АКШ президенти Дональд Трамп бул өлкөдө мыйзамсыз жүргөн мигранттардын ыктыярдуу түрдө чыгып кетишине шарт түзүүчү атайын программа иштей баштаганын жарыялады. 10-майда ал өзүнүн Truth Social социалдык түйүнүнө видео кайрылуу жарыялап, тийиштүү жарлыкка кол койгонун, мыйзамсыз мигранттардын АКШдан кетүүсү болушунча жеңилдей турганын айтты.
Мыйзамсыз мигрант АКШда кала бергиси келсе ал жазага тартыларын, андай кишилер бийликтин каалаган убагында жана каалаган ыкмасы менен депортация болорун билдирген Трамп өз каалоосу менен чыгып кетүүгө макул болгондорго шарт болушунча жеңилдетилип жатканын кошумчалады:
"Ар бир мыйзамсыз мигрант жөн гана аэропортко келип, биздин өлкөдөн чыгууга бекер билетин алса болот".
Бул үчүн атайын мобилдик тиркеме иштелип чыкканы, каалоочулар ошол аркылуу катталып, билет алса болору, кете тургандарга бонус каралганы айтылды. Трамп бонустун өлчөмүн атаган жок, бирок мындай жол америкалык бюджетке триллиондогон доллар үнөмдөп калууга өбөлгө түзөрүн билдирди.
Андан мурдараак АКШнын Ички коопсуздук министрлиги (DHS) өз ыктыяры менен чыгып кете турган мыйзамсыз мигранттарга 1 миң доллардан берилерин жарыялаган.
Мыйзамсыз миграцияга каршы күрөш Трамптын шайлоо алдындагы негизги убадаларынын бири болгон.
DHS расмий Ташкенттин жардамы менен Өзбекстандан, Кыргызстандан жана Казакстандан АКШга мыйзамсыз барган 131 ашык мигрант Өзбекстанга депортация болгонун 1-майда кабарлады. (RK)
Шерине