Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:48

Элчи Бөкөнтаев Москва мончосундагы окуяга тынчсыздануу билдирди


ТИМ тараткан сүрөт.
ТИМ тараткан сүрөт.

18-апрелде Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин менен жолугуп, Москванын мончосундагы окуяны талкуулады. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Ага ылайык, элчи кыргызстандык мигранттар катышкан окуяга тынчсыздануусун билдирип, Орусия тараптан бул маселени калыс жана акыйкат кароону суранды.

“Тараптар кыргыз-орус мамилелерин союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк духунда мындан ары да бекемдөө ниетин белгилешти”, - деп жазылган билдирүүдө.

17-апрелде Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Москвадагы мончодо 10-апрелде өткөрүлгөн рейд боюнча билдирүү таратканын ТАСС маалымат агенттиги жазган. Анда мекеме "Бодрость" мончосунда болгон окуяны "коомдук жайларды пландуу текшерүү" деп атаган. Билдирүүдө рейд учурунда дээрлик 60 кыргызстандык жаран кармалганы кабарланган. Алардын 25ине Орусиянын миграция мыйзамдарын бузуу боюнча протоколдор түзүлүп, айрымдары "радикалдык топторго тиешеси бар" деген шек менен кармалган. Ошондой эле алар укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө каршылык көрсөтүшкөндүктөн күч колдонулганы белгиленген.

Өткөн аптанын аягында социалдык тармактарга Москвадагы мончолордун биринде кыргызстандыктарды орус полициясы жана бети жабылган белгисиз адамдар уруп-сабады делген видео тараган. Анда мигранттарды полиция кызматкерлери колдорун артка кайрып жаткырып, айрымдарын чапкылап жатканын көрүүгө болот.

Ошол учурда мончодо болуп, сабалган мигранттардын бири “Азаттыкка” бул маалыматты ырастап, окуя 10-апрелде болгонун, полиция аларды беш сааттай уруп-сабап, бул убакыт ичинде ар кандай ыкмалар менен кыйнаганын айтып берген.

Социалдык тармактарда кыргызстандыктарды аёосуз сабаган полиция кызматкерлерине сын айтылып, кыргыз бийлигин бул окуяга чукул реакция кылуу талабы жазылып жатат. Ушундай эле талапты Жогорку Кеңеште бир нече депутат коюп, кыргыз өкмөтүнүн ишин сынга алган.

Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын элчиси Сергей Вакуновго мончодогу операциянын мыйзамдуулугу, андагы жарандарга күч колдонуунун себептери боюнча маалымат берүү жана күч колдонуу негизсиз болсо, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө тиешелүү чараларды көрүү өтүнүчү менен расмий нота тапшырган.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев коопсуздуктан улам сабалган кыргызстандыктар арыз жазуудан баш тартканын айткан. (TAb)


Шерине

XS
SM
MD
LG