
Кыргызстанда соңку апталарда "элге адал деп таанылган “Тойбосс” колбасаларынан чочконун ДНКсы чыгыптыр" деген маалымат талкууга туштү. Бул анын айланасындагы ушундай чуунун 2023-жылдан бери экинчи жолу кайталанышы. Компания муну четке какты.
Адал азык рыногундагы мындай окуялардын кайталанышына эмне себеп?
“Адал Азык” компаниясы анын “Тойбосс” колбасалары ондогон көз карандысыз лабораториялык текшерүүдөн өткөнүн, баарында тең “тыюу салынган кошулмалар табылбаганын”, “чочконун ДНКсы жоктугун” жана “курамы толугу менен адал стандарттарына туура келерин” билдирди. Жарыяланган документтерге караганда, текшерүүлөр Казакстандагы аккредитациядан өткөн “Еркин талгам” сыноо лабораториясында жүргүзүлгөн.
“Тойбосс” колбасаларынан чочконун ДНКсы аныкталды деген чуу март-апрель айларында башталган. Эркин журналист Эламан Карымшаковдун ушул темага арналган программасына катышып жатып, Бишкек шаардык ветеринардык кызматынын кызматкери Марипбай Абдиманап уулу март айында компаниянын үч түрдөгү колбасасын лабораториядан текшергенде анын экөөсүнөн оң жыйынтык чыкканын билдирген.
Текшерүү “Ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору” деп аталган мамлекеттик ишканада жүргүзүлгөн.
“Тойбосс” соода маркасынын ээси “Адал Азык” компаниясынын жетекчиси Мырзабек Орумбаев эл арасына жайылып кеткен дооматтарды четке кагып, колбасаларга чочконун этин кошпой турганын жана продукциялар адал стандарттарына төп келерин билдирген.
Ал Кыргызстандагы лабораториялардын адал азыктарды өзүнчө сынай турган шарттары жок болгондуктан, аларда мурда-кийин текшерилген продукциялардын ДНКлары бири-бирине аралашып кетүү ыктымалдыгы жогору экенин айткан.
“Биз 100% кошпойбуз, кошкон да эмеспи, кошпойбуз дагы. Ал кандай болуп чыгып калды десеңиз, мен чынын айтсам – билбейм. Эң башкы божомол – бул контаминация маселеси болушу мүмкүн. Эмне үчүн биз өзүбүзгө 100% ишенимдүүбүз? Биз Кыргызстан койгон талаптардан алдыга кеткенбиз. Бүгүнкү күндө Европада эң алдыңкы талап FSSC 20000 V6 версиясы болсо, ошону февралда киргизип, ошону менен иштеп атабыз. Эң акыркы стандарттарга өтүп кеткенибиз менен, Кыргызстанда юридикалык боштук жаралып атат. Кыргызстанда “чыкса кантип чыгат же болбосо канча чыгышы керек” деген бир дагы талап жок. Бул Бажы биримдигинин техникалык регламентинде да жок. Бирок, ошол эле кезде өнүккөн мамлекеттер муну чечип коюшкан. Ошол эле араб мамлекеттери, Малайзия, Түркия, Европада мунун баары деталдаштырып жазылган. Анан, көбүнчөсү контаминация маселеси келип чыгат. Контаминация маселеси деген бизден көз каранды эмес. Мисалы, көйгөй мындай болуп атат. Алуу (отбор) деп коёт, адал боюнча сынамык алуунун методологиясы жок. Башкача айтканда, Кыргызстанда иштеп чыгуулар (разработкасы) жок, биз эми эле өнүгүп келатабыз. Экинчиден, ошончо болсо, лабораториянын өзү дагы, сынамык алуу дагы адал сертификатка шайкеш келиши керек. Андан сырткары, лаборатория өзү дагы бөлөк болушу керек”.
- Контаминация - кайсы бир продуктыга жат элемент кошулуп кетип, анын айынан продуктынын маңызы менен курамы өзгөрүп кетиши.
- FSSC же болбосо Food Safety System Certification стандарты – азык-түлүк коопсуздугун сертификациялоо системасы. Бул система тамак-аш продуктыларын өндүрүүнүн жана ага катышкан көмөкчү процесстердин толук циклин камтыйт.
"Адал азык базарын системага салыш керек"
“Тойбосс” колбасаларынан чочконун ДНКсы чыкканы тууралуу кабар 2023-жылы да чыгып, чууга айланган. Анда Орусиянын Россельхознадзор мекемеси “Тойбосстун” азыктарын кайсы бир мөөнөткө өзгөчө көзөмөлгө алган.
Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы “Адал индустрияны өнүктүрүү борборунун” директору Алмаз Кайырбеков Кыргызстанда адал азыктардын сапаты боюнча суроолор утур-утур эле жаралып тургандыктан, өкмөт тарабынан ал маселени иретке келтирүү иштери жүрүп жатканын билдирди. Ал адал азык рыногунун коопсуздугуна жетишүү үчүн керектөөчүлөргө маалыматты ачык жана жеткиликтүү кылыш керектигин айтат.
“Биздин Экономика министрлигинин системасында мыйзам чыккан. Биз мамлекеттин саясатында бардыгы тең QR-код системадан өтүшү керек деп айтып атабыз. Ушундай суроолор болбошу үчүн реестрге турушу керек. Азыр ошол багытта тесттик режим болуп атат. Ким сертификат берсе, ар бири реестрге турушу керек. Реестрге тургандан кийин ошол жакта бүт суроолорго маалымат болушу керек. Кайсы орган берди, кайсы негизде берди, кайсы мал союучу жайда союлганы, ташылышы – бүт ушул маалыматтарды QR-код менен берсин деп атабыз. Ошондо бүт маалыматтар жаранга телефон аркылуу билинет. Андан тышкары, сертификат берген органдарга (жеке компанияларбы же мамлекеттик органдар болобу) да мыйзамда “аккредитациядан өткүлө” деп жаздык. Берип аткан органдар дагы эмненин талабынын негизинде берип атышат, аккредитациядан кимден өткөн, ошол талаптарга жооп береби? Аккредитацияда “кайсы мал союучу жай менен сүйлөшүп атасыңар, кандай лаборатория менен иштеп атасыңар” деген суроолор болот. Бир сөз менен айтканда, электен өтүшөт”.
Өнүгүп келаткан компанияны каралообу?
Соңку жылдары Кыргызстандагы айрым ири ишканалардын жабылары же коңшу Казакстанга, Өзбекстанга жана Орусияга чыгып кетип жаткандыгы тууралуу кептер кез-кези менен жайылып келет. Укук коргоо органдары менен Салык кызматынын тыкыр текшерүүлөрү, катаал мыйзамдык чаралары жана ишкерлерге карата камоо, “кустуруу” сыяктуу ар кандай түрдөгү басымдар мындай кептерге жем таштап турат.
Агроөнөржай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Рустам Балтабаев соңку жылдары бир катар атамекендик компаниялардын ишмердиги кеңейген сайын ар кандай көйгөйлөргө туш болуп жатышканын айтат. Алдыга озуп бараткан кыргыз компанияларына карата кандайдыр бир жасалма каралоо болушу ыктымалдыгын да четке какпай турганын белгилейт.
“Тойбосско” окшогон компанияларыбыз бүгүнкү күндө Казакстан, Орусия, Кыргызстан, Өзбекстан сыяктуу чоң-чоң базарларга чыгып баштаган. Мисалы, 2023-2024-жылдары компаниянын өндүргөн продукциясынын көлөмү 3-4 эсеге көбөйгөн. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда кошумча нарк менен чыккан адал продукциялар күндөн-күнгө көбөйүп баратат. Ошондуктан чет элдик рынокторго кирүү учурунда же Кыргызстанда дагы жасалма каралоо боюнча соода оюндары жана караниет иш-аракеттер болуп жатат. Мындай ыктымалдыкты да биз жокко чыгарбайбыз, бул нерсе бар. Анткени, эл аралык тажрыйбадан карап көрө турган болсок, көп компаниялар мындай нерсеге дуушар болушкан. Мына “Куликовду” карасаңыз, акыркы күндөрү буларга дагы маалыматтык чабуул болуп жатат. “Жабылат экен” деген сыяктуу. “Тойбосс”, “Куликов” – булар биздин өндүрүштүн алдыңкылары. Булардын иш-аракеттери, бюджетке салым кошкону, жумуш орундары менен камсыз кылганы”.
Кыргыз бийлиги өлкөдө бизнес менен инвестиция үчүн эң ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн жар салып келет. Жакында кыргыз өкмөтү Ысык-Көлдө атайын инвестициялык аймагын түзүүнү сунуштап, парламент комитеттери бул демилгени колдоду.
Бул аймакта инвесторлор салыктан бошотулуп, ишкерликтин 16 түрүн ачууга уруксат берилген. Мисалы, ар кандай банк, кредиттик уюмдарды ачып, же болбосо кумарканаларды иштетсе болот.
Экономика министрлигинин маалыматына ынансак, аймактын резиденттери үчүн салыктык преференциялар сунушталат. Бардык салыктардан 49 жылга бошотулат. Чет элдик адистерди тартуу үчүн жөнөкөйлөштүрүлгөн тартип кирет. Валюталык операцияларды эркин жүргүзө алышат.