Буга чейинки отурумда прокуратура мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган айыпталуучуларды 10-11 жылдан эркинен ажыратууну сураган.
Соттук жараяндын эки айга узартылышы айыпталуучулардын өздөрү, жактоочулары үчүн да күтүүсүз болду.
“Бул биз үчүн белгисиз, бирок мыйзамдуу эле чечим болду. Соттун мөөнөтү дагы эки айга узарды. Эми 12-майда калган эки айыпталуучу акыркы сөзүн сүйлөйт. Эмне себептен узартканы белгисиз. Балким, иш көптүгүнөн, документтерди изилдейм деп эсептесе керек. Бул нормалдуу көрүнүш”, - деди айыпталуучулардын бири Ирина Карамушкинанын адвокаты Айбек Турдуев.
Бүгүнкү соттук отурумда айыпталуучулар акыркы сөзүн сүйлөдү. Эки айыпталуучунун жактоочусу келбей калгандыктан эки саатка танапис жарыяланды. Бирок түштөн кийин судья Азирет Медеров ишти кароонун мөөнөтүн эки айга узартуу чечими кабыл алынганын, кийинки отурум 12-майга белгиленгенин жарыялады.
Өткөн отурумда прокурор мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге 11, анын мурдагы аппарат жетекчиси Фарид Ниязовго 10, мурдагы жансакчысы Канат Сагынбаевге 11 жана Равшан Жээнбековго 10 жыл жаза берүүнү өтүнгөн.
Жарыш сөзгө чыккан айыптоочулар Кой-Таш окуясында ошол кезде мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков баштаган күч органдарын айыптап жатышат.
Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов "иштеги күмөндүү жагдайлар кийин ачыкталарын" айтууда.
“Бул боюнча келечекте төмөнкүдөй суроолорго сөзсүз жооп табылат. Эмне үчүн Сооронбай Жээнбеков Атамбаевге жана анын тарапташтарына саясий куугунтук көрсөткөн? Эмнеге Атамбаевдин экс-президент макамынан ажыратуу үчүн Жогорку Кеңешке басым кылган? Эмне үчүн тергөө аны мажбурлап алып келүүнү мыйзамга ылайык жүргүзгөн жок? Аны мыйзамсыз алып кетүүнү чечкен күндө да эмне үчүн ызы-чуусуз эле уюштурушкан жок?".
Кой-Таш ишинде күбө катары былтыр жыл соңунда УКМКнын мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаев суралган. Ал 2019-жылдагы Атамбаевди кармоо операциясын жетектеген адамдардын бири болгон.
Айыпталуучулардын бири Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы үчүн Опумбаев менен экс-президент Сооронбай Жээнбековдун жоопкерчилиги каралышы керек деген пикирде.
“Эмне үчүн ИИМ козгогон кылмыш ишине жана министрликтин өзүнүн атайын кызматы турса, ага ишенбестен, ошол убактагы "Альфанын" кызматкерлерине өткөрүп, Кой-Ташка жөнөтүп жатышат? "Альфанын" бул ишке аралашуусуна укуктук база, логикалык негиздеме жок болчу. "Альфага" Атамбаевди алып келүү тапшырмасы гана коюлса, эмнеге согуштук ок-дары, курал-жарактар берилген?”.
Атамбаев 2019-жылы "Батукаев иши" боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Аны колго түшүрүү операциясы 7-8-август күндөрү болуп, тоз-тополоң менен коштолгон.
Бул окуя коомчулукта "Кой-Таш окуясы" деп айтылып, мында атайын кызматтын офицери Үсөнбек Ниязбеков окко учкан. Мындан тышкары бул окуяда Чүй облустук милициясынын ошол кездеги жетекчиси Самат Курманкулов башынан оор жараат алып, майып болуп калган. Жалпысынан 225 адам жабыркаган жана алардын 91и ИИМдин, 40ы УКМКнын кызматкери, 94ү жөнөкөй жарандар болгон.
Маркум Ниязбековдун апасы Өктөм Мамаева Кой-Таш окуясы боюнча күнөөлүүлөр жазасын алышы керек деген пикирин буга чейин "Азаттыкка" билдирген.
“Бул ишке тиешеси бар кылмышкерлер жоопко тарсылсын дейм. Алардын жазасы болбосо кайталана берет. Мыйзам болуш керек”.
Кой-Таш ишине Бишкек жылуулук борборун модернизациялоо, Алмазбек Атамбаев үй салган Кой-Таштагы жер тилкеге байланыштуу кылмыш иштери да бириктирилип, жалпы 20 адам айыпталуучу катары өтүп жатат. Аларга бир нече берене менен айып тагылган. Алардын ичинен Ирина Карамушкина менен Фархат Баабиев башка иш боюнча камакта. Ал эми айыпталуучулардын дагы бири Алга Кылычевдин иши өзүнчө бөлүнүп, ал бир жыл мурун 10 жылга кесилген. Ал эми Алмазбек Атамбаев 2023-жылдан бери четте жүрөт.
Шерине