Адвокаттар Акынбек Ногоев менен Асель Аргымбаева Самат Матцаковдун иши боюнча эки айдан бери тергөө жүрбөй жатканына даттанды. Акынбек Ногоев Матцаковго козголгон кылмыш иши жана анын бөгөт чарасын караган сот отуруму мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтты:
"Биз, жактоочулар тарап, мыйзам бузуулар тууралуу апелляциялык арыз менен кайрылып жатабыз. Бирок кандайдыр бир белгисиз себептерден улам жылып, созулуп жатат. Ал эми Самат Матцаковду камакта калтырган чечимди шаардык сот караганча, райондук сот анын камактагы мөөнөтүп узартып жатат. Шаардык соттун апелляциялык арызды карашына муктаждык деле калбайт”.
Адвокаттар 2024-жылы 30-декабрда Самат Матцаковдун камактагы мөөнөтүн узарткан Биринчи май райондук сотунун судьясы Туратбек Бекеновдун чечимин мыйзамсыз деп жатышат. Алар судья Туратбек Бекеновдун ыйгарым укуктары 29-декабрда аяктаганын билдирүүдө:
“2019-жылы 30-декабрда жарлык чыгып жатпайбы, ошол жарлыктын 3-бөлүгүндө ушул күндөн баштап күчүнө кирсин деп. Демек ошол күндөн баштап 5 жыл мөөнөтү кеткенден кийин акыркы күнү 2024-жылы 29-декабрда аяктады деп эсептелинет. Бирок ага карабастан 29-декабрь күнү чечим чыгарбай, 30-декабрда чыгарып жатат. Демек, 30у күнү тергөө судьясы ыйгарым укуктарын жоготуп койгон”.
Адвокаттар судьянын мөөнөтүн тактоо үчүн президенттик администрацияга кайрылып, жооп ала албаганын айтышты.
Ал эми Биринчи май райондук соту Бекеновдун ыйгарым укуктары 31-декабрда токтотулганын билдирди.
"Тергөө судьясы Бектенов Туратбектин ыйгарым укуктары 2024-жылдын 31-декабрынан токтотулган", - деп айтылат райондук сот жөнөткөн маалыматта.
Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин басма сөз катчысы Назира Сагыналиева судья Туратбек Бекенов ыйгарым укуктарын узартуу боюнча конкурстан өтүп, документи президенттин аппаратында каралып жатканын маалымдады:
“Ал киши (ред. - Туратбек Бекенов) конкурстан өткөн, анын документи президенттин аппаратында экен”.
Сагыналиеванын айтымында, президенттин жарлыгы менен Туратбек Бекеновдун ыйгарым укуктары узарышы же жокко чыгышы мүмкүн.
Адвокаттар президент Садыр Жапаровду, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди, башкы прокурор Максат Асаналиевди камактагы Матцаковдун ишине көңүл бурууга чакырууда. Алар адвокаттык ишмердиктин мыйзамда көрсөтүлгөн кепилдиктерине коркунуч жаралганы тууралуу коңгуроо кагып жатышат.
Былтыр 29-ноябрда Атайын кызмат Самат Матцаковду кармап, ага козголгон кылмыш иши тууралуу алты күндөн кийин маалымат берип, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” жана “Документтердин жасалмасын жасоо” беренелери менен иш козголгонун кабарлаган.
Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын 30-ноябрга караган түнү аныктап, 30-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагында калтырган. Бул чечимге арызданган адвокаттардын өтүнүчү шаардык сотто каралганча, 30-декабрда Биринчи май райондук соту анын камактагы мөөнөтүн 2025-жылдын 28-февралына чейин узарткан.
Матцаковдун кармалышына бир топ эл аралык уюмдар жана жергиликтүү укук коргоочулар тынчсыздануусун билдирип, бийликтен аны камактан бошотууну суранышкан.
38 жаштагы Самат Матцаков камакта жаткан ишкер Имамидин Ташовдун, үч жылга кесилген акын Аскат Жетигендин жана журналист Актилек Капаровдун адвокаты болуп келген.
Матцаков кармалышын абактагы ишкер Имамидин Ташовдун ишине байланыштырып, күнөөсү жок экенин билдирип келет.
Шерине