"Азаттыктын" журналисти. Кыргыз улуттук университетин аяктаган.
“ЭлКат” компаниясындагы абал көп суроо жаратты. Президенттин администрациясы кантип жеке компаниянын жетекчисин алмаштырды? “ЭлКатты” ким негиздеген жана ал мамлекетке эмне үчүн 500 млн сом төлөй баштаган? Ишкананы тартып алуу аракети болуп жаткан жокпу?
Кыргызстанда учурда чоң үйлөрдүн ээлери гана мүлк салыгын төлөшөт. Мисалы, Бишкекте батирдин аянты 80 чарчы метр, жер үйдүкү 150 чарчы метрден ашканда салык салынат. Бирок өкмөт бул система акыйкатсыз экенин айтып, аны өзгөртүүнү сунуштады.
Өкмөт тышкы насыяларды алуу үчүн парламенттин макулдугу керек деген талапты жокко чыгарууну сунуштаган. Мындай демилге Жогорку Кеңештин таасирин алсыратканы менен депутаттар аны биринчи окууда колдоп берди.
8-январда президент Садыр Жапаров калктын салыктык түйшүгүн азайтуу боюнча жарлыкка кол коюп, өкмөткө бир нече тапшырмаларды берген. 20 күн өтпөй Министрлер кабинети өз анализин жарыялап, сунуштарын алып чыкты. Эмнелер өзгөрөт?
Орусиядагы кыргызстандыктардын саны бир жылдын ичинде эле 650 миңден 350 миңге чейин азайып кетти. Бирок бул өлкөдөн түшкөн акча көбөйдү. Себеби эмнеде? Мигранттардын кирешеси көбөйдүбү?
Жакынкы арада Кыргызстандын каржы рыногунда чоң окуя күтүлүүдө. Өкмөт алгачкы евробонддорду чыгарып, 1,7 млрд доллар тартууну көздөп жатат.
Бишкек тургундары жылуулукка келген эсепке ишене албай турат. Кээ бирөөлөргө 15-20 миң сомго чейин дүмүрчөктөр келе баштады. 2024-жылдын 1-июнунан тарта жылуулуктун жана ысык суунун тарифи кымбаттаган. Бирок ал кыш келип, үйлөргө жылуулук берилгенде гана сезиле баштады.
Өкмөт 2022-жылга чейин төлөнбөй калган салыктык карыздарды кечмей болду. Ага кошумча унаа салыгын төлөй электер да бул төлөмдөн бошотулат. Жалпысынан мамлекет 11 млрд сом карызды кечүүгө даяр экенин билдирди.
Улуттук банк насыялардын пайызын чектөөнү сунуштады. Мекеме билдиргендей, коммерциялык банктар кредиттердин үстөгүн каалашынча койгондуктан, ал 30%дан ашып кетти. Былтыр депутаттар да насыяларды мамлекет бекитиши керектигин айтышып, ал сунуш Жогорку Кеңеште каралып жатат.
Кыргызстанда жеке менчик объектилерди мамлекетке өткөрүү массалык жараянга айланды. Акыркы төрт жылда 1174 ар кандай мүлк мамлекеттин карамагына өткөрүлгөнү расмий кабарланды.
Президент, парламент, өкмөт өзү да бир айдын ичинде эле салык реформасы боюнча риторикасын кескин өзгөрттү.
Кыргыз экономикасында көп талкууланбаган, бирок аны кыйла өзгөрткөн окуялар болуп жатат. Жыл соңунда беш маанилүү көрүнүштү талдап көрөлү.
Кыргызстанда социалдык ажырым күчөп баратат. Үч жыл мурун эле калктын эң бай катмары кедейлерден 5 эсе көп киреше тапчу. Учурда бул айырма 10 эседен ашты. Бул КМШ жана Европа өлкөлөрүнүн арасында эң чоң ажырым. Кыргызстанда байлар байып, жакырлар ого бетер жакырланып кеттиби?
Кыргызстанда жер үй, батир ээлерине салык салуу ыкмасы өзгөрөт. Чоң шаарларда жер үйү 120 кв/метрден ашкандар мүлк салыгын төлөй баштайт. Ал эми батир үчүн 80 квадраттан өйдө төлөнөт. Өкмөт бул кадам бюджетке кошумча киреше алып келерин билдирүүдө.
Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы күчөп баратат. 2024-жылы дефицит 3 млрд кВт/саатты түзсө, жакынкы жылдары 5-6 миллиардга чейин жетери айтылууда. ГЭСтер оңдолуп, чакан станциялар салынып жатканы менен, ал тартыштыкты жаба албай, өкмөт импортту көбөйтүүгө аргасыз.
Расмий статистикага ылайык, октябрда бир жыл мурункуга салыштырмалуу азык-түлүктүн баалары 2,5% өстү. Бирок ал эмнеге андан көп кымбаттагандай сезилет? Деги инфляция кандай эсептелет?
Кыргызстанда айдоочулардын чыгымы дагы көбөйөт. Жаңы жылдан тарта бензин жана дизел майынын ар бир литрине кошумча 1 сом төлөнөт. Өкмөт жолдо көп жүргөндөр көп төлөшү керектигин билдирди.
Кыргызстандын Салык кызматы ишкерлердин карызын алардын макулдугусуз эле банк эсептеринен түз ала баштады. Керектүү сумма жок учурда эсеп минуска кетет.
Өкмөт 2025-2027-жылдары жыл сайын 34 млрд сомго баалуу кагаздарды чыгарууну пландап жатат. Башкача айтканда, мамлекет үч жылда калктан 100 млрд сомдон ашуун карыз алат. Аны кантип жана эмнеге алат?
Дагы жүктөңүз