Президент Садыр Жапаров Кытайдын тышкы иштер министри, Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин саясий бюросунун мүчөсү Ван Ини кабыл алды. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтык, анын ичинде саясий диалогду бекемдөө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселеси талкууланды. Президенттик администрациядан кабарлашкандай, Жапаров кыргыз-кытай мамилеси бүгүнкү күндө тарыхый бийиктикте экенин белгиледи.
Мамлекет башчы практикалык кызматташтыкка өзгөчө көңүл буруп, темир жана автоунаа жолдорун курууну, жаңы авиакаттамдарды ачууну жана башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду мисал кылды.
Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Кытай төрагасы Си Цзинпиндин жылуу саламын жана жакшы каалоолорун жеткирип, эки мамлекеттин башчыларынын ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даярдыгын билдирген.
Ван И эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу өнөктөштүктүн, коңшулаштыктын жана кызматташтыктын деңгээлин жогору баалады. Ошондой эле ал Кыргызстанда иштеп жаткан кытайлык компаниялардын өкүлдөрүнө мыйзамдарды так сактоо жана өлкөнүн каада-салттарын урматтоо зарылдыгы түшүндүрүлүп жатканын айткан.
Кытайдын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен 19-ноябрда келди. Сапардын алкагында өлкө жетекчилигинин кабыл алуусунда болуп, Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Ван Инин сапары Кыргызстанда кыргыз-кытай айдоочуларынын ортосундагы жаңжалдан кийин соцтармактарда нааразылык маанай күчөгөн учурга туш келди.
Өткөн аптада Чүй районунун Константиновка айылындагы кытайлык жана кыргызстандык айдоочулардын мушташынан улам бир нече кытай жараны кармалып, “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголду. Окуядан кийин Кыргызстанда "кытайлыктар көбөйүп кетти" деп нааразы болуп, каршы пикир жазгандар арбыды.
Бийлик башчылары жаңжалды күндөлүк турмуштун бир көрүнүшү катары сыпаттап, жергиликтүү жарандарды чагымга алдырбоого чакырууда.
Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине курген кезектеги маегинде муну "шайлоо алдында уюштурулуп жаткан чагым" катары сыпаттады.
Бийлик өкүлдөрү Кыргызстанда эмгек күчүнө талап өсүп жаткандыктан, чет элден, анын ичинде Кытайдан жумушчуларды алып келип жатышканын билдирген.
Тышкы иштер министрлиги 16-ноябрдагы билдирүүсүнө ылайык, Кытайдын жарандары Кыргызстанга виза менен гана кирип, жүрүп жана чыгып кетишүүдө. Министрлик Кытайдан келип эмгектенип жаткан жумушчулардын так санын маалымдай элек.
Кыргызстанга келген туристтердин саны боюнча кытайлыктар Өзбекстан, Казакстан жана Орусиядан кийинки төртүнчү орунда турат. Расмий статистикага танясак, 2023-жылы 70 миң 842 кытай жараны Кыргызстандын аймагына турист катары кирген. 2024-жылы бул көрсөткүч 81% өсүп, 127 миң 956 кишиге жеткен. 2025-жылдын маалыматы азырынча белгисиз. (КЕ)
Шерине