Стамбул аэропортунда кармалган "Маариф" мектебинин мугалими Азамат Нурмат уулу үй камагына бошотулду. Бул тууралуу ал өзү "Азаттыктын" кабарчысына 10-майда кабарлады.
Маалыматка ылайык, Азамат Нурмат уулу эч жакка кетпөө шарты менен эркиндикке коё берилген. Жакын арада анын үстүнөн өтчү жараяндын мөөнөтү белгилүү болору маалымдалды.
Нурмат уулу Түркияда эч кандай мыйзамсыз иш кылбаганын, аны сотто далилдөөгө аракет кыларын кошумчалады.
Быйыл 28-апрелде Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Азамат Нурмат уулу диниятчы Фетхулла Гүлендин “Хизмет” (Түркия “Фетхуллачы террордук уюм” деп жарыялаган) кыймылына байланыштуу кармалганын билдирген.
Азамат Нурмат уулунун жакындары "Азаттыкка" берген маалыматка ылайык, ал 20-апрелде Бишкектеги Zeen education борбору аркылуу Түркиянын Анталия шаарына алты окуучусун математика сабагы боюнча эл аралык олимпиадага алып баратканда аны Стамбул аэропортунан чек ара кызматкерлери кармап калган.
Ал Стамбул шаарындагы “Малтепе” абагында кармалып турду.
Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги Zeen Education компаниясы менен 20-апрелде Кыргызстандан 36 окуучу, 4 ата-эне жана 3 мугалимден турган делегация олимпиаданын уюштуруучуларынын чакыруусу менен Анталияга барганын кабарлаган. Окуучулар жана башка мугалимдер 25-апрелде Кыргызстанга кайтып келген.
32 жаштагы Азамат Нурмат уулу азыркы “Маариф”, мурдагы “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинде соңку сегиз жылдан бери эмгектенип келаткан. Ушул тапта “Маарифтин” Ысык-Көлдөгү Кусеин Карасаев балдар лицейинин математика мугалими болуп иштеп жаткан. Өзү да “Сапатка” караштуу Кызыл-Кыядагы Исхак Раззаков атындагы лицейди 2010-жылы аяктаган. Түркиянын Газиантеп университетинин математика факультетин аяктаган.
2016-жылы 15-июлда Түркияда мамлекеттик төңкөрүш аракети жасалып, буга байланыштуу үч жүздөн ашык адам набыт болгон. Түрк өкмөтү бул төңкөрүш аракети үчүн Фетхулла Гүленди күнөөлөп, Вашингтондон аны өткөрүп берүүнү талап кылган жана анын кыймылын ФЕТО (“Фетхуллахчы террордук уюм”) деп жарыялаган. Гүлен өзү жана анын тарапкерлери дооматтарды четке кагып, төңкөрүш аракетин бийлик өзү атайылап уюштурган деп жооп кайтарган. Гүлен 2024-жылдын октябрь айында 83 жашында АКШда каза болгон.
2024-жылы 31-декабрда Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемеси Түркиянын “Маариф” фондуна өткөнү белгилүү болгон. “Сапат” 1-январда лицейлеринин Түркиянын “Маариф” фондуна өткөрүлүшүндө мыйзам бузуу болгонун жана “өз укугун мыйзам негизинде, эл аралык укук талаптарына ылайык коргоо боюнча аракет көрөрүн” билдирген.
Түркиянын Билим берүү министрлигине караштуу “Маариф” фонду (Türkiye Maarif Vakfı) 2016-жылы түзүлгөн. Уюм 2021-жылы Бишкекте фонддун биринчи мектебин ачкан.
Түрк бийлиги 2016-жылы Гүленге таандык деп эсептелген билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген соң эки өлкөнүн мамилеси сууй түшкөн.
2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан “Себат” билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен “Сапат” болуп өзгөргөн. Анын жетекчиси Орхан Инанды 2021-жылы Кыргызстандан уурдалып, Түркияда соттолгон. (BTo)
Шерине