Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:10

Экономика

Sorry! No content for 23 Январь. See content from before

шаршемби 22 Январь 2025

Киев "өз аймактарынан баш тартпайт", Трамп Орусияга санкция салышы мүмкүн
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:15 0:00

Украинанын президенти Владимир Зеленский ушу тапта Орусиянын көзөмөлүндөгү аймактардан Киев юридикалык негизде баш тартпасын билдирди. Муну менен бирге ал согуштун активдүү баскычын токтотууну колдоорун кошумчалады. Шейшембиде АКШнын жаңы лидери Дональд Трамп орус президенти Владимир Путин урушту токтотуу макулдашуусунан баш тартса, Вашингтон Москвага жаңы санкцияларды салышы мүмкүн деп эскерткен. Кремл буга чейин согушту Вашинтон менен талкуулоого даярдыгын айткан.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов.
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов.

Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратында текшерүү башкармалыгынын функциясы кыскартылды. "Азаттык" мекеменин жаңы жетекчиси менен Кыргызстандагы салык саясаты тууралуу маектешти.

Салык кызматы тараткан маалыматта кайра уюштурууга чейин аталган башкармалык негизинен буга чейин иштин мындай абалына нааразы болуп келген ири бизнеске карата көчмө текшерүүлөрдү жүргүзүп келгени айтылат. Эми Салык кызматынын борбордук аппараты көчмө текшерүүлөрдү жүргүзбөйт.

“Азаттык” бул жана башка маселелерге байланыштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовду кепке тартты.

- Алмамбет мырза, Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратында жазалоочу түзүм жоюлду деп кабарладыңыздар. Бул эмнени түшүндүрөт? Текшерүү азаябы, же кандай? Мындан ары да ишкерлерге бул багыттагы басым улантыла бербейби?

- Борбордук аппараттын текшерүү башкармалыгы буга чейин Кыргызстан боюнча каалаган компанияларды, айрыкча жүгүртүүсү чоң, ири компанияларды текшерип, аларды бир колго топтоп алган экен. Ири дегенде кандай, бай компаниялар деп атайлычы. Аларды Салык кызматынын борбордук аппараты гана текшерип келген экен. Анда да текшерүүнү пландап, каалаган маалда жүргүзүшчү экен.

Биз азыр ошол милдетти борбордук аппараттан алып, децентралдаштыруу жасап жатабыз. Себеби чоң компанияларды бир жерден текшерүү көп күмөн жаратып турган жана бизнес ээлерин нааразы кылып келген. Аны ишкерлердин өзүнөн да сурап келгиле.

Ошондон улам биз бул функцияны жойдук. Борбордук аппарат мындан ары көзөмөл, окутуу, методология, мыйзамды аткартуу, башкача айтканда, салык системасын башкаруу менен гана иш жүргүзүш керек. Ал эми администрлөө жана текшерүү дегенди аймактык башкармалыктар, жергиликтүү салык инспекциялары гана аткарыш керек. Ушул туура. Эл аралык практикада да, салык системасынын классикалык түзүмүндө да ушундай.

Текшерүүлөр улана берет. Болгону, маселе чыкса, Аламүдүн районун Аламүдүн райондук башкармалыгы, Жумгалды Жумгалдын, Ноокатты Ноокаттын салыкчылары текшерет.

Салык кызматынын мурдагы төрагасы Абдуваповдун абак мөөнөтү эки айга узартылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:32 0:00

- Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазга (ЭТТК) байланыштуу мурдараак маселе чыгып, сиз кызматка жаңы киришкенде аны “беш товарга эле калтырып, калганын жоюуну” сунуштадыңыз эле. Ошто ишкерлер менен жолугушууда бул инструмент жумушчу топто “дээрлик чечилип калганын” айттыңыз. Ошондо кандай чечилди? Беш эле товарга калтырасыздарбы же баары бир категорияларды кеңейтип жатасыздарбы?

- Президентибиз бул боюнча жарлыкка кол коюп, жумушчу топ түзүлгөнүн билесиңер. Азыр жумушчу топто жыйынтыктоочу анализдерди жасап жатабыз. Соңунда биз Министрлер кабинетинин төрагасына даяр сунуштарды беребиз, Адылбек Алешовичтин токтомунун негизинде ЭТТК маселесин акциздик товарларга гана – арак, тамеки, мунайзат, дары-дармек жана башка нерселерге калтырабыз. Мындан сырткары импорттук товарларга жана өндүрүшчүлөргө да калат.

Ал эми орто жана кичи бизнес ЭТТКдан бошотулат. Алар мурдагыдай эле кагаз форматтагы отчётторун тапшыра берет. Кааласа электрондук документти деле тапшыра берет. “Бизге компьютер ыңгайлуу” дешсе, электрондук түрдө, “эски, көнгөн адаттан чыга албай жатабыз” дешсе, кагаз түрүндөгү эсеп-фактураны толтура беришет. Башкысы, аларда тандоо болот.

- Негизи үч-төрт жыл мурда башталган салык реформасынын алкагында үч башкы инструмент – көзөмөл-кассалык машина (ККМ), электрондук эсеп-фактура (ЭСФ) жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (ЭТТК) киргизилген. Ошол аракеттердин натыйжасында соңку жылдары жыйналган салыктын көлөмү кескин көбөйгөнү маалымдалган. Эгер ЭТТК көп товарлардан алынып калса, салык кайра азайып кетпейби?

- Азайбайт. Салыктын көтөрүлгөнү ЭТТКнын же ЭСФнын киргизилгенинен эмес, ал катуу тартип орнотулгандыгынан улам. Өлкөдө темирдей тартип орнотулду, мыйзам иштей баштады. Мурдагыдай “кокуй, антип кой, минтип кой” деген нерсе, “көз кысты, бармак басты” деген нерсе жок. Бардыгы келип төлөп жатышат. Мына ошондон улам салык жыйноо көбөйгөн. Ал эми ЭТТК менен ЭСФ ишкерлерди болгону жүдөткөн.

- Президент Садыр Жапаров 8-январдагы билдирүүсүндө өкмөт 2022-жылга чейин төлөнбөй калган салыктык карыздарды кече турганын жарыялаган. Анын баштапкы суммасы 11 млрд сом экени да айтылган. Салыкты кечүү салык төлөө маданиятына кедергисин тийгизбейби?

- Кедергисин тийгизбейт. Анткени 11 млрд сом бул төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок, издөөдө жүргөн же банкрот болгон компаниялардын салыктык карызы эле. Алар иш жүзүндө төлөбөй келишкен, а алардын суммасы жасалма түрдө статистикада жүрө берген. Биз ошол салыктарды кечкени жатабыз. Аларды кечпеген күндө деле төлөбөйт эле.

- Дегеним, күйүүчү майдын литрине 1 сомдон салык киргизилген соң транспорттук салык жоюлбадыбы? Анын шары менен транспорттук салыкты мурда төлөбөй келген адамдардын төлөмү да жоюлуп же кечилип жатат. Ошондо ыктыярдуу түрдө салык төлөөчүлөрдө түшүнбөстүк чыкты. Мисалы, айрымдар “биз мыйзамды сыйлап төлөп келгенбиз, а салыктан качып келгендердин карызы кечилип, калыстык болбой калды” деп жатышат. Аларга кандай деп жооп берет элеңиз?

- Ооба, ошентип айткандар бар. Бирок кандай чечим кабыл алсаң деле сындагандар чыгат. Бул жерде баары бир эки жолдун бирин тандашыбыз керек болду. Же транспорт салыгын да калтырып, элди дагы кыйнай бериш керек, же транспорт салыгын жоюп, калган карыздарды кечиш керек болду.

Албетте, мунун экинчисин тандаганыбызда салыгын толук төлөп келгендер ичи ачышып каларын түшүнгөнбүз. Кээ бирлер “мен төлөп келгем, бирок кошунам төлөбөй койду” деп айтышы мүмкүн. Ошол эле маалда ал кошунасы трактору бузулуп калышы мүмкүн, тетик кылып сатып жиберген же машинеси тооккана болуп калган. Салык болсо жазыла берип, карыз болуп калган. Балким, алар ушундай нерселерге нааразы болуп, салыгын төлөбөй келгендир.

Натыйжада адамдарды жол тескөөчүлөр менен улам токтотуп же салыкчылар менен барып, улам төлө дегенде анын транспорту жок болушу деле мүмкүн. Анан ал “маичиге” пулун берип, кутулуп чыгып, ал кайра коррупция жаратып, айтор, ушундай жагдайлар да бар. Же айланкөчөк, бири-бирине чырмалышкан маселе десек болот. Биз транспорт салыгын кечсек да, аны ошондой ар кандай себептерден улам төлөбөй келгендерди бошоттук.

- Алмамбет мырза, сиз Мамлекеттик салык кызматына жетекчи болуп келген бир айдын ичинде ЭТТКны жоюу сунушун бердиңиз. Эми болсо борбордук аппараттагы башкармалыктан текшерүү укугу алынганы жаңылык болуп жатат. Салык тармагында алдыда дагы кандай өзгөртүүлөрдү киргизесиздер?

- Бул жеңилдик болот деп күтпөш керек. Сиз өзүңүз айткандай, салык төлөө - бул да маданият, аны ар бир адам, ар бир ишкер, ар бир жаран төлөш керек. Бирок жөнөкөйлөтүү болот. Салык төлөөнүн процедуралары оңой-олтоң, кезеги жок, төрт кагаздын ордуна бир кагаз менен кутулгудай болушу шарт. Күнүгө текшерүү болбой, бир айда бир болсо жетет дегендей... Мына ушундай нерселерди ишке ашыруу уланат.

Негизи салыктын төрт принциби болот, аны тээ 300 жыл илгери эле Адам Смит деген экономист-окумуштуу айтып кеткен. Башкача айтканда, классикалык түшүнүк.

Мунун биринчиси – салык адилеттүү болушу керек, эл ыраазы болгудай, же нааразы болбогудай болушу шарт. Экинчиси – салык жөнөкөй, түшүнүктүү болушу керек. Башкача айтканда, татаал болбой, же жок эле нерселерге сала бербеш керек. Үчүнчүсү – салык максаттуу болуш керек, б.а. мамлекеттин чыгашасына, же бюджеттин чыгашасына жараша салык жыйналышы керек. Төртүнчүсү – салыктын чени акылга сыярлык болушу шарт. Байга байча, кедейге кедейче, Алыбек алына жараша төлөгүдөй болушу абзел.

Мына ушул төрт принциптин бирөө бузулса эле эл арасында нааразылык пайда болот. Адилеттүүлүк бузулса, же ЭТТК, ЭСФ деген сыяктуу түшүнүксүз жагдайлар пайда болсо, нааразылык чыгат. Аларды салык төлөөчүлөр эмес, салыкчылар өздөрү түшүнбөй, баары татаалдашып кеткен. Мына ушул нерселерди жөнөкөйлөтүп, төрт принципти калыбына келтиребиз. Азыр ошого умтулуп жатабыз, буюрса жетишүүбүз керек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG