"Төрт органга кайрылдык, так жооп ала албай жүрөбүз"
23 жаштагы Дастан Камчыбеков паратриатлон менен беш жылдан бери машыгат. Мындан төрт жыл мурда ал бул спорттун түрү боюнча өлкө чемпиондугун жеңип алган. Эки жыл мурун үй-бүлө күткөн.
Ал жүрөгүн өйүгөн маселеси эле турак жайга жетүү экенин билдирди. Өткөн жылдын соңунда Мамлекеттик ипотекалык компания жарандарга үй бере баштагандан кийин Дастан да үмүттөнүп, аракет көрө баштаган.
"Буга чейин 2024-жылы декабрь айында Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) элге үй тапшырганда артыкчылык менен 100гө жакын адам алган экен. Ошондой эле биз өлкө президентинин “Мамлекетке пайдасы тийген, өлкө туусун көтөргөн жарандарга артыкчылык берилет” деген сөзүн да укканбыз. Артыкчылык негизинен шарт боюнча майыптыгы оор адамдарга же бир үйдө мындай жарандардан бир нечеси жашагандарга берилет экен. Паралимпиадалык спорттун түрү менен машыккандыктан бизге да артыкчылык менен үй берилсе дейбиз. Анан маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтовдун атынан президенттик администрацияга кат жаздыртып алып бардык. Ал жактан “Бул маселени МИК гана чече алат” деп узатышты. МИКке келсек, Социалдык өнүктүрүү министрлигине жиберишти. Кыскасы, биз төрт органга кайрылдык. Баарынан так жооп ала албай, орто жолдо жүрөбүз”, - дейт спортчу.
Дастан Камчыбеков пара-сууда сүзүү боюнча 2023-жылкы Гран-при эл аралык мелдешинде 1-орунду, паратриатлон боюнча 2023-жылкы Азия чемпионатында 2-орунду ээлеген. Ошондой эле ал паратриатлон боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери.
“Азаттыкка” Дастан менен чогуу кайрылган 27 жаштагы Темирлан Абдыкаримов парадзюдо боюнча 2023-жылкы Азия чемпионатында коло медал уткан. Ал Түркияда Гран-при эл аралык мелдешинде коло медал алып, парадзюдо боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери болгон.
Ал эми Сүймөнкул Молдобеков парадзюдо боюнча Финляндияда өткөн Гран-при эл аралык мелдешинин байгелүү орунуна татыган, ал Кыргыз Республикасынын спорт чеберине талапкер.
"Мыйзам боюнча силерге берилбейт деди"
22 жаштагы Молдобеков Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жообун угуп, шаабайы сууп турганын айтты:
"Биз 18 жашыбыздан бери эле спорт менен алектенип келе жатабыз. Турак жай маселеси боюнча МИКке кайрылсак, “биз силердин шартыңарды карап бере албайбыз, мыйзам боюнча силерге берилбейт” деди. МИКтин төрагасы өзү да “силерге үй берилсе белек катары берилиши мүмкүн, бирок ипотекалык программа боюнча мыйзам буза албайбыз” деп койду".
Параспортчуларга Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаменти ай сайын 30-40 миң сомдон стипендия берет. Алар бул каражатты күнүмдүк тиричилигине, батирине сарптайт.
Үй-бүлөлүү Дастан эки жыл ичинде бери дегенде ижара акысына 350 миң сом коротконун айтат. Ал эми башка батирде бирге жашаган достор Темирлан менен Сүймөнкул ай сайын 45 миң сомго чейин төлөшөт экен.
Эгерде ипотекага үй алып калсак, бул каражатты ошол жакка төлөйт элек дейт Темирлан:
"Турак жай болбосо, борбордо жашоо кыйын экен негизи. Спортчу балдар батирге 500 долларга чейин төлөп жашайбыз. Мамлекеттик ипотекадан үй алып калсак, ошол батирге короткон акчаны биз өз үйүбүзгө эле төлөйт элек да. Жыйынтыгында үйлүү болуп калмакпыз. Биз, балким, мөөнөтүнөн эрте деле төлөп коёт элек".
"Менин үйүм 2021-2026" программасы жарандарды социалдык турак жай менен камсыздоого багытталган. Өлкө жетекчилиги Мамлекеттик ипотекалык компания жалпы 40 райондо, 32 шаарда жана жети облустун борборунда көп кабатуу үйлөрдү кура баштарын билдирген.
Президент Садыр Жапаров мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин карамагындагы жер тилкелерин аныктап, аларды МИКке мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү тапшырмасын койгон. Мамлекеттик ипотекалык компания президенттин иш башкармалыгынын карамагына өткөн.
Былтыр 16-декабрда Бишкектин Скрябин көчөсүндө Мамлекеттик ипотекалык компания курган 549 батир, 24-декабрда №47 түзөтүү колониясынын ордуна түшкөн “Мурас” турак жай комплексинен 510 батир ээлерине берилген.
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын сайтында "Социалдык ипотека", "Жеңилдетилген ипотека", "Арзан ипотека" деген үч категорияга бөлүнүп, кезекте тургандардын тизмесин көрсө болот. Жалпы 40 миңден ашык адам батирге кезекте турат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы №75 токтомунда "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасын тандоо тартибине ылайык биринчи кезекте төмөнкүдөй жарандарга укук берилген:
1) беш же андан көп баласы бар көп балалуу үй-бүлөлөргө;
2) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялап жаткан адамдарга, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын камкорчуларына;
3) жашы жете элек баланы/балдарды ата-эненин бири гана тарбиялаган толук эмес үй-бүлөлөргө;
4) республиканын бийик тоолуу, алыскы барууга кыйын зоналарында жана чек арага чектеш райондорунда оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарында жашаган жана иштеген жаш адистерге (врачтарга, мугалимдерге, социалдык кызматкерлерге).
5) КР Баткен облусунун УКМКнын чек ара аскер кызматчыларына (Координациялык кеңештин чечимине ылайык).
"Чечимди биз чыгарбайбыз"
“Азаттык” параспортчулардын маселеси боюнча Мамлекеттик ипотекалык компанияга кайрылып, аталган мекеменин Калкты тейлөө бөлүмүнүн жетекчиси Гүлзат Тотубаеванын төмөнкүдөй жообун алды:
"Биз Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен бекитилген "Менин үйүм 2021-2026" мамлекеттик программасынын алкагында иш алып барып жатабыз. Бул программа биздин расмий сайтта да турат. Бардык каалоочулар аны менен таанышып чыкса болот. Аныгында эле программада өлкөбүздүн өндүрүшүнө өзгөчө салым кошкон жарандарга президенттин же Министрлер кабинетинин төрагасынын атайын чечимдери менен турак жай программасынын тандоо талаптарын эске албастан кезексиз үй берилиши мүмкүн деп турат. Спортчу балдар ушундан улам кайрылып жатышса керек. Бирок бул чечимдерди биз чыгарбайбыз. Чечимди президент же Минкаб төрагасы гана чыгарат. Биз программанын алкагында кезекке турган жарандарга кезектин негизинде гана үй бере алабыз”.
Тотубаева балдар турак жай алуу үчүн катталып, кезеги жеткен учурда гана үй алса болорун, ошондо алардын стипендиясы кошумча киреше катары эсептелерин, бирок сөзсүз түрдө расмий жумушу болушу керектигин кошумчалады:
"Мисалы, биздин программанын кезегинде көптөгөн ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар бар. Бирок алардын баарынын расмий жумушу бар. Биз социалдык ипотека боюнча сөзсүз эле бюджеттик тармактагы жумушту талап кылбайбыз. Жарандар жеке тармакта деле иштесе болот, бирок жумушта расмий катталган болушу зарыл. Балким, эмгек патенти менен же жеке фирмаларда расмий түрдө гана ишке орношуусу шарт. Мисалы, учурда социалдык ипотека багыты боюнча Бишкек шаарында 3 миңден ашык жаран кезекте турат. Алардын баары биздин тандоо талаптарыбызга жооп бергендер. Башкача айтканда, алар үйү жок жана расмий түрдө жумушу бар жарандар”.
Темирлан менен Сүймөнкул учурда чакан ишкерлик кылып, базарда соода-сатык менен алектенсе, Дастандын айтымында, ал спорттон сырткары иштөөгө убактысы, шарты жок болуп жатат.
“Жардам беребиз деген”
Дене тарбия жана спорт департаментинин жетекчисинин орун басары Самат Токтоналиев балдарга жогорку бийлик өкүлдөрү жардам берүүнү убада кылганын, бирок азырынча расмий жооп келе электигин айтууда:
"Бизге азырынча расмий жооп келе элек. Президенттик администрациянын жетекчиси Адылбек Алешовичке дагы, МИКке дагы министр Алтынбек Максүтовдун атынан кат жазып жибергенбиз. Балдар өздөрү дагы катты алып, “биз МИКке барып кезек болсо, кезекке турабыз” деген. Негизи үч баладан сырткары башка да балдар бар. Алар боюнча да администрацияга өзүнчө кат жазганбыз. Азырынча чечим кабыл алына элек окшойт. Бирок негизи артыкчылык менен жардам беребиз дешкен".
Параспортчулар алдыда ипотекалык компаниядан батир алып калсак спортко гана көңүл буруп, Кыргызстандын туусун желбирете беребиз деген изги үмүттө турушат.
“Келечекке койгон максаттарыбыз көп. Үчөөбүз паралимпиадада женишке жеткибиз келет. Мына, алдыда Абу-Дабиде өтүүчү мелдешке кызуу даярданып жатабыз. Буюрса ал жактан жакшы жыйынтык менен келип калсак мамлекеттен турак жай маселебиз чечилип калат деген ойдомун. Маселе чечилсе ушул эки досум да үйлөнөт эле. Шаарда үйсүз жашоо кандай оор экенин баары эле билет”, - дейт Дастан.
Шерине