Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:05

Экономика

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Бишкек тургундары жылуулукка келген эсепке ишене албай турат. Кээ бирөөлөргө 15-20 миң сомго чейин дүмүрчөктөр келе баштады. 2024-жылдын 1-июнунан тарта жылуулуктун жана ысык суунун тарифи кымбаттаган. Бирок ал кыш келип, үйлөргө жылуулук берилгенде гана сезиле баштады.

Өкмөт үч жыл ичинде Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) толугу менен дотациядан чыгарууну көздөгөнүн билдирди. Ал үчүн калк жылуулукка өз наркын төлөй баштамакчы. Айрым депутаттар тарифтердин кескин кымбатташы социалдык чыңалууга алып келерин айтып, кайра карап чыгууну сунуштады.

Эмне өзгөрдү?

2024-жылдын 1-июнунан тарта жылуулуктун жана ысык суунун тарифи кескин кымбаттаган. Бирок ал кыш келип, үйлөргө жылуулук берилгенде гана сезиле баштады. Өзгөчө чоң батир ээлерине күч келди.

Жаңы тарифтер биринчи кезекте Бишкектин тургундарына тиешелүү. Борбордо 132 миңден ашуун абонент жылуулукту жана ысык сууну ЖЭБден алат. Калгандары газ, көмүр, электр энергиясы менен жана жеке отказандардан жылынып, ар биринин чыгымы ар башка эсептелет.

Жылуулук борбордон чыккан жылуулук калкка өз наркынан арзан берилип, айырмасы бюджеттин эсебинен жабылып келет. Өкмөт үч жыл ичинде бул дотацияны жоюуну көздөп жатат. Биринчи кадам катары аянты 80 кв/метрден ашкан үй ээлери өз наркын төлөй баштады.

Ал кандай эсептелет? Энергетика министрлиги жыл сайын жылуулуктун өз наркын эсептеп турат. Быйыл 1 гигакалорияга (Гкал) 5998 сом деп бекитилди.

Аянты 80 кв/метрге чейинки батирлерге дотация кала берет. Шаар тургундары 1 гигакалорияга 1 560 сом төлөшөт. Калган 4438 сомду мамлекет кошуп берет. Өкмөт муну “социалдык тариф” деп атап койду.

Мисалга 105-сериядагы үйлөрдү алалы:

  • 1 бөлмөлүү батир, аянты 35 кв/м. Мэриянын эсебинде, ал күз-кыш мезгилинде (ноябрдан мартка чейин) орточо 3,6 Гкал пайдаланат. Бул 5616 сом.
  • 2 бөлмө, 44 кв/м. Күз-кыш мезгилинде орточо 4,93 Гкал пайдаланат. 7691 сом.
  • 3 бөлмө, 61 кв/м. Орточо 6,31 Гкал. 9844 сом.

Бишкекте союз маалында курулган көп кабаттуу үйлөрдүн баары ЖЭБге кошулуп келген. Акыркы жылдары жаңы үйлөр көбүрөөк газ, электр энергиясы менен жылытыла баштады. 2024-жылы өкмөт ЖЭБге жаңы объекттерди кошууга расмий тыюу салган.
Бишкекте союз маалында курулган көп кабаттуу үйлөрдүн баары ЖЭБге кошулуп келген. Акыркы жылдары жаңы үйлөр көбүрөөк газ, электр энергиясы менен жылытыла баштады. 2024-жылы өкмөт ЖЭБге жаңы объекттерди кошууга расмий тыюу салган.

Ал эми үйү 80 чарчы/метрден ашкандардыкы башкача эсептелет. Тагыраагы, 80 квадратка чейин “социалдык тариф” менен, калганы жылуулуктун өз наркы менен чыгарылат. Жылуулуктун өздүк наркы, жогоруда айтылгандай, быйыл 5998 сом деп эсептелди.

Мисалы, батир 100 чарчы метр болсун. Энергетика министрлигинин эсебинде, ал күз-кыш мезгилинде орточо 8,93 Гкал пайдаланат. Анын ичинен:

  • 7,144 гигакалория (жалпы көлөмдүн 80%) 80 кв/метрине бөлүнүп, ал 1560 сомдон эсептелет. Ошондо 7,144 Гкал х 1560 = 11 145 сом.
  • 1,786 гигакалория (жалпы көлөмдүн 20%) 20 кв/метрине бөлүнүп, ал 5998 сомдон эсептелет. 1,786 Гкал х 5998 = 10 713 сом.

Демек, 100 кв/м батирдин ээси кыштан чыгуу үчүн быйыл орточо 21 858 сом коротот.

Социалдык тариф менен төлөгөндөргө айырмасы анча билине бербеши мүмкүн, бирок 80 квадраттан чоң үй ээлерине эми ар бир бөлмөнү жылытуу кыйла кымбатка түшөт.

Социалдык тармактардын колдонуучулары жылуулукка 15-20 миң сомдук дүмүрчөктөр келип жатканын жазышууда. Депутат Бакытбек Марипов ага бул маселе боюнча абдан көп кайрылуу түшүп жатканын, айрым тургундарга 28 миң сомдук эсеп келгенин айтты.

"Бул боюнча бир карап чыгышыбыз керек. Кээ бир көп кабаттуу үйлөргө жылуулукка декабрь айы үчүн 28 миң сомдук эсептер келиптир. Ушул боюнча чара көрсөңүздөр. Кайрадан эсептеп, керек болсо, тарифтерди да кайра карап чыгышыбыз керек", - деди депутат.

“Комфортту сүйсө, төлөсүн”

"Өкмөттүн позициясы – бишкектиктер жылуулукка өз наркын төлөшү керек. Айырмасын жалпы эл төлөп жатат", - дейт энергетика министри Таалайбек Ибраев.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев.

“Көмүрдүн бир тоннасы 6 миң сом. Айылдагы ата-апаларыбыз кыштан бир тонна менен чыкпайт да. Алар жок дегенде 3 тонна көмүр алып, 20 миң сом коротуп жатат. Биякта жылуу-жумшак, ысык суу, муздак суусу менен отурат, үйү 100 квадраттан ашат, ошого 6 миң сом төлөп атат. Логика жок болуп жатпайбы. Буга чейин Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборуна толугу менен кыргыз эли төлөп келген. Калыстык болушу керек да. Ким комфортту сүйсө, ага төлөшү керек”, - деп Ибраев 9-октябрда Жогорку Кеңеште айткан.

Депутат Бактыбек Чойбеков "тарифтер көтөрүлүшү керек, бирок ал мындай кескин болбошу керек" деген пикирде. Ал коммуналдык кызматтардын эселеп кымбатташы элге оор жүк болуп, социалдык чыңалууга алып келбейби деген суроо узатты.

Өкмөт башчысынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин айтымында, ЖЭБден жылуулук алгандардын 88% - социалдык тарифтеги, 80 кв/метрге чейинки батирлер. 12% гана 80 кв/метрден чоң үйлөр.

“Бул социалдык чыңалууга алып келбейт. 12% эл төлөсө керек деген ойдобуз. Туура түшүнүшөт”, - деген пикирде Төрөбаев.

Депутат Дастан Бекешев жылуулуктун кескин кымбатташы эң бардар катмарга да сезилди дейт. Анын пикиринде, жаңы тарифтерди баары эле төлөй албайт. Бааны көтөрүш керек, бирок мындай кескин эмес дейт эл өкүлү.

Советтик көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары үчүн ЖЭБге альтернатива жок. Электр энергиясынын тартыштыгынан улам өкмөт өзү аны чектеп, үнөмдөөгө чакырып келет.
Советтик көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары үчүн ЖЭБге альтернатива жок. Электр энергиясынын тартыштыгынан улам өкмөт өзү аны чектеп, үнөмдөөгө чакырып келет.

“ЖЭБ оор абалда”

Бишкек ЖЭБи – Кыргызстандагы эң ири электр энергия жана жылуулук булактарынын бири. Ал 1961-жылы курулуп, 2017-жылы реконструкциядан өткөн. Бирок андан кийин да объектте бир нече ири авария катталган.

2024-жылы өкмөт стратегиялык мааниге ээ болгон ЖЭБди “Электр станцияларынын” карамагынан чыгарып, Бишкектин мэриясына өткөрүп берген. Эми борбордогу энергетиканын абалына мэрия өзү жооп берет. Бирок ага азырынча республикалык бюджеттен дотациялар бөлүнүп турат. Шаар жетекчилиги дароо электр энергиясынын жана жылуулуктун тарифтерин өз наркына жеткире турганын билдирген.

Жыл соңунда калаа башчысы Айбек Жунушалиев ЖЭБге республикалык бюджеттен 1 млрд сом насыя алууну сунуштаган. Мэриянын маалыматында ишкана күз-кыш мезгилинде күн сайын 40-60 млн сом суммага 6-8 миң тонна көмүр, 260-500 миң м3 жаратылыш газын чыгымдай турганы жазылган. Андан тышкары, объект оңдоо иштерине муктаж.

Мэр жылуулук борбору азыр өтө оор финансылык кырдаалда турганын, ушундан улам насыя алуу керектигин белгилеген. Мэрия насыяны жылуулук жана электр энергиясынын өздүк наркына кошуу менен төлөөнү пландаштырган.

Экологдор Бишкек ЖЭБи шаардагы ышка себеп болууда деп сындап келишет. Шаардын так ортосунда жайгашкан объектте жылына 1-1,5 млн тонна көмүр жагылат. Мэрия жылуулук электр борборун газга өткөрүү планы бар экенин, бирок ал 2030-жылдарга барып ишке ашарын билдирген.

Cуусамыр жайлоосундагы боз үйлөр
Cуусамыр жайлоосундагы боз үйлөр

Өкмөт 2022-жылга чейин төлөнбөй калган салыктык карыздарды кечмей болду. Ага кошумча унаа салыгын төлөй электер да бул төлөмдөн бошотулат. Жалпысынан мамлекет 11 млрд сом карызды кечүүгө даяр экенин билдирди.

Мындай чечимдин максаты эмнеде? Убагында төлөп жүргөндөргө карата акыйкатсыздык болбойбу?

Кимдер бошотулат

8-январда президент Садыр Жапаров салыктарга байланыштуу бир нече чечимдерин жарыялаган. Алардын бири - 2022-жылга чейин төлөнбөй калган карыздар жокко чыгарылат. Өкмөт эки ай ичинде амнистиянын жол-жоболорун жазып, карыздан бошотулчу субъекттерди тизмектеп чыгышы керек.

Салык кызматы “Азаттыкка” кабарлагандай, амнистиянын алкагында 20 миңдей салык төлөөчүнүн карыздары жоюлушу мүмкүн. Буга кимдер кирет?

Амнистия 2022-жылдын 1-январына чейин төлөнбөй калган карыздардын бардык түрлөрүн камтыйт. Ал компанияларга, жеке ишкерлерге жана катардагы жарандарга да тиешелүү. Бирок маанилүү бир жагдай – салык төлөөчү өзү тааныган карыздар гана жокко чыгарылат.

“Башкача айтканда, салык төлөөчү өзү “ооба, карызым бар, бирок аны төлөй албай жатам, күтө тургула” деген карыздар гана жоюлат. Ал эми жашырып, отчётторун бербей жүргөн болсо, анда ал карыздар кала берет”, - деп “Эл аралык ишкерлер кеңешинин” аткаруучу директорунун орун басары Жанабил Давлетбаев “Азаттыкка” чечмелеп берди.

Ири карызы бар субъекттердин тизмеси ай сайын расмий жарыяланып турат. 2022-жылдын 1-январына карата эң чоң карызы бар ишканалар төмөнкүлөр болгон:

  • “Бишкек машина куруу заводу” ААК - 111 млн сом
  • “Бишкек штамп заводу” мамлекеттик ишканасы – 94 млн сом
  • “Олан Трейд” ЖЧК – 87 млн сом
  • “Эверест Транс компани” ЖЧК – 83 млн сом
  • “Голден Стейт” ЖЧК – 67 млн сом

Бул тизмеге карызы 500 миң сомдон ашкан субъекттер гана кирген. Арасында ири мамлекеттик компаниялар да, жеке ишкерлер да бар. Көбү бүгүнкү күнгө чейин карыздарынан кутула элек. Сүрөттө: Бишкек штамп заводу, 2022-жыл.
Бул тизмеге карызы 500 миң сомдон ашкан субъекттер гана кирген. Арасында ири мамлекеттик компаниялар да, жеке ишкерлер да бар. Көбү бүгүнкү күнгө чейин карыздарынан кутула элек. Сүрөттө: Бишкек штамп заводу, 2022-жыл.

Буга кошумча, 2025-жылга чейин унаа салыгын төлөй электер да карыздан бошотулмай болду. Акыркы жылдын салыгын төлөбөгөндөрдүн гана эмес, буга чейин жылдап төлөбөй келгендердин карыздары да жоюлат.

Бирок бул жерде да бир маанилүү жагдай – соттун чечими чыга элек карыздар гана жокко чыгарылат. Эгер унаа ээси салыгын төлөбөй жүрүп, сот аны өндүрүү боюнча чечим чыгарган болсо, мындай карыз төлөнүшү керек. Башкача айтканда, бүгүнкү күнгө чейин карызын жашырып, сотко жеткирбеген жарандар эми мыйзамдуу түрдө эч нерсе төлөбөйт.

Жогоруда айтылгандардын баары биригип 20 миңдей субъектти түзөт. Алардын жалпы карызы 11 млрд сомдон ашат. Бирок бул сумма өзгөрүшү мүмкүн, деди Салык кызматы.

Акыйкатсыздык болбойбу?

Быйылкы жараян өлкө тарыхындагы эң ири салыктык амнистиялардын бири болмокчу. 2020-жылкы пандемияда өкмөт калктын 15 млрд сомдой карызын кечкен эле.

"Садыр Жапаровдун жарлыгы бизнес үчүн күтүүсүз болду", - дейт “Жаш ишкерлер ассоциациясынын” юристи Бакытбек Сартмаметов. Анын айтымында, карыздарды кечүү менен мамлекет кичи жана орто бизнеске колдоо көрсөтүп, жүгүн бир топ жеңилдетет. Карыздардан бошотуу экономикалык активдүүлүккө түрткү берип, жалпы эле бизнеске оң таасирин тийгизет.

Ошентип, мамлекет салыгын төлөй албай келген же төлөгүсү келбеген жарандарга кол сунду. Бирок бул чечим мыйзамга баш ийип, милдеттерин убагында аткарып жүргөндөргө карата адилетсиздик эмеспи?

Кыргызстанда акыркы жылдары эле бир нече амнистия ишке ашты. Басып алынган жерлерге кызыл китептер берилип, мыйзамсыз жолдор менен топтолгон байлыктар легалдаштырылды. Быйыл армениялык жана абхазиялык номурлар менен кирген унааларга документтер берилгени жатат. Эми салыгын төлөбөгөндөр карыздардан кутулат.

Бийлик өкүлдөрү ар бир амнистиядан кийин бул акыркы жараян болгонун, мындан ары мыйзамдарды убагында аткаруу керектигин айтып келет. Президент Садыр Жапаров бул жолу да ушундай эскертүү берди.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров.

“Салык төлөбөй жүрө берсек, кийин акыры кечип жиберет экен деген түшүнүктөн алыс болушубуз керек. Салыкты өз убагында төлөө - бул ар бир жарандын ыйык милдети. Биз суктанган өнүккөн өлкөлөрдө салык ыйык. Төлөбөгөнү же жашырганы үчүн өтө катуу жазалашат. Ошондуктан бизде да салык ыйык болуш керек. Мындан ары салыктарды өз убагында төлөп туруңуздар”, - деп кайрылды өлкө башчысы.

"Амнистия эң алгач бизнести колдоо максатында болуп жатат, ишкерлер мамлекет кечирет экен деген ойдо калат дегенден алысмын", - дейт “Азаттыкка” берген маегинде “Жаш ишкерлер ассоциациясынын” юристи Бакытбек Сартмаметов:

“Бирок салык төлөп келген ишкерлердин арасында нааразычылык сезимдер калышы мүмкүн. Ассоциация ишкерлерди ар дайым мыйзам талаасында иш алып барууга чакырып келген жана чакырып келет”.

Акыркы жылдары салык төлөө маданияты жогорулады, ишкерлерде мамлекет кечип коёт деген ой пайда болот деп ойлойбойм, дейт “Эл аралык ишкерлер кеңешинин” аткаруучу директорунун орун басары Жанабил Давлетбаев. Ал кайтарууга мүмкүн болбогон карыздар да көп экенине көңүл бурду:

“Төлөнбөгөн жана төлөнүшү мүмкүн болбой калган карыздар бар. Реалдуу акча болуп, өкмөт аны кечип салса, анда бул башка кеп болмок. Ошону үчүн муну жоготуу деп да эсептей албайбыз”.

Салык саясаты жумшардыбы?

Салык саясатын күчөтүп келген кыргыз бийлиги акыркы бир айда эле риторикасын кескин өзгөрттү.

Өлкө башчысы Садыр Жапаров “салык элдин жонунан кайыш тилгендей болбошу керек” десе, Салык кызматынын жаңы жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов “ишкерлердин үстүнөн минип албашыбыз керек” деп билдирди.

Негизги өзгөрүүлөрдүн бири - өкмөт эң көп талаш жараткан электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар (ЭТТК) боюнча талаптарды бир топ жеңилдетүүнү көздөп турат.

Былтыр ЭТТК 13 миңден ашык ар кандай товарга колдонула баштаган. Бизнес коомчулугу мындай талап кыйынчылыктарды жаратканын айткан. 14-январда Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов ЭТТК боюнча маселе дээрлик чечилгенин айтты.

Мамлекеттик Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов.
Мамлекеттик Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов.

“ЭТТК маселеси жоюлду десек болот. ЭТТК мунай заттарына, алкоголдук ичимдиктерге, тамекиге, дары-дармекке жана медициналык буюмдарга гана калат. Экинчиден, импорт менен алектенгендерге да калат. Анткени алар сырттан тонналаган товарларды ташып келет. Завод-фабрикалар да бар. ЭТТК менен аларды да көзөмөлдөш керек. Аларда ЭТТК толтуруп, бардык ишти аткарганга шарты бар”, -деди ал.

Мындан тышкары, жаңы жылды утурлай талаш жараткан айрым салыктар жокко чыгарылды. Мисалы, жаңы курулган үйлөргө 12% кошумча нарк салыгы, жеке мектептерге киреше салыгы салынбай турган болду. Унаа ээлери мүлк салыгынан бошотулду. Ооба, анын ордуна бензин жана дизел майынын ар бир литрине кошумча 1 сом төлөй башташты, бирок өкмөт алгач эки төлөмдү тең калтырууну көздөгөн эле.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG