Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:30

Сейрек минералдар. Кытайдын чектөөсү АКШны эмнеге чочулатты?


Сейрек кездешүүчү минералдар.
Сейрек кездешүүчү минералдар.

АКШ менен Кытайдын ортосунда соода согушу күчөгөн сайын, Бээжин сейрек кездешүүчү минералдардын экспортуна чектөө киргизүүдө. Кошмо Штаттар буга кандай жооп кайтарат?

Аталыштарын атоо оор болгону менен бул элементтерсиз заманбап технологияны өндүрүү мүмкүн эмес. Сөз сейрек кездешүүчү минералдар жөнүндө болууда. Соңку убакта, айрыкча АКШ менен Кытайдын ортосунда соода тиреши күчөгөн шартта аларга болгон кызыгуу да өсүүдө.

Сейрек кездешүүчү минералдар — бул 17 химиялык элементтин тобу. Алар электромобилдердин аккумуляторлорунан тарта, маанилүү аскердик технологияларга чейин ар кандай тармактарда колдонулат. Бул элементтерди дүйнөгө жеткирүү чынжырын негизинен Кытай көзөмөлдөйт.

Учурда Бээжин бул стратегиялык артыкчылыгын Вашингтон менен болгон соода жаңжалында курал катары пайдаланууга аракет кылууда.

Кошмо Штаттар жаңы тарифтерди киргизгенден кийин, Кытай сейрек кездешүүчү минералдардын жети түрүн Америкага экспорттоого чектөө киргизди. Бул түз тыюу салууну билдирбейт. Бирок минералдарды экспорт кылгысы келген өндүрүшчүлөр Кытай өкмөтүнөн атайын уруксат алууга тийиш.

Мындан улам аларды жеткирүүдө үзгүлтүктөр болуп, баалардын көтөрүлүшүнө алып келет деген кооптонуу жаралды. Өзгөчө АКШдагы коргонуу компаниялары чочулап жатат.

"Мунай XX кылымда кандай маанилүү болсо, XXI кылымда сейрек кездешүүчү минералдар ошондой эле маанилүү. Бул минералдарсыз микрочиптер, жашыл энергетика жана кванттык эсептөөлөрдү элестетүү кыйын. Ал эми бул ресурстун эң көбү Кытайда. Бул улуттук коопсуздук маселеси, ал фондулук рыноктон да маанилүүрөөк", - дейт Сиракьюз университетине караштуу Максвелл мамлекеттик башкаруу мектебинин профессору Шон МакФейт.

Кытай дүйнөдөгү сейрек кездешүүчү минералдардын өндүрүшүнүн үчтөн экисинен көбүн көзөмөлдөйт. Ошондой эле кайра иштетилген сейрек минералдардын да жеткирүүчүсү. Бул элементтер Американын коргонуу тармагында абдан маанилүү. Мисалы, күчтүү магниттерди жасоодо колдонулат. Ал магниттер реактивдүү учактар, аскердик кемелер, ракеталар, танктар жана лазердик системалар үчүн өтө зарыл.

Сейрек кездешүүчү минералдар эмнеге колдонулат?

Сейрек кездешүүчү минералдарга 17 химиялык элемент кирет.

Алардын арасында скандий, иттрий жана лантаноиддер бар. Лантаноиддердин катарына лантан, церий, празеодим, неодим, прометий, самарий, европий, гадолиний, тербий, диспрозий, гольмий, эрбий, тулий, иттербий жана лютеций кирет.

Бул элементтер жер кыртышында салыштырмалуу сейрек кездешет. Алардан алынган оксиддер жогорку температурада жана сууда дээрлик эрибейт.

Бул минералдар радиоэлектроникада, атомдук технологияда, машине курууда, химия өнөр жайында, металлургияда, электромобилдер менен аккумуляторлорду чыгарууда кеңири колдонулат.

АКШнын Геологиялык кызматынын (USGS) маалыматында 2023-жылы дүйнөдө сейрек кездешүүчү минералдардын жалпы кору 110 миллион тоннаны түзгөн. Анын 44 миллиону Кытайга таандык. Андан кийинки орундарда Бразилия (21 миллион), Канада (14 миллион), жана Орусия (10 миллион) турат.

Сейрек кездешүүчү минералдардын эң көп ачылган коруна ээ Кытай бул чөйрөдөгү дүйнөлүк эң ири өндүрүүчү. Investing News Network порталынын маалыматында, 2024-жылы Кытай 270 миң тонна минерал өндүргөн — бул дүйнөлүк өндүрүштүн дээрлик 70 пайызына туура келет. Андан кийин АКШ (45 миң тонна), Мьянма (31 миң тонна) турат. Австралия, Нигерия жана Таиланд ар бири 13 миң тоннадан өндүрсө, Индия 2,9 миң, Орусия 2,5 миң тонна чыгарган.

Акыркы жылдары Батыш адистери белгилегендей, АКШ жана Европа өлкөлөрү Борбор Азиядагы кен казуу жана кайра иштетүү тармагына инвестиция салып өнүктүргөндө, Кытайга болгон көз карандылыкты азайта алмак. Себеби бул аймакта сейрек кездешүүчү минералдардын ири кору болушу мүмкүн деген пикирлер бар.

Азырынча Кытай жаңы чектөөлөрдү кантип ишке ашыра турганы белгисиз. Бирок АКШда жайгашкан Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борбору (CSIS) жарыялаган 14-апрелдеги отчетто бул чаралар, балким, экспорттун дээрлик токтошуна алып келерин эскертишкен.

Себеби, Бээжин экспорттук лицензия берүү системасын киргизип жатат. Натыйжада айрым америкалык компаниялар, өзгөчө улуттук коопсуздук тармагындагылар, жеткирүү ишинде кыйынчылык тартышы мүмкүн.

"АКШ бул жеткирүү тармактарына көз каранды. Учурда Америкада оор сейрек кездешүүчү минералдарды кайра иштетүү мүмкүнчүлүгү жок", - деп айтылат баяндамада.

Кытайдын Цзянси провинциясындагы сейрек кездешүүчү минералдар кени.
Кытайдын Цзянси провинциясындагы сейрек кездешүүчү минералдар кени.

КЫТАЙ КАНДАЙ ЧЕКТӨӨЛӨРДҮ КИРГИЗДИ?

Жаңы чектөөлөргө жети орто жана оор сейрек кездешүүчү минералдар кабылды. Алар самарий, гадолиний, тербий, диспрозий, лютеций, скандий жана иттрий. Булардын ар бири коргонуу тармагында өтө маанилүү роль ойнойт.

Мисалы, иттрий реактивдик учактардын кыймылдаткычтарына жогорку температурага чыдамдуу каптама катары колдонулат. Бул металл кыймылдаткычты учуу маалында эрип кетүүдөн сактайт.

Аналитиктер Кытай АКШнын бул элементтерге көз карандылыгын стратегиялык курал катары колдонуп жатканына көңүл бурушууда.

Ооба, АКШнын Коргоо министрлиги (Пентагон) жана америкалык компаниялардын айрым кору бар, бирок адистердин айтымында, алар жетишсиз жана узак мөөнөттүү жеткирүү үзгүлтүгүнө туруштук бере албайт.

Мындан тышкары, Кытай Кошмо Штаттардын коргонуу жана аэрокосмостук өнөр жайына тиешелүү 16 компаниясын өзүнүн экспорттук көзөмөл тизмесине кошту. Бул компанияларга кош багыттагы (жарандык жана аскердик) технологиялар, анын ичинде сейрек кездешүүчү минералдарды экспорттоого чектөө киргизилет.

Сиракьюз университетинин изилдөөчүсү Димитар Георгиев Кытайдын акыркы чектөөлөрүн "соода согушу күчөсө, экспортту чектей ала турган мүмкүнчүлүгүн көрсөтүү аракети" катары баалайт.

"Көптөгөн импорттоочулар муну алдын ала сезип, бир нече айга жетчүдөй корун топтоп коюшу мүмкүн", - дейт ал.

Ошол эле учурда, чектөөлөрдүн өзү жана аларды күчөтүү ыктымалдыгы Кытайдын колундагы таасирдүү курал. Бул Бээжинге бааны аныктап, атаандаш өндүрүшчүлөргө таасир этүүгө, кээ бир кардарлар үчүн чыгымдарды көбөйтүүгө жол ачат.

Мындай ыкмалар буга чейин да колдонулган. 2023-жылы Кытай галлий менен германияны экспорттоого чектөө киргизген. Бул элементтер микросхемаларды, радарларды жана спутниктерди жасоодо колдонулат. 2024-жылдын декабрында бул элементтерди Америкага экспорттоого толук тыюу салынган.

Анын натыйжасында баалар кескин жогорулаган. Project Blue аттуу консалтинг компаниясынын маалыматында, Батыш өлкөлөрү сатып алып жаткан галлий Кытайдагыдан эки-үч эсе кымбат.

CSIS уюмунун баяндамасында эскертилгендей, Кытайдын экспортко көзөмөл киргизиши АКШнын куралдуу күчтөрүнүн даярдыгына түздөн-түз коркунуч жаратат. Америкалык мыйзам чыгаруучулар менен аналитиктер коргонуу тармагында артта калуудан чочулап жатышат.

Вашингтон кандай жооп кайтара алат?

АКШнын Аба күчтөрүнүн өкүлү 2022-жылы билдиргендей, Кытай азыркы тапта заманбап курал-жарак жана жабдууларды Америкага караганда 5–6 эсе тез өндүрүүдө.

"Эгер Кытай дагы башка стратегиялык мааниси бар минералдарга тыюу салса, бул ажырым мындан да чоң болот. Натыйжада Кытай өзүнүн аскердик мүмкүнчүлүктөрүн АКШга караганда тезирээк кеңейтет", - деп жазган баяндама авторлору.

Адистердин айтымында, Кытай тараптан болуп жаткан басым учурда АКШ ички өндүрүштү чыңдап, сейрек кездешүүчү минералдарды башка өлкөлөрдөн да издеп табууга аракет кылышы керек.

Айта кетсек, 1980-жылдары АКШ сейрек кездешүүчү минералдарды өндүрүүдө дүйнө лидери эле, бирок өндүрүштүн кымбатташы 2000-жылдардын башында Калифорниядагы негизги Mountain Pass кенинин жабылышына алып келген.

Кийин бул кен кайра ачылып, ар кайсы президенттик администрациялар, анын ичинде Трамптын биринчи мөөнөтүндөгү команда да кен казууга жана кайра иштетүүгө инвестиция бөлгөн.

Бирок Кытайды бул тармакта кууп жетүү татаал жана кымбатка турган процесс. Айрым ишкерлердин пикиринде, Трамп киргизген бажы төлөмдөрү кайра эле АКШга терс таасир тийгизиши мүмкүн, анткени алар өндүрүштү кеңейтүүнү кыйындатат.

"Тариф салынып жаткан материалдар, маселен, болот менен алюминий биздин инфраструктурабызды курууда өтө маанилүү. Эгер өнөр жайды өнүктүрөбүз десек, анда буларга бажы төлөм киргизбейли", - дейт Rare Earth Exchanges подкастында ишкер Дэниел О’Коннор.

Мындай шартта АКШ чет элдик рыноктордон чийки зат табууга да аракет кылууда. Трамптын администрациясы Гренландия менен Украинанын жер алдындагы байлыктарына үмүт артууда.

Маалыматтарга караганда, Киев менен Вашингтон бул багытта келишим түзүүгө жакындап калды.

Кошмо Штаттар Бразилия жана Түштүк Африкада жаңы кендерди издөөгө демөөрчүлүк кылууда. Учурда АКШ Кытайдан тышкары дүйнөдөгү эң ири оор сейрек кездешүүчү минералдарды кайра иштетүүчү заводду Техас штатында куруп жатат. Бирок бул завод жыйынтык бергиче дагы бир нече жыл керек.

Ошол эле учурда, Вашингтон менен чыңалуу күчөгөн сайын, Бээжин сейрек кездешүүчү минералдар рыногундагы үстөмдүгүн стратегиялык курал катары колдоно бериши ыктымал.

"Бээжин Вашингтондун саясатына каршы өзүнүн стратегиясын күчөтүүдө. Критикалык минералдарды “куралга айландыруу” жана дүйнөнүн альтернативдүү булактарды издөөгө мажбур болушу бүгүнкү бөлүнүп-жарылган дүйнөлүк экономиканын башкы өзгөчөлүгүнө айланды", - деп белгилейт Capital Economics компаниясынын экономисти Нил Ширинг.


Шерине

XS
SM
MD
LG