Шашылыш билдирүү
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 20-апрелде түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2°ка чейин, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3°ка чейин үшүк жүрөт.
Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, байлаган мөмөлөрүнө, гүлдөгөн жер-жемиштерге коркунучтуу.
Жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Аба ырайы
20-апрелде түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас облустарында жаан-чачын жаабайт.
Күндүз Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21;
Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1…6, күндүз 8…13;
Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14;
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4°, күндүз 18…20° болот.
Шерине