 2023

Ливиядагы сел: миңдеген киши каза болду, миңдегени дайынсыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:13 0:00

Ливиядагы селде беш миңден ашуун киши набыт кетип, миңдеген адам жоголду. Эл аралык коомчулук апаат каптаган аймакка жардам жөнөтө баштады.

Кош бийлик башкарып турган Ливиядагы каргаша мамлекетке болуп көрбөгөндөй зыян алып келди.

Оорукана жасатка толду

125 миң калкы бар Дерна шаарын "Даниел" бороону кыйратып, ташкындаган суу имараттарды каптап, калаанын төрттөн бир бөлүгүн жарактан чыгарды. Аман калгандар дайынсыз жоголгон миңдеген кишини күнү-түнү издеп жатышат.

Адамдар көчөдө жаткан сөөктөрдү карап жатышат.
Адамдар көчөдө жаткан сөөктөрдү карап жатышат.

Ооруканалар сөөккө толуп калды. "Рейтерс" агенттиги 12-сентябрда тарткан видеодо оролгон жасаттар Вахда ооруканасынын ичинде да, сыртында да жатат.

“Оорукананын бул бөлүмүндө азыр 1700 кишинин сөөгү бар. Кимисинин тек-жайы такталса, үй-бүлөсүнө же досторуна өткөрөбүз, алар жерге беришет. Аты-жөнү такталбагандарды сүрөткө тартып, номур коюп, көмө баштадык. Беш жүздөй киши жерге берилди. Абал өтө жаман. Анүстүнө оорукана да өтө эски”, - деди Вахда ооруканасынын директору Мухаммед ал-Кабис.

Дерна шаары.
Дерна шаары.

Кызыл жарым ай коомунун эсебинде, 10 миңдей адам дайынсыз жоголду. Мындан улам курмандыктардын саны өсүшү мүмкүн деп болжолдонууда.

"Кырсык түн ичинде, эл уктап жатканда каптады. Адамдар алапайын таппай калды. Ас-Сахаба мечитинин маңдайындагы үйлөр бири бирине жакын жайгашкан. Мен ошол жерде жашайм. Бир үй-бүлөнүн 30 мүчөсү дайынсыз жоголду. Эч кимисин таппай жатабыз”, - деди Дернанын тургуну Мустафа Салем.

Жаратылыш кырсыгынан кийинки көрүнүш.
Жаратылыш кырсыгынан кийинки көрүнүш.

Бийликтин аракети

7-сентябрда башталган нөшөр, ага кошумча 9-сентябрда Жер Ортолук деңизи тараптан каптаган "Дэниел" бороонунан Ливиянын чыгышы өзгөчө жабыркады. Күбөлөрдүн белгилешинче, суунун агымы эки дамбаны бузуп кеткен. Башка райондор менен кошо эң чоң шаар Бенгази да зыян тартты. Убактылуу өкмөт суу каптаган аймакты табигый кырсык зонасы деп жарыялады.

Маалымат каражаттары өкмөт эл аралык жардамга муктаждыгын жазып жатышат. Премьер-министр Абдулхамид ал-Дбейба кырсыктын кесепетин жоюуга мамлекеттин күчү жетерин белгиледи.

Абдулхамид ал-Дбейба
Абдулхамид ал-Дбейба

"Бул окуядан кийин биз акыл калчап, кырсыктын себептерин жана кесепетин талдап жатабыз. Зыян тарткан аймактарды калыбына келтирүү үчүн 2,5 миллиард динар бөлдүк", - деди Ливиянын өкмөт башчысы Абдулхамид ал-Дбейба.

Он жылдан ашуун убакыттан бери коомдук-саясий абал чыңалып турган Ливияда бийлик экиге бөлүнүп калган. Улуттук армиясынын командачысы Халифа Хафтар башкарган чыгыш аймактары эл аралык коомчулук тааныган өкмөттүн көзөмөлүндө эмес.

Халифа Хафтар
Халифа Хафтар

"Биз зыянды баалоо боюнча адистештирилген комиссия түзүүнү, оңдоп-түзөө иштерин тез арада баштоону, электр жарыгын калыбына келтирүүнү жана башка зарыял чараларды көрүүнү өкмөткө тапшырдык. Бардык расмий органдар, айрыкча Ливиянын борбордук банкы калыбына келтирүү иштери үчүн чукул каржылык жардам бериши керек", - деди Хафтар басма сөз жыйынында.

Эл аралык коомчулуктун жардамы

Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы өкмөт менен биргеликте суу ташкыны жана бороондон жабыр тарткан Дерна шаарына тамак-аш жеткирүүгө камынууда. Уюм беш миң үй-бүлөнү азык-түлүк менен камсыздай алат.

"Кыйроонун масштабы азырынча белгисиз. Бирок ал чоң экенин жана олуттуу көңүл буруу зарылдыгын билебиз. Бенгазидеги кампабызда тамак-аш бар. Биз жардам бергенге даярбыз. Жагдайды баалап, эң көп жабыр тарткандар кайда экенин тактап, кимге эмне керектигин талдап жатабыз. Жардамды мүмкүн болушунча тезирээк жеткиребиз", - деди Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы жетекчисинин орунбасары Брайан Ландер.

Палестина Ливияга жөнөткөн куткаруучулар тобу.
Палестина Ливияга жөнөткөн куткаруучулар тобу.

Египет, Алжир жана Палестина Ливияга куткаруучулар менен дарыгерлерди жөнөттү. Шаршемби күнү Рим папасы суу ташкында курман болгондордун элесине дуа кылды.

Ливияда 12-сентбярда жалпы аза күтүү жарыяланды.

Дерна шаары
Дерна шаары

Бишкек: курулуш материалдары сатылган базардагы өрт
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:49 0:00

Бишкекте Орозобеков көчөсүндөгү базарда курулуш материалдары сатылган үч дүкөн, пластик терезелерин чыгарган эки цех жана кийим-кече сатылган бир контейнер өрттөнүп кетти. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 800 чарчы метрди түздү.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG