Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:54

Reuters: Израил жакында Ирандын өзөктүк жайларына сокку урушу мүмкүн


Reuters агенттиги булактарына таянып жазганына караганда, Израил жакынкы айларда АКШнын позициясына карабай Ирандын өзөктүк объектилерине сокку урууга даярданып жатат. Муну АКШ колдобой турганын билдирсе да, Израил согуштук операциянын ар кандай варианттарын АКШнын администрациясына сунуштады. Анын ичинде авиациялык жана жер үстүндөгү чабуулдар бар.

Агенттик жазгандай, президент Дональд Трамп Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга дипломатиялык жолду артык көрөрүн айтып, азырынча мындай операцияга Вашингтон катышууга даяр эмес экенин билдирген.

Бирок Израил азыр АКШнын активдүү катышуусун талап кылбаган сценарийди карап жатат.

Израил буга чейин мурдагы президент Жо Байдендин командасына да ушундай пландарды сунуштап, АКШнын аскерий колдоосу же чалгын маалыматтары менен бөлүшүүсүн талап кылган.

The New York Times басылмасы жазгандай, Израил соккуну май айына пландаган, бирок Трамптын каршылыгынан улам бул чечимден баш тарткан. The Washington Post маалыматы боюнча, президент Трамптын коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Уолтц жана мамлекеттик катчы Марко Рубио Иран маселесин күч колдонуу жолу менен чечүүнү жакташат. Ал эми вице-президент Жей Ди Вэнс жана чалгын кызматынын башчысы Тулси Габбард мындай аракеттер аймактык согушка алып келиши мүмкүн экенин, мындан тышкары Ирандын өзөктүк курал жасоого умтулуп жатканы тууралуу далилдер жок экенин эскертишет.

The Washington Post белгилегендей, Трамп эки тараптын позициясын тең эске алып жатат. АКШ менен Ирандын өзөктүк келишим боюнча биринчи сүйлөшүүлөрү 12-апрелде Омандa болгон, экинчи айлампа 19-апрелде Римде өтөт.

Шерине

XS
SM
MD
LG