Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:12

Экономика

Sorry! No content for 18 Январь. See content from before

жума 17 Январь 2025

“Газпром нефть Азия” ишканасынын кеңсеси.
“Газпром нефть Азия” ишканасынын кеңсеси.

АКШ Бишкекте катталган “Газпром нефть Азия” жана “Мунай-Мырза” компанияларына санкция салды. Алар Орусиянын “Газпром” компаниясынын Кыргызстандагы туунду ишканалары. Мунай рыногу жалгыз Орусияга байланган Кыргызстандын экономикасына таасир кандай болот?

АКШнын Каржы министрлигинин чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын жаңы санкциялары “Газпромнефть” жана “Сургутнефтегаз” компанияларына, 180ден ашуун мунай ташыган кемеге жана ондогон мунай ишканасына, камсыздоо компанияларына жана энергетика жаатындагы орус аткаминерлерине багытталган. Расмий жарыяланган маалыматта бул чаралар орус мунайын сатуунун тобокелдигин бир кыйла күчөтөрү жазылган. Вашингтондун санкциялык чечимине Улуу Британия да кошулган.

“Кошмо Штаттар Орусиянын Украинага каршы катаал жана мыйзамсыз согушун каржылаганы үчүн анын маанилүү киреше булактарына каршы чечкиндүү аракеттерди көрүп жатат. Бул аракеттер согуш башталгандан берки Кремлдин энергетикалык кирешелерин талкалоого алган багытыбызды өнүктүрөт жана күчөтөт. Бүгүнкү иштерибиз менен биз орус мунайын сатууга, анын ичинен деңиздеги ташууларга жана орус мунайынын экспортун каржылык колдоого байланыштуу санкциялык тобокелдиктерди күчөтөбүз”, - деп билдирди АКШнын каржы министри Жанет Йеллен.

АКШ бийлиги Орусияга киреше алып келип жаткан үчүнчү өлкөлөрдөгү мунай компанияларын да бөгөттөөгө киришкенин билдирген. Санкциянын талаптарына ылайык, “кара тизмеге” кирген компаниялардын чет элдик банктардагы корреспонденттик эсептерине, эл аралык рыноктогу соода алакасына жана дагы көптөгөн иш-аракеттерине бөгөт коюлат.

Санкцияга илинген үчүнчү өлкөлөрдөгү мунай ишканаларынын ичинде Кыргызстандагы “Газпромнефть Азия” жоопкерчилиги чектелген коому менен “Мунай-Мырза” жабык акционердик коому да бар. Эки компания тең Орусиядагы “Газпром” ачык акционердик коомуна таандык, Бишкекте бир даректе жайгашкан.

“Мунай-Мырза” компаниясынын директору Айнура Абдукаримова аларга киргизилген санкциялык чараларга байланыштуу расмий комментарийди маалымат кызматы гана бере аларын, бирок ал да Орусиядагы башкы кеңсе менен макулдашкандан кийин берилерин билдирди. Учурда жаралган маселени кыргыз бийлиги менен талкуулап жатышканын кошумчалады:

“Комментарий беребиз, бирок маалымат кызматы расмий берет го. Мен мындай бере албайм. Бизде андай маалыматты пресс-кызмат гана бере алат. Азыр пресс-кызмат пресс-релиз даярдап жатат, ошону берет. Бизде дагы “энелик” компания бар да. Питердик кеңсе жумушка эми гана чыгып жатат. Алар менен консультация кылып, көргөзүп, макулдашуу менен болот. Азыр мен кеңседе эмесмин. Бүгүн дагы жолугушуулар көп ушул суроо боюнча. Азыр Улуттук банк, Администрация чакырып жатышат, алар менен дагы жүрөбүз”.

Кыргыз бийлиги салынган санкциялар жана мунай рыногун тобокелдиктерден коргоо тууралуу кандайдыр бир билдирүүлөр менен чыга элек.

“Газпромдун” Кыргызстанда кулачы кенен

Орусиядагы “Газпром” компаниясынын сайтындагы маалыматка таянсак, Кыргызстанда ага аффилирленген бир нече ишкана бар. “Газпром Кыргызстан” өлкө аймагында газ жеткирүү, бөлүштүрүү, сатуу жана газ тутумун кеңейтүү менен алектенет. “Газпромнефть Азия” ишканасы мотор майларын дүң жана чекене сатат. Ал эми “Аэро Кыргызстан” авиаотун жеткирүүгө адистешкен.

“Газпромнефть Азия” компаниясын башынан эле мурунку финансы министри Болот Абилдаев жетектейт. Муну менен катар “Газпромнефть Азияга” аталышы окшош 2021-жылы түзүлгөн “Газпромнефть Азия Операциялык компания” деп аталган ишкана дагы бар. Учурда алардын Кыргызстан боюнча 40тай мунай бекети иштейт.

“Мунай-Мырза” жабык акционердик коому да “Газпром” холдингине караштуу компаниялардан. Аны башында 1998-жылы ишкер жана саясатчы, мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов түзгөн. Кийин орусиялык олигарх Муса Бажаевдин “Альянс” мунай компаниясына саткан. 2006-жылы ишкана дагы сатылып, “Газпромнефть” компаниясынын колуна өткөн.

“Мунай-Мырза” 2002-жылы “Альянс-Ойл Азия” туунду компаниясын түзгөн. Ал дагы азыр “Газпромго” аффилирленген ишкана.

Бул компаниялардын баары тең Бишкектеги бир эле даректе – 8-кичи райондогу №28а үйүндө жайгашкан. Алардын ичинен эң эле күрүлдөп, кирешелүү иштегени “Газпромнефть Азия Операциялык компания”.

Экономист Жолдош Асибалиев салынган санкцияларга карабай аталган компаниялар орус мунайын Кыргызстанга тоскоолдуксуз алып келе берерин айтат:

“Орусия Кыргызстанда сатылган мунай продуктусунун негизги булагы болуп кала берет. Баа көтөрүлүшү мүмкүн. Бул Орусиянын өзүндөгү кымбаттоого байланыштуу болот. А Орусиядан Кыргызстанга келген мунайдын агымын токтотуу такыр мүмкүн эмес. Санкциялар кирген күндө да агым улана берет. Сөз Орусиядан бүт дүйнөгө кеткен ири агымды токтотуу же кыйындатуу жөнүндө жүрүүдө. Кыргызстан Орусиянын мунай продуктусунун ири керектөөчүсү эмес. Бул компаниялар Батыштагы же АКШдагы компаниялардан кандайдыр бир жабдыктарды сатып алышына экономикалык санкциялар колдонулушу мүмкүн. Андыктан Кыргызстанга таасири көп деле сезилерлик болбойт”.

Эксперттин сөзүнө маани берсек, АКШнын бул жолку кыргыз компанияларына салган санкциялары мунай рыногуна көп кесепет алып келбейт. Бир жагынан мындай пикирдин жөнү бардай.

Мамлекеттик казынага төккөн төлөмдөрүнө байкоо салсак, “Газпром нефть Азия” ЖЧКсы Кыргызстандагы май куюучу бекеттердин жерлерине ээлик кылат. Ал бекеттерди күйүүчү май менен камсыздоо жана аларды сатуу менен “Газпромнефть Азия Операциялык компания” деген аты уйкаш башка компания алектенет.

“Ачык бюджет” порталындагы маалыматтарга таянсак, “Газпром нефть Азия” 2024-жылы 211 млн сом салык жана башка төлөмдөрдү төккөн болсо, анын ичинен негизинен мунай бекеттеринин жеринин ижара акысы менен жер, мүлк салыктарын эле төлөп келген.

Ал эми “Газпромнефть Азия Операциялык компания” ишканасы 2024-жылы төккөн 1 пайыздык сатуу салыгы 300 млн сомго жеткен. Бул суммадан улам компаниянын бир жылда болжол менен 30 млрд сомдук күйүүчү май сатканын үстүртөн эсептесе болот.

“Мунай-Мырза” жабык акционердик коому менен анын туунду ишканасы болгон “Альянс-Ойл-Азия” жоопкерчилиги чектелген коому дагы мунай продуктусун импорттоо же чекене сатуу менен алектенген эмес. Төккөн төлөмдөрүнүн негизги бөлүгү жер жана мүлк салыгы менен ижара акысынан турат.

Мындан улам “Газпром нефть Азия” менен “Мунай-Мырза” компаниялары мунайды Орусиядан өздөрү түз импорттобогондуктан жана аны Кыргызстанда чекене сатуу менен алектенбегендиктен АКШнын аларга салган санкциялык чаралары кандайдыр бир натыйжа алып келери күмөн. Негизги импортчу жана чекене сатуучу “Газпромнефть Азия Операциялык компания” менен “Газпром Кыргызстан, “Аэро Кыргызстан” ишканалары “кара тизмеге” илинбей, ишмердигин эч тоскоолдуксуз, мурунку тейде уланта берет.

Орусиянын мунай булагынан көз каранды Кыргызстанга кооптуу таасири кандай ?

Америка Кошмо Штаттары менен Евробиримдиктин өлкөлөрү 2022-жылдан бери Кыргызстандагы он чакты компанияга санкция салган. Алар көбүнчө өнүккөн өлкөлөрдөн жарандык да, аскердик да багытта иштетилген кош маанидеги товарларды Орусияга өткөрүп турган ишканалар болчу. Салынган санкциялардан ал компаниялардын ээлери гана зыян тартпаса, калың элге таасири болгон эмес.

Бул жолу мунай рыногунун 90% Орусияга байланыштуу болгон жана санкцияга илинген “Газпром” өңдүү ири холдингден көз карандылыгы күч Кыргызстандын жалпы экономикасында олку-солку абалды жаратпайбы деген кооптонуу айтылып жатат.

Экономикалык серепчи Марат Мүсүралиев Орусия 2022-жылдан бери тегерек-чети менен өз алдынча акча которуу системасын жана логистикалык жолдорун түзүп алууга жетишкендиктен азыркы отун-энергетика тармагына салынган санкциялар Борбор Азия менен соода алакасына кыска мөөнөттө түздөн-түз кесепети тийбейт деп ойлойт. Бирок келечекте мунун таасири Кыргызстан үчүн баары бир катуу тиери анык болгондуктан, Бишкек мунай рыногунда альтернативдүү чечимдерди иштеп чыгышы зарыл экенин айтат:

“Европа 2009-жылдан баштап катарынан 3 энергопакет кабыл алды. Биринчиден, газды, мунайды, башка күйүүчү майды импорттогондо бир мамлекетке эмес, минимум 3-4 мамлекетке бөлгүлө деп талап кылды. Экинчиден, диверсификацияны жеткирүүчү компанияларга эле эмес, мамлекеттерге да жасады. Үчүнчүдөн, жеткирүүчүлөргө Европанын ичинде магистралдык жана тармактык компанияны сатып алганга тыюу салды. Мисалы, “Газпром” газды Германияга жеткирип келсе, ал жерде өзү сата албагандай болгон. Ал эмне кылышы керек эле? “Газпром” Германияда импорттолгон газды кабыл алган жана бөлүштүргөн өз-өзүнчө ишканаларды түзүшү керек болгон. Ошондуктан бизде да мыйзам деңгээлинде ушундай 3 энергопакетти кабыл алыш керек. Эгерде ушундай үч энергопакетти кабыл алсак, анда биз дагы тобокелдиктерибизди чачырата алат элек. Азыр болсо кеминде акыркы 7 жылдан бери “Газпром” жалгыз монополдук, эксклюзивдик жеткирүүчү болуп келет. Андай болбошу керек. Эң кеминде үч жеткирүүчү болушу керек”.

Кыргызстандын мунай затына болгон бир жылдык керектөөсү 1,4 млн тоннага жакын. Өз аймагында күйүүчү май жана газ өндүрүшү дээрлик жокко эсе болгондуктан бул жаатта Орусиядан толук көз каранды. Анын 90% ашууну Орусиядагы мунай заводдорунан импорттолот.

Улуттук статистика комитетинин эсеби боюнча, Кыргызстанга 2024-жылы январь-октябрь айларында импорттолгон 552 миң тонна бензиндин 99%, 832 миң тонна дизель отуну менен авиакеросиндин 76%, ал эми 99 миң тонна суюлтулган газдын 91% Орусиядан келген.

Монополияны жөнгө салуу агенттигинин сайтындагы маалыматка карасак, Кыргызстандын күйүүчү май рыногунда “Газпромнефть Азия” (“Газпромнефть” мунай бекеттери), “Альфа Ойл” (“Ред Петролеум” мунай бекеттери), “Партнер Нефть” (“Партнер Нефть” мунай бекеттери), “Шнос” (“Бишкек Петролеум” мунай бекеттери) жана “РН Кыргызнефтепродукт” (“Роснефть” мунай бекеттери) компаниялары үстөмдүк кылат. Бул бешөө биригип Кыргызстандын күйүүчү майга керектөсүнүн 90% ашуунун камсыздайт.

Булардын арасында АКШ санкция салган “Газпром нефть Азия” ЖЧКсы менен “Мунай-Мырза” ЖАКы жок, алар 20дан ашуун мунай компанияларынын узун тизмесиндеги ортозаар ишканалардан болуп калат.

Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанга күйүүчү май негизинен Орусиянын Омск, Орск, Ангарск аймактарынан жана Башкырстандын мунайды кайра иштетүүчү заводдорунан келет.

Мунай импортунда жалгыз булак болгондуктан Орусиянын заводдорунда дүң баа өзгөрсө, Кыргызстанда да өзгөрөт, экспортко чектөө киргизилсе, кыргыз рыногунда сөзсүз эл чарбасынын бардык тармактарына туташ тараган каатчылык башталат.

АКШнын Каржы министрлигинин Чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы (OFAC) Кыргызстандагы "Керемет Банкка" санкция салды.
АКШнын Каржы министрлигинин Чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы (OFAC) Кыргызстандагы "Керемет Банкка" санкция салды.

АКШ “Керемет Банкка” санкция салганы белгилүү болду. Кошмо Штаттар Кыргызстанда колдон-колго өткөн бул банк эл аралык санкцияларды кыйгап өтүп кара тизмеге кирген орусиялык банк менен кызматташканын билдирүүдө. Бул санкция “Керемет Банкка” жана жергиликтүү банк системасына кандай таасир кылат?

Америка Кошмо Штаттарынын Финансы министрлигинин алдындагы Чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын (OFAC-ОФАК) 15-январда чыгарган санкциялык тизмесине Кыргызстандагы “Керемет Банк” жабык акционердик коому да кирген.

АКШнын Финансы министринин орун басары Уолли Адейемо бул санкциялык чаралар Орусиянын куралданууга керектеген киреше булактарын чектээрин билдирген:

“Бүгүнкү иш-аракеттер Кремлдин биздин санкцияларды кыйгап өтүү жана Украинада согуш жүргүзүү үчүн курал жасоого зарыл болгон товарларды алуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат. Бүгүнкү милдеттүү кыйыр санкцияларды кеңейтүү Орусиянын кирешелерге жана товарларга жетүү мүмкүнчүлүгүн чектейт”.

Чечимдин негиздемесинде Кыргызстандагы “Керемет Банктын” кызмат адамдары санкциядан кыйгап өтүүчү схемаларды аткаруу үчүн бери дегенде 2024-жылдын жай айларынан бери өз иш-аракеттерин Орусиянын расмий адамдары жана АКШнын санкциясындагы “Промсвязьбанк” менен уюшкандыкта алып барышканы, “Промсвязьбанктын” эл аралык акча которууларына кол кабыш кылганы жазылган.

Муну менен катар, санкцияларды кыйгап өтүү схемаларындагы "Керемет Банктын" ролу боюнча талкууга АКШнын издөөсүндө жүргөн орус-молдован олигархы Илан Миронович Шор дагы катышканы белгиленген.

“Керемет Банк” 16-январь күнү өзүнө салынган санкцияга байланыштуу расмий билдирүүсүн жарыялады. Банктын атын атагысы келбеген өкүлү АКШнын Финансы министрлигине даттануу менен кайрылышканын билдирди:

“Банк АКШнын Каржы министрлигинин Чет элдик активдерди көзөмөлдөө боюнча кеңсесине (OFAC) “биздин банк тарабынан мыйзам бузууларга жол берилген” деген билдирүүсүнө даттануу иретинде кайрылат. "Керемет Банк" ачык-айкындык, ишенимдүүлүк жана жоопкерчилик принциптерине берилгендик менен кардарлардын жана өнөктөштөрдүн алдындагы өз милдеттерин аткарып, кадимки тартипте ишин улантууда. Жогорудагы окуялар банктын ишине таасирин тийгизбейт жана банк аманатчылардын алдындагы өз милдеттенмелерин толук аткарууну улантат. Бардык бөлүмдөр график боюнча иштеп, операциялык иш-чаралар толук көлөмдө жүргүзүлүүдө. Биз диалогго ачыкпыз жана жөнгө салуучу органдар, анын ичинен эл аралык аудиторлор менен кызматташууга даярбыз”.

“Керемет Банк” кыргыз өкмөтүнө да тийиштүү

Ошентип, Украинадагы согуш башталганы санкцияларды кыйгап өтүүгө аралашып, орус компаниялары менен кызматташты деген жүйө менен мурда-кийин аты чыкпаган компаниялар "кара тизмеге" туш болсо, бул жолу бир кезде мамлекет ээлик кылган ири банк мындай чектөөгө дуушар болду.

“Керемет Банк” жабык акционердик коомунун 97,45% акциясы 2024-жылдын март айына чейин Кыргызстандын Улуттук банкынын колунда болгон. Кыргыз фондулук биржасынын таркаткан маалыматы боюнча, марттын соңунда акциялардын ал пакети Финансы министрлигинин ээлигине өткөн.

25-декабрда банктын 75% акциясы люксембургдук Altair Holding A.S. компаниясына сатылганы кабарланган. Калган 22,45% акциясы министрликтин колунда калган. Ал учурга карай банктын уставдык капиталы 8,7 млрд сом болгон (8 698 746 400 сом).

“Керемет Банкка” 2024-жылдын соңуна чейин дээрлик толук (97,45%) ээлик кылган, учурда 22,45% акциясын кармап турган Кыргызстандын Финансы министрлиги азырынча ага салынган санкциялар тууралуу кандайдыр бир комментарий бере элек. Күтүлгөн суроолорго жооп кайтарууга мүмкүнчүлүк таппай, мекеме тымтырстык менен алек.

Улуттук банк дароо билдирүү жарыялап, бүгүнкү күндө банк тармагындагы жагдай туруктуу деп ишендирди.

“Коммерциялык банктар штаттык режимде иштеп жатышат жана кардарларга үзгүлтүксүз негизде банктык кызматтарды көрсөтүүдө. Ички валюта рыногундагы жагдай туруктуу. Кыргыз Республикасынын банк системасына санкциялардын терс таасирлерин азайтуу жана өлкөнүн финансы системасынын туруктуулугун камсыз кылуу максатында Улуттук банк тиешелүү иштерди жүргүзүп жатат. Зарыл болгон учурда Улуттук банк банк системасынын туруктуулугун сактоо жана кредиторлор менен аманатчылардын кызыкчылыгын коргоо үчүн кошумча чараларды көрөт, ошондой эле кошумча инструменттерди колдонууга даяр”, - деп жазылган Улуттук банктын билдирүүсүндө.

“Кыргыз банктарына катуу коңгуроо кагылды”

Орусиянын өкмөтү 2018-жылы “Промсвязьбанкты” улутташтырып, аскердик өндүрүшүн каржылоо жана ири аскердик келишимдерин тейлөөгө адистештирген. Мамлекеттик коргонуу банкына айлангандан тарта ал уюм Орусиянын аскердик-өндүрүштүк тармактагы компанияларына миллиарддаган долларлык каржылык колдоолорду берген.

АКШ өкмөтүнүн жарыялаган маалыматында, 2024-жылдын соңунда Кыргызстандын Финансы министрлиги “Керемет Банктагы” акцияларынын көзөмөл пакетин Кремль менен байланыштагы орус олигархынын фирмасына сатканы белгиленет. Аны сатып алуу менен Орусиянын санкциялардан кыйгап өтүшү үчүн импорттук жана экспорттук төлөмдөрдү жүргүзүүчү борбор түзүүнү көздөшкөн.

Банк иштери боюнча серепчи Бактыбек Шамкеев “Керемет Банктын” окуясы Кыргызстандын банк чөйрөсүнө олуттуу коңгуроо болуп, башкалар да өз операцияларын өтө кылдат жүргүзүүгө мажбур болорун айтат:

“Орусияга каршы санкциялар киргизилип жатса жана биздин банктар дагы эле ошол банктар менен иштеп жатса, анда сөзсүз ошонун негизинде бизге таасири болот. Мына, “Керемет Банкты” деле айтып кеттик го. Алар болсо Орусиянын “Промсвязьбанкы” менен иштеп, азыр мына Америка Кошмо Штаттары ага тыюу салып жатат. Бул банк эми “кара тизмеге” кирип, азыр алардын операциялары бүт баары токтоп атат. Эми биздин башка банктар дагы ошол сыяктуу иш-чараларга кабылбашы үчүн, өзүнүн саясатын аябай катуу көзөмөлгө алып, операцияларын көзөмөлдөп атат. Ушундай операциялар өтпөшү үчүн иштеген атайын кызматтар бар. Ошол кызматтар эл аралык институттар менен байланышта иштешет. “Терроризмге каршы каражатты адалдоо” деген бар, ошол сыяктуу эл аралык мекемелер менен иштешип атат”.

Айткандай эле, АКШнын санкциясынан кийин Кыргызстандагы банктардын ишмердигинде өзгөрүүлөр жүрө баштады. Алгачкылардан болуп "Бакай Банк" кардарларына кабар таркатып, "Керемет Банк" менен операцияларды убактылуу токтотуп жатканын билдирди.

Буга чейин да айрым кыргыз банктарынын Орусиянын кызыкчылыгына иштеп жаткандыгы тууралуу маалыматтар айтылып келген. Санкциялык тобокелдиктерди азайтуу үчүн 2023-2024-жылдары бир катар банктар орусиялык "Мир" картасын тейлөөдөн баш тартышкан. Былтыр сентябрда Түштүк Кореялык Kookmin Bank кыргыз банктарынын корреспонденттик эсептерин тейлөөнү токтоткон.

“Керемет Банкты” сатып алган люксембургдук компания орус олигархтарына караштуубу?

“Керемет Банк” 2010-жылга чейин “АзияУниверсалБанк” болуп турган. Ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин кичүү уулу Максимге караштуу болгондуктан, айландырган акчасы боюнча кыргыз банктарынын сап башына чыккан. Бюджеттик кызматкерлердин маяналарынан тарта Соцфонд сыяктуу мекемелер менен кирешелүү мамлекеттик компаниялардын ири каражаттары ал банктын казынасы аркылуу өтүп калган. 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин банк “Залкар Банк”, 2013-жылы “Росинбанк” болуп өзгөрүп, 2019-жылы “Керемет Банк” болуп аталган.

2018-жылдан тарта Улуттук банктын ээлигине өтүп, мамлекеттин үлүшү 97,45% болуп калган. “Керемет Банкты” атайылап кудуретсиз абалга жеткирген, бюджеттик каражатты максатсыз иштетишкен деген айып менен Улуттук банктын жана “Керемет Банктын” бир катар мурунку жетекчилери камакка алынышкан. 2024-жылдын мартында Финансы министрлигинин, андан 8-9 айдан кийин 75% үлүшү люксембургдук компаниянын колуна өткөн.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев “Керемет Банкты” сатып алды делген люксембургдук компаниянын орус олигархтарына катышы бар экенин белгиледи:

“Депутаттарга көп адамдар жазат. Мага ар кандай маалыматтар түшкөн. Бул жерде келишимдер жабык режимде болгон. Сатып алгандар тууралуу “булар, булар” деген конкреттүү маалыматтар түшкөн. Люксембургдук компаниянын орус олигархтары менен байланышы бар, менимче. Фамилиясын айтпай эле коёюн, туура эмес болот го. Тилекке каршы, мен азыр көп маалыматты айта албайм. Себеби ачык эле айтсам, биздин өкмөтүбүздүн аброюна өтө чоң тобокелдиктер бар. Ошон үчүн мамлекетибиз үчүн туура эмес болуп калат. “Керемет Банк” өзү кир жуугуч машинкадай болуп калды. Тээ “АзияУниверсаБанктан” баштап, дагы эле ошондон кетпей жатат”.

“Керемет Банк” азыркы учурда Кыргызстандагы санкцияга кабылган жалгыз банк болууда. Ал эми соңку бир жуманын ичинде АКШ санкция салган үчүнчү кыргыз компаниясы болуп турат. Буга чейин, 10-январда “Газпром нефть Азия” жана “Муна-Мырза” компаниялары санкциялык тизмеге киргизилген. Мунай керектөөсү 90% Орусияга көз каранды болгон Кыргызстандын экономикасына бул санкциялардын тийгизер таасири жергиликтүү коомдо кызуу талкуу жараткан.

Жалпысынан 2022-жылы Орусия Украинага кол салгандан бери 10дон ашуун кыргызстандык компания АКШнын жана Европа өлкөлөрүнүн санкцияларына кабылышкан. Алардын баары тең Орусиянын аскердик-коргонуу комплекси муктаж болгон кош маанилүү товарларды өнүккөн өлкөлөрдөн алып келип, ал жакка жөнөтүп турганы үчүн “кара тизмеге” киргизилген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG