Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев башкы фигурант болгон "Кой-Таш ишинде" айрым айыпталуучулар акыркы сөзүн сүйлөштү. Украинанын Днепр шаарында орус армиясынын чабуулу үч адамдын өмүрүн алды. Орусиянын ТИМи Москвада кыргыз жарандары сабалган окуя боюнча өз түшүндүрмөсүн жарыялады.
Борбор Азия
бейшемби 17 Апрель 2025

Тажикстанда мамлекеттик төңкөрүшкө айыпталып узак мөөнөткө соттолгон саясий ишмерлердин үй-мүлкүн конфискациялоо башталды.
Соттолгондордун туугандары "Озоди" радиосуна үйдү бошотуу эскертүүсүн алганын билдиришти. Алардын айрымдары бийликтин чечимине макул эмес жана апелляция берүүгө даярданууда.
"Искандеровдун эки машинеси конфискация болот"
Колдо бар маалыматка ылайык, бийликтер өкүм күчүнө кирери менен эле мүлктү тартып ала баштаган. Фархор районунда Демократиялык партиянын мурдагы төрагасы жана парламенттин экс-депутаты Саиджафар Усмонзоданын атасынын үйү конфискация болгон. Анын аялына катталган борбордогу батирине азырынча эч ким тийише элек. 16-апрелде "Озодинин" журналисттери ал жакка барганда жакындары комментарий берүүдөн баш тартып, квартира Усмонзоданын аялына таандык болгону үчүн "конфискацияланбай турганын" гана айтышты.
Исмоил Сомони районунда мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифинин үйү конфискация болгон. Журналисттер ал жерге барганда ээн калган үйдүн кулпусу алмашып, ичиндегилер кайдадыр көчүп кеткенин көрүшкөн. Коңшуларынын айтымында, бийлик өкүлдөрү Зарифинин үй-бүлөсүнө конфискация тууралуу 14-апрелде кабарлап, тамды бошотууну талап кылышкан.
Алар мурдагы министр бул үйүнө күн жылыган кезде гана жашап, кышкысын батиринде турганын кошумчалашкан. Зарифи камалгандан кийин үйүндө калган аялы бир нече күн мурда бул үйдөн чыгып кеткен.
Тажикстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы жана 1990-жылдардын башында президенттин милдетин аткарган Акбаршо Искандаровдун мүлкү да конфискация болгон. 15-апрелде анын туугандарынан үйдү эки күн ичинде бошотууну талап кылышкан. Алардын биринин айтымында, үй Искандаровдун жээнине таандык, андыктан алар чечимдин үстүнөн даттанууну чечишти. Соттун токтому менен Искандаровдун эки автоунаасы да мамлекетке өтөт.
Дүйшөмбүнүн четиндеги Демпартиянын мурдагы төрагасынын орун басары Ахмадшо Комилзоданын батири азыр ээн турат. Анын коңшулары 14-апрелде саясатчынын туугандарына турак жайдан чыгып кетүүгө эки күн берилгенин айтышты. 16-апрелде алар үйдү бошоткон.
"Макул эмеспиз"
Үй-мүлктүн конфискация болгонун соттолгондордун үй-бүлөсүнөн эч кимиси ачык айткан жок. Алардын айрымдары доо арыз жазууну пландашууда. "Озоди" бул тууралуу кайрылганда аткаруу кызматынын өкүлдөрү расмий өтүнүч катын талап кылышты.
Социал-демократтар партиясынын төрагасынын орун басары Шокиржон Хакимов конфискацияга илинген эмес, анын үй-бүлөсү бир гана турак жайга ээ. Мыйзамга ылайык, мындай учурда конфискациялоого болбойт.
Журналист Рухшона Хакимованын өзүнө таандык турак жайы болгон эмес, ижарага алынган батирде турган. Бирок анын банктык эсебиндеги 230 миң сомони камакка алынган, каражат тууралуу башка маалымат жок.
Тажик ТИМинин мурдагы пресс-катчысы Абдулфайза Атои жана күч органдарынын мурдагы кызматкерлери Нурамин Ганизода менен Жамшед Боевдин мүлкү конфискацияга илингени же илинбегени тууралуу маалымат жок.
2025-жылы саясатчылар, мурдагы чиновниктер жана журналист Рухшона Хакимова сегиз жылдан 27 жылга чейин соттолушкан. Алар мамлекеттик төңкөрүшкө жана бийликти басып алууга айыпталышкан.
Соттолгондор жана алардын жактоочулары айыптын саясий өңүтү барын айтышып, бийликти өкүмдү кайра карап чыгууга жана конфискациялоо токтомун жокко чыгарууну суранышкан.
Тажикстандын Жогорку Соту 2-апрелде өкүмдү күчүндө калтырган.