Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:50

Индия менен Пакистан атышпоо келишими бузулганы үчүн бирин бири айыптады


Жамму шаарында абадан коргонуу системасы иштеп жатат. 2025-жылдын 10-майы.
Жамму шаарында абадан коргонуу системасы иштеп жатат. 2025-жылдын 10-майы.

Индия менен Пакистан атышпоо тууралуу келишим бузулуп жатканын билдирип, бирин бири айыптап чыгышты. Индиянын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Викрам Мисри Пакистан тынчтык келишимин бир нече саат бою бузганын 10-майда билдирди. Көп өтпөй ушундай эле айыптоо Пакистан тараптан айтылды.

Расмий Исламабад атышууну токтотуу туура болорун белгилеп, “кандай гана маселе жаралбасын, тийиштүү деңгээлде сүйлөшүү жолу менен чечилиши, аскерлер сабырдуулугун көсөтүшү зарыл” экенин билдирди.

Атышууну токтотуу макулдашылганы жарыяланса деле Кашмирдин Индия көзөмөлдөгөн бөлүгүндөгү эки ири шаарда – Сринагарда жана Жаммуда 10-майда катуу жарылуу болгонун жергиликтүү тургундар айтышты.

Эки өлкө атышууну толук жана тез арада токтотуп, сүйлөшүү баштоого макул болушканын, буга Кошмо Штаттар ортомчулук кылганын 10-майда АКШ президенти Дональд Трамп жарыялаган.

Пакистандын тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар Индия менен Пакистандын бул сүйлөшүүлөрүнө Түркия жана Сауд Арабиясы да ортомчулук кылганын айткан.

Өзөктүк куралы бар эки өлкөнүн тиреши 7-майда курчуган. 10-майда эртең менен Пакистандын өкмөтү Индияга каршы ири аскердик операция башталганын жарыялаган. Эки коңшунун соңку тиреши быйыл апрелде Кашмирдин Индия көзөмөлдөгөн бөлүгүндөгү кол салуудан кийин чыңалган. Акыркы конфликт башталгандан бери эки тарапта каза болгондор 50гө чукулдады. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG