Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчиси Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо иштери 21-апрелде баштала турганын билдирди. Бул тууралуу 18-апрелде Баткен облусунда жергиликтүү тургандар менен жолугушуу учурунда айтты. Бул кыргыз бийлиги үчүн “маанилүү жумуш” экенин белгилеп, чек арага зым тартыларын тактады.
“Лаккондон баштайбыз. Чек ара сызыктарынын негизинде демаркациялык жумуштарды баштайбыз. Буга акчабыз, адам ресурстарыбыз жетиштүү. Кадамжайда инженердик-сапёрдук рота деген бар эле, ошону бүгүн Баткенге көчүрүп келдик. Бул жактагы аскер кызматкерлеринин баарын иштетебиз”, - деди Ташиев.
Ал кыргыз-тажик чек арасына эки мамлекет тең өзүнчө зым тартып чыгарын кошумчалады.
27-февралда Жогорку Кеңештин алты комитети биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча макулдашуулардын долбоорун колдогон.
13-мартта Бишкекте президенттик администрациянын “Ынтымак ордо” имаратында Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери – Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кол койгон. Алар чек ара келишимин “тарыхый” деп баалашкан.
Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери - Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон 31-мартта Тажикстандын Кожент шаарында ратификациялык грамоталар менен алмашуу жөнүндө протоколго кол коюшкан. Бул документ алмашуу менен чек ара тактоодогу делимитация процесси толук бүткөн.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, өкмөттүк делегациялар бекиткен. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды.
Чек ара такталбагандыктан буга чейин суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта көп чыр-чатактар чыккан. 2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында кандуу кагылышуулар болгон. (TAb)
Шерине