Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:36

Экономика

шаршемби 8 Январь 2025

Календарь
2025-ж., Январь
дүй. шейш. шарш. бейш. жума ишм. жек.
30 31 1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31 1 2
Коллаж.
Коллаж.

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн салык саясатына байланыштуу жаңы жарлыкка кол койду. Ага ылайык, автотранспорт салыгы жоюлуп, жер салыгы боюнча мораторий 2030-жылга чейин узарып, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (ЭТТК) жөнөкөйлөтүү боюнча сунуш иштелип чыгат.

Президенттин жарлыгы менен эмне өзгөрөт?

"Калктын жана ишкердик субъекттеринин салыктык түйшүгүн азайтуу жана салык салууну администрациялоону өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" деп аталган жарлыкка кол койгонун мамлекет башчы Садыр Жапаров 8-январда Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кабарлап, анын максатын чечмелеп, себептерин түшүндүрдү.

Жапаров автотранспортко салынуучу салыкты толук жоюу боюнча тапшырма бергенин билдирип, мындай чечимди “Жол фонду жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө киргени менен байланыштырды.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Ага ылайык, ушул жылдын 1-январынан тартып бензин жана дизел майынын ар бир литрине кошумча 1 сом төлөнөт. Андан түшкөн каражат Жол фондуна которулат жана автоунаа жолдорун оңдоого, салууга, реконструкциялоого пайдаланылат.

“2025-жылдын 1-январына чейин автотранспортко салык төлөбөй келген жарандарыбызды да салыктан бошотуу (амнистия) боюнча тапшырма бердим. Бул салыктын түрүн төлөбөй жүргөндөр ого эле көп экен. Мамлекет үчүн канчалык оор болсо да баарын кечтик. 2022-жылдын 1-январына чейинки юридикалык жана жеке ишкерлердин болгон карызын да кечтик (2022-жылдын 1-январына чейинки салыктар текшерилбейт)”, - деп жазды президент.

Садыр Жапаров автотранспорт салыгынан канча акча чогуларын жана төлөнбөй жүргөн сумма канчалык экенин ачыктаган жок.

Мындан тышкары дыйкандарды жер салыгынан бошотуу боюнча мораторий 2030-жылга чейин узартылды. Президент 2021-жылы дыйкандарды колдоо максатында 2024-жылга чейин жер салыгынан бошоткон болчу. Салык кызматынын ошол кездеги маалыматында, өлкө боюнча жер салыгынан орто эсеп менен жылына 320 млн сомдой жыйналчу. Жапаров 2030-жылга чейин сугат маселеси чечилип, андан кийин салык чогултуу кайра уланарын белгиледи.

Ал ошондой эле соңку учурда талаш жараткан ЭТТК маселеси боюнча жумуш тобу бир айдын ичинде сунуш иштеп чыгып берерин жазды.

Президент Фейсбуктагы билдирүүсүндө мамлекет салыктын эсебинен өнүгүп, эмгек акы, пенсия жана жөлөк пул көбөйөрүн, социалдык объектилер курулуп, жолдор салынарын белгилеп, жарандарды салыктан качпоого чакырды.

Өкмөттүн салык саясаты "жумшарат"

Буга чейин Министрлер кабинети электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонууну жөнөкөйлөтүү үчүн мекеме аралык жумуш тобу түзүлгөнүн кабарлаган. 30-декабрда Министрлер кабинетинин жыйынында дагы ЭТТК тууралуу кеп козголуп, бул маселени анализдөө тапшырмасы берилген.

Салык кызматынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов “Азаттыкка” буларды айткан болчу:

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

“Азыр жумушчу топ түзүлдү. Президенттен, Министрлер кабинетинин төрагасынан тез аранын ичинде ЭТТК боюнча бардык жеңилдиктерди аныктап, юридикалык жагын карап, мыйзамдарга, токтомдорго өзгөртүү киргизүүнү регламентте каралган эң кыска мөөнөттө жасагыла деген тапшырма алдык. Бир жума же он күн ичинде биринчи вариантын сунуштайбыз”.

Шыкмаматов ЭТТК боюнча жеңилдиктер гана каралганын, андан толук баш тартылбай турганын кошумчалаган.

“Бай Элим” компаниясынын жетекчиси, ишкер Рысгүл Акимжанова Фейсбуктагы баракчасында президенттин салыктар жөнүндөгү жарлыгынын жакшы жактары менен тобокелчиликтерин кенен жазды.

Ишкер жер салыгын жоюу айыл чарба секторунун өнүгүүсүнө салым кошорун айтты. Бирок автотранспорт салыгын жоюу менен Жол фондуна жетиштүү акча жыйналбай калышы ыктымал экенин белгиледи.

Акимжанова ЭТТК боюнча “Азаттыкка” буларды айтып берди:

Рысгүл Акимжанова
Рысгүл Акимжанова

“ЭТТКны киргизүү саясаты абдан туура. Кыргызстанга кирген бир даана ширеңке дагы товар катары катталышы керек. Бизге бул системаны киргизгенде ишкерлер даяр эмес болчу. Аткезчиликти жойбой туруп киргизген. Салыкчылар өздөрү дагы түшүнгөн эмес. Аларга кеңеш сурап кайрылганда өздөрү түшүнчү эмес. Мисалы, айыл чарбасында иштеген дыйкандар ЭТТКдан бошотулган. Алардан алган товардын ЭТТКсын кантип көрсөтүү керектигин бизден сурачу".

Акимжанова жалпы эле салык системасы адилет киргизилсе, ишкерлер аны төлөөгө даяр экенин кошумчалады.

ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ.

Кыргыз өкмөтү 2022-жылдын башынан тартып өлкөдө фискалдык реформа деген негиз менен көзөмөл-кассалык машина, электрондук эсеп-фактура жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз өңдүү салыктык башкарууну санариптештирүү иштерин жүргүзүп келет. Салыктык башкаруунун татаалдашуусу менен катар эле салык жүгү да өсүп жатканын белгилеген соодагерлер жана ишкерлер базарларда нааразылык акцияларын өткөрүшкөн.

Ошого карабай Акылбек Жапаров башында турган өкмөт бул саясатты улантарын айтып келген. Бирок декабрдын башында Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы кызматынан кеткен соң бийликтин чакырык сөздөрү өзгөрүп, ЭТТКны киргизүү жолдорун карап көрүүнү сунуштай баштады.

Атүгүл Салык кызматынын башына келген Алмамбет Шыкмаматов буга чейинки өкмөттүн бул жааттагы салык саясатында кемчиликтер болгонун парламент трибунасынан айтууга жетишти. Ал ЭТТКны беш товарга гана - мунай заттарына, алкоголдук ичимдиктерге, тамекиге, дары-дармекке жана медициналык буюмдарга гана калтырууну сунуштап жатат.

Бүгүнкү күндө ЭТТК 13 миңден ашуун ар кандай товарга колдонулат.

2025-жылы Айды багынтуу үчүн жарыш уланат
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:29 0:00

Бир жыл мурун Жапония өзүнүн “Айдагы снайпер” деп аталган аппаратын Айдын бетине отургузду. Ошентип Жапония АКШ, Кытай, мурдагы СССР жана Индиядан кийинки эле Айга өз аппаратын кондурган бешинчи өлкө болуп калды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG