23 жаштагы Акбар Курбанов Москвадагы ортомчулардын “иш беребиз” деген убадаларына ишенип, Украинадагы согуш аймагына барып калган жаштардын бири. Азыр ал Луганск облусунда, орус аскерлеринин көзөмөлүндө экенин айтууда жана коомчулукка таратуу өтүнүчү менен жакындарына видео кайрылуу жөнөткөн.
“Элим, президентим! Качабыз дегендерди атып салышууда. Согушка барбайбыз десек сабап, мажбурлап жатышат. Кимди кайда кандай кордошконун, баарын айтып берем. Кимди кайда көмгөнүн билем. Ал байкуштардын ата-энеси үйүндө күтүп отурушат. Мунун баарын билип туруп унчукпай койгонум туура эмес. Жардам бергиле! Бизге окшоп кыйналып жаткандар көп”, – деген ал кайрылуусунда.
Бул сөздөрүн “Азаттык” радиосунун өзбек кызматынын (Озодлик) журналисти менен болгон кыскача маекте да тастыктаган. Айтымында, ал учурда Украинанын Орусия көзөмөлдөгөн Луганск облусунун Перевальный районунда жайгашкан 41624-аскердик полигондо кармалып турат. Ал согушка катышуудан баш тартканы үчүн бир нече жолу сабалган, бутунун бир манжасы сынган.
Ачык булактарда Луганск облусунда 41624-аскердик полигону тууралуу маалымат жок. Бирок дал ушундай полигон басып алынган Донецк облусунда бар экени интернет булактарында жазылган. Согушта жакындарын жоготкон орусиялык аялдар ушул даректи көрсөтүп, социалдык тармактарда жарыя калтырганы да белгилүү.
Акбар Сурхандарыя облусунун Шерабад районуна караштуу Багиабад кыштагынан экенин айтат. Аны ким жана качан Украинадагы согушка мажбурлап жөнөткөнүнө кийинчерээк токтолобуз. Азыр болсо анын апасы Розугүл Бабаеванын кайрылуусуна көңүл буруңуз:
“Уулум менен телефондон сүйлөшүп турам. Ал суу да берилбей жатканын, уктай албай, адамдардан калган тамактарды жеп жүргөнүн айтат. Урматтуу тышкы иштер министри! Сиз кайда карап жатасыз? Эмне үчүн уулумду алып келүүгө жардам бербей жатасыз? Өзбекстандын тиешелүү мекемелеринин баарына кайрылдым, болгону кагаз менен жооп беришет. Мага кагаз керек эмес, мага балам керек! Баламды алып келип бергиле!”
Розугүл Бобоева бир айдан бери Ташкентте ижарадагы үйдө жашап жатканын кошумчалады. Ал 15-октябрда “Озодликтин” журналисти менен маектешкен учурда да Тышкы иштер министрлигинин имаратынын алдында турганын билдирди:
“Балама иш сунуштаган адамдардын аты-жөнүнө чейин, телефон номерлерине чейин бергем. Балам оор абалда турат. Эмне үчүн министрлик жардам бербей жатат? Баламды алып келип бергиле! Шавкат Миромонович, мамлекетти кимдерге ишенип тапшырдыңыз? Эмне үчүн эч ким жардам бербейт?”
Азырынча Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинен же башка мамлекеттик органдардан буга расмий комментарий берилген жок.
Акбар Курбанов 2024-жылдын июнь айында Өзбекстандан Татарстандагы Набережные Челны шаарында жайгашкан КАМАЗ авто заводуна иштөө үчүн кеткенин билдирген. Анын айтымында, быйыл 8-августта белгисиз адам телефон чалып, Ростов-на-Донудагы компанияга айдоочу керектигин айтып, иш сунуштаган.
“Мигранттарга бейтааныш адамдар чалып, иш сунушташат. Телефон номерлерин кимден алышат, билбейм. Аларга ишенбеш керек. Мага да тынымсыз чалып, ишендиришкен”, – деди Акбар.
"Сизге согушка баруу үчүн акча төлөшкөнбү?" деген сурообузга ал:
"Менин атыма ачылган банк картасына 400 000 рубль которобуз дешкен. Балким картага которушкандыр. Бирок мага ал акчанын кереги жок. Бул жерден аман-эсен чыгып кетсем болду" - деп жооп берди.
Аны согушка жалдоодо ортомчу болгон адамдын аты Сергей экенин, ал Москвада жашай турганын айтып, жиберген видео билдирүүлөрүн да “Озодлик” редакциясына жөнөттү.
Маалыматтарга караганда, Сергей Акбарды Андрей Колесников аттуу киши менен тааныштырган жана Ростов-на-Донудагы аскер комиссариатына алып барган. Ал жерде “айдоочулук контракты” деп түшүндүрүлгөн документ чындыгында согушка катышууга макулдук берүү тууралуу келишим болгонун айтат:
“Андрей аттуу орус жараны мени аскер комиссариатына алып барды. Ал жерге эмне үчүн баратканыбызды сурасам, медициналык кароодон өтүш керек деди. Аскер комиссариатына жеткенден кийин мага эки адам – Михаил жана Кирилл аттуу кишилер келишти. Алар мени аскер комиссариатына алып киришти. Мага көрсөтүлгөн контракт кагазында бир жылдык аскердик кызмат тууралуу жазылып, менин милдетим – ок атуу, граната ыргытуу деп көрсөтүлгөн. Мен контрактка кол койбой турганымды айттым, алар болсо “кол коюуга мажбурсуң, бул жерде сенин ата-энең жок, бул сенин мамлекетиң эмес, сага эч ким жардам бербейт” дешти. Анан мени сабап, мажбурлап кол койдурушту”.
“Озодлик” журналисттери ортомчу болгон делген Сергей аттуу адам менен байланыша албады. Бирок Акбар Курбановдун жакындары берген телефон номерлери аркылуу Андрей Колесников менен сүйлөшүүгө мүмкүн болду. Ал Telegram аркылуу жөнөтүлгөн суроолорго толук жооп берген жок. “Мен жеке унаам менен жүргүнчү ташуу менен алектенем” деп кыскача жооп берди, бирок бул билдирүүнү дароо өчүрүп салды.
Украина өкмөтүнүн “Жашагым келет” долбоорунун иликтөөсүнө ылайык, 2025-жылы Орусия армиясы 902 өзбекстандык жаранды согушка тарткан. Алардын дээрлик баары эмгек мигранттары болуп, Орусияга иш издеп барышкан. Аларга курулушта же армиянын арткы катарларында жогорку айлык менен иш сунушталып, ошондой эле Орусия жарандыгы да убада кылынган.
Буга чейин ушул долбоордун иликтөөсүндө Орусиянын Коргоо министрлиги менен Украинадагы согушка катышуу үчүн келишим түзгөн 1110 өзбекстандык жарандын тизмеси жарыяланган. Маалыматтарга караганда, фронтто кеминде 109 өзбекстандык каза болгон. Бирок бул маалымат Өзбекстан тараптан расмий түрдө тастыкталганы тууралуу документтер жок.
“Жашагым келет” долбоорунда чогултулган маалыматтарга ылайык, Украинадагы туткундардын арасындагы чет элдиктердин да көбү Өзбекстан жарандары.
Ошондой эле, Орусияда түрмөдө отурган мигранттар, анын ичинде өзбекстандыктар да коркутуу жана психологиялык басым аркылуу согушка мажбурланып жатканы тууралуу укук коргоочулар айтып келатышат.
Өзбекстандын Тышкы эмгек миграциясы агенттиги чет элдик армиялардын катарына кошулган адамдарга карата Жазык кодексинде 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралганын эскерткен. Бирок Орусиядагы өзбекстандыктардын согушка тартылышы боюнча Кремлге нааразычылык билдирилгени тууралуу азырынча расмий билдирүү жок.
Украинанын президенти Владимир Зеленский быйыл январь айында орус күчтөрү жалдаган аскерлердин катарында өзбекстандыктар да бар экенин айткан. Бирок бул билдирүүгө Ташкент дагы, Москва дагы комментарий берген эмес.
Шерине