Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:10

Ирандын тышкы иштер министри өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча Орусиядан колдоо сурады


Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи жана Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавров.
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи жана Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавров.

Ирандын тышкы иштер министри өзөктүк программанын тагдыры тууралуу маанилүү сүйлөшүүлөр алдында Американын ниетине күмөн санап, Орусияны бул жараянга тартуу керектигин билдирди.

Бул тууралуу Аббас Аракчи 18-апрелде билдирди. Ал келишимге жетишүү мүмкүнчүлүгү дагы эле бар экенине ишенерин кошумчалады.

Ирандык дипломат АКШ президенти Дональд Трамптын атйын өкүлү Стив Уиткофф менен Римде 19-апрелде жолугары күтүлүүдө.

"Америкалык тараптын ниетине жана максаттарына байланыштуу бизде олуттуу күмөн бар, бирок кандай болгон күндө да эртеңки сүйлөшүүгө катышабыз", — деди Аракчи Москвада кызматташы Сергей Лавров менен бирге курган маалымат жыйында.

Өткөн жумада Тегерандын өзөктүк программасы боюнча Оман өлкөсүндө АКШ менен Ирандын өкүлдөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы өткөн. Ал сүйлөшүү 2018-жылы Трамп өлкөсүн өзөктүк келишимден чыгарып кеткенден берки Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы эң жогорку деңгээлдеги байланыш болуп калды.

АКШ Иранды көптөн бери жашыруун түрдө өзөктүк курал жасоого аракет кылып жатат деп айыптап келет. Тегеран бул дооматтарды ар дайым четке кагып, өзөктүк программасы тынчтык максаттарга, атап айтканда электр энергиясын өндүрүүгө багытталганын билдирип келет.

Апта башында Стив Уиткофф Ирандын бардык уран байытуу программасын токтотууну талап кылган. Эл аралык инспекторлор Иран 60 пайызга чейин уран байыта алганын билдирген. Бул көрсөткүч өзөктүк курал жасоого жарамдуу деңгээлге жакын.

"Эгер экинчи тарап да акыл-эстүү позицияны карманып, реалдуу эмес жана негизсиз талаптардан баш тартса, мен келишимге жетишүү толук ыктымал деп эсептейм", — деди Аракчи.

Дональд Трамп быйыл январда президенттик кызматка келгенден кийин Иранга карата басымды күчөткөн. Анын ичинде аймакка кошумча АКШнын аба күчтөрүн жана аскердик-деңиз күчтөрүн жайгаштырган.

Шерине

XS
SM
MD
LG