Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:01

Борбор Азия

дүйшөмбү 24 Февраль 2025

Кейкуат Оспановдун видеосунан алынган скриншот.
Кейкуат Оспановдун видеосунан алынган скриншот.

Казакстанда наристеден "жин чыгарганын" айткан "экзорцисттин" видеосу кызуу талкуу жаратты.

Атраудагы мечиттин мурдагы күзөтчүсү Кейкуат Оспанов өлкө кыдырып, адамдын денесине кирип кеткен "жиндерди" чыгара турганына элди ишендирип келет.

Сеанстары тууралуу видеороликтерди ал социалдык тармактарга өзү жарыялайт. Акыркы Атырауда тартылган видеодо Оспанов экзорцизм жөрөлгөсүн беш жаштагы кызга жүргүзүп жатканын көрүүгө болот.

Колу таңылган кызды энеси кармап, жанында отурган эркек ыйлап жаткан наристеге эмес, анын денесин уялап алган азыткыга суроо берип жаткандай түр көрсөтөт.

"Сен миң жылдыксыңбы же жүз жылдыксыңбы?", - деп сурайт "экзорцист".

"Миң жылдык", - дейт баланын үнү.

"Алдагы жакта канчаңар барсыңар?", - деп сурайт Оспанов "азыткыдан".

"Тогуз", - деп жооп берет бала.

Кыздын апасы Гүлзира кызды "табыпка" өзү алып барган, экзорцисти ал Instagram аркылуу тапкан. Ал журналисттерге Оспановго кызынын "жүрүм-туруму баланыкындай болбой калганы үчүн" кайрылганын айтты:

"Азыр кызым жакшы эле, өзүн жакшы сезип калды. Кейкуат агага эч кандай дооматым жок, ал элге чындап жардам берүүдө. Ага жин чыгарыш үчүн кезекке тургандар көп. Ал чындап эле элдик табып", - дейт Гүлзира.

Ал эми Казакстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү секелекти мазактоо ишин сотко чейин жеткирүүгө убада берип, "экзорцисттен" мындай ишмердигин токтотуусун талап кылууда. Агартуу министрлигинен инцидент изилдене турганын билдиришти.

"Казакстандын Агартуу министрлигине караштуу балдар укугун коргоо комитети кырдаалды көзөмөлгө алууда. Азыр наристеге мындай тажрыйбанын кесепетин жоюу үчүн психологиялык колдоо баштаган керектүү жардамдар көрсөтүлүп жатат. Баланын ден соолугун жана коопсуздугун коркунучка кептеген кандай аракет болбосун жол берилгис", - деп билдиришти министрликтен.

Атырау облусунун башкы имамы Алтынбек Утысханов өз кезегинде экзорцисттин дин кызматкерлерине да, медицинага да тиешеси жок экенин билдирди. Утысхановдун айтымында, Оспановду дин ишмердигине анын 2009-жылы жергиликтүү мечиттин кароолчусу болгону гана байланыштырып турат.

Казакстандык ЖМКлар өзүн экзорцист атаган Кейкуат Оспанов буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин "Ак ниет кызматы" үчүн деген төш белгиси менен сыйланганын айткан. Сыйлык адатта өз тармагында эмгеги сиңген адамдарга берилет. "Жин чыгаруу" жөрөлгөсүнөн улам социалдык түйүндөрдө Оспановго төш белгини эмне үчүн ыйгарышканына таң калгандар арбын.

Кейкуат Оспанов резонанстан кийин Caspian news телеканалынын журналисттерине секелек кыз менен видеону "өз иши тууралуу маалымдама" катары илгенин, бирок мынчалык дүң болорун күтпөгөнүн айтты. Ал "жинди 10 мүнөт ичинде дуба окуп чыгарганын" кошумчалады. Баланы таңып койгонун "наристеге эбегейсиз күчкө ээ азыткы" кирип кеткени менен түшүндүрдү.

Казакстандык саясат таануучу Газиз Абишев элдин жин-шайтан тууралуу жомокторго ишенип жатканын "Казакстанда социалдык деградация жүрүп жатканынын белгиси" деп сыпаттады.

"Биз орто билим берүүнүн сапатынын начарлаганы коомдук аң-сезимге канчалык зыян алып келип жатканын аңдабаган чаласабаттардын кубанычтуу ызы-чууларына күбө болуп жатабыз. Мамлекет мындай учурда ыргылжың болбой, чечкиндүү түрдө караңгылыкка кирүүгө тыюу салган кызыл чийиндери коюшу шарт. Болбосо, мындай деградация өлкөбүздү бат эле жутуп тынат", - дейт ал.

2016-жылы эле казакстандык диниятчылар бийликтерди оккультизмди жарнама кылууну токтотууга чакырышкан. Бул жөнүндө сөз аялын өлтүрүп коюп, соттолгон мурдагы министр Куандык Бишимбаев көзү ачыктардын жана төлгөчүлөрдүн кызматын пайдаланганын соттук жараянда моюнга алгандан кийин кайра жанданган. Бирок азырынча Казакстанда оккультизм менен алектенгендердин ишине чек коюла элек.

Казакстандын коңшусу Кыргызстанда 2024-жылы көзү ачыктык, бүбү-бакшылык, төлгө салуу, сыйкырчылык менен алектенүүнү жарнамалоого тыюу салынган. “Жарнама жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүү киргизилип, ага президент Садыр Жапаров 19-июлда кол койгон.

"Мыйзамдын максаты - оккульттук, сыйкырчылык жана башка анык эмес ыкмалар менен жарандардын аң-сезимине таасир көрсөтүүнү болтурбоо" деп айтылган Президенттик администрация тараткан маалыматта.

Макаланын автору "Настоящее время" долбоорунун кабарчысы Даурен Хаиргельдин.

Түкрияда жаңы баш кошкон түгөй.
Түкрияда жаңы баш кошкон түгөй.

Эки түрк жараны президент Сердар Бердымухамедов жана Режеп Тайып Эрдоганга кайрылып, аялдарын Түркмөнстандан чыгарууну өтүнүштү. Түркмөнстандык эки аял Түркиядан мекенине паспортун алмаштырууга барып, кайра чыга албай калган. 

Түркиялык Йылмаз Өзкан жана Рүстем Арслан аялдарынын Түркмөнстандан чыгып, Түркияга кирүүсүнө уруксат берүү үчүн эки өлкөнүн бийликтерине кайрылышкан. Бирок андан майнап чыкпагандыктан кийин эки өлкөнүн тең президенттерине кайрылуу жолдошкон.

"Мындай болорун билсем, мен аны жибермек эмесмин"

Йылмаз Өзкан Түркиянын Ашхабаддагы элчилиги анын аялы Майсага Түркияга кетүүгө үй-бүлөлүк виза бергенине карабай, Түркмөнстандын Миграция кызматы ага 2028-жылга чейин өлкөдөн чыгууга тыюу салганын айтууда.

Йылмаз 2019-2022-жылдары коронавирус пандемиясынан улам эл аралык каттамдар токтотулгандан кийин жубайы Майса Түркияда бир канча убакыт мыйзамсыз жашоого аргасыз болгонун, бирок анын депортацияланбаганын жана 2023-жылдын март айында айып пул төлөп Ашхабадга учуп кеткенин айтууда.

"Биз аны расмий каналдар аркылуу [Түркмөнстанга] барып, кайра расмий каналдар аркылуу келсин деп аэропортко бардык. Ал жактан 4000 лирага жакын айып төлөдүк. Аны өзүм учакка отургузуп, Түркмөнстанга жөнөттүм. Мындай болорун билсем, мен аны жибермек эмесмин", - дейт Йылмаз Өзкан.

Рүстем Арслан да жубайы Дилфуза Арслан пандемиядан улам эл аралык каттамдар токтотулгандан кийин 2019-2022-жылдары Түркияда мыйзамсыз жашоого мажбур болгонун жана ушул себептен 2026-жылга чейин Түркияга кирүүгө тыюу салынганын айтууда.

Ал Түркиянын Тышкы иштер министрлигине кайрылганда түрк расмийлери эгер түркмөн тарап Дилфузанын өлкөдөн чыгышына уруксат берсе, Анкара анын "депортация" статусун жоёрун убадалашкан.

Биз [Түркиянын Тышкы иштер министрлигине] телефон чалганыбызда, алар бизге "Бул Түркмөнстандын ички маселеси, биз аларга кийлигише албайбыз" деп жооп беришти", - дейт Рүстем Арслан.

Анын айтымында, Түркмөнстандын Стамбулдагы консулдугуна барганда имараттын ичине да киргизбей коюшкан.

Аялын күткөн түрк эркектер

Аялдарын айлап көрө албаган жолдоштору Түркмөнстан менен Түркиянын президенттерине кайрылуу жолдоп, бул чектөөлөрдөн улам үй-бүлөлөр кыйналып жатканын айтышты.

"Адам сүйүктүүсүнөн ажыраганда шалдырап, боштук басат. Тамактан каласың. Кечке чейин тамак иче албайсың. Анын үстүнө менин өзүмдүн дүкөнүм бар. Ооруп жатсам да, өзүмдү жаман сезип турсам да ошол дүкөндү ачууга мажбурмун. Анткени жалгызмын", - дейт Рүстем Арслан.

Ал эми Йылмаз Өзкан: "Түркмөнстан аялымды беш жылга депортациялады. Келинчегим Түркияга келе албайт. Ал жакта аялым жабырлануучу, мен бул жерде жабырлануучумун", - дейт.

Йылмаз менен Рүстемдин айтымында, түркмөнстандык келинчектери менен жолуга албаган ондогон түрк эркектер бар. Алар Вотсап тайпаларда 60тай адам менен сүйлөшүп турушат.

Алар бул тайпалардагы эркектердин баары аялдарына Түркмөнстандын Миграция мыйзамынын 30-беренесинин 1-пунктунун 9-бөлүмүнүн негизинде чет өлкөгө чыгууга тыюу салынганын айтышканын белгилешет.

Рүстем Арслан аялынын аркасынан Түркмөнстанга барууга бел байлап, визага документтерин тапшырган. Бирок ага виза берилген эмес.

"Мен маңзат сатуучу эмесмин, эмнеге аялымды көрүп келүүгө виза бербейт? Түшүнбөйм", - дейт Рүстем Өзкан.

Ал аялын Түркмөнстандан алып чыгуунун жолун дагы деле издеп атканын, ушуга окшош абалда турган ондогон түрк жарандары биригип, Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылганын белгилейт.

Бул эки түрк жараны президент Режеп Тайып Эрдоганга, Сердар Бердымухамедовго жана башка мамлекеттик органдарга кат жолдошкон, бирок ал каттардан майнап чыккан эмес.

Йылмаз Өзкан "Сиз Түркмөнстандын президентисиз. Биз карапайым жарандарбыз. Бири-бирин сүйгөндөрдү бириктиришиңиз керек. Түркмөнстандын президентинен жубайымдын мага келишине уруксат берүүсүн суранам", - деди.

"Мен бул жерде колумдан келгендин баарын жасадым. Жада калса урматтуу президент Режеп Тайып Эрдоганга да кат жаздым. Бирок азырынча жооп ала элекмин", — деди Рүстем Арслан.

Түркиялык жигиттер Түркия жана Түркмөнстандын лидерлеринен маселени чечүүнү күтөт.

Элчиликтер түркмөндөргө паспорт бербейт

Түркмөнстандын жарандарына биометрикалык паспорт 10 жылдык мөөнөткө берилет. Документти өлкөнүн ичинде гана алса болот. Дүйнөдөгү башка өлкөлөрдөн айырмаланып, Түркмөнстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтери түркмөн жарандарына паспорт бербейт.

Чет өлкөдө жашаган түркмөн жарандары Түркмөнстанга паспортун алмаштыруу үчүн баргандан кийин кайра чыга албай жатканы көпчүлүктү тынчсыздандырууда. Түркияда никеге турган жарандар Түркмөнстанга документ алууга барып, кийин өлкөдөн чыга албай калгандар буга чейин көп катталган.

2019-жылы Түркиянын Тышкы иштер министрлиги түркмөн тарапка түрк жарандары менен никеге турган жана Түркияга кирүүгө тыюу салынган адамдардын тизмесин бергени кабарланган. "Хроника Туркменистана" сайты 2020-жылдын август айында аталган тизмеде көбү аялдар жана балдар, жалпысынан 213 адамдын аты-жөнү бар жана алардын көбүнүн Түркияда жашоого уруксаты бар экенин кабарлаган.

Түркмөн бийлиги да, Түркиядагы дипломатиялык өкүлчүлүк да мигранттар маселеси боюнча эч кандай пикирлерин билдиришпейт, статистика жарыялашпайт. Өлкөнүн расмий маалымат каражаттары болсо мигранттардын маселесин такыр көтөрбөйт.

Ал эми Түркиянын Миграция кызматынын 2024-жылдын декабрь айында жарыялаган статистикасына ылайык өлкөдө расмий жашоого уруксаты бар түркмөн жарандарынын саны 205 миң 369. Бирок мыйзмасыз жашаган түркмөнстандыктардын саны алда канча көп экени айтылып келет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG