Мамлекеттик салык кызматынын жаңы жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазын (ЭТТН) бардык товарга эмес, беш гана түрүнө киргизүү керектигин билдирди. Кыргызстанда сатылып жаткан товардын түрү 23 миндей экенин, баарына ЭТТН алуу мүмкүн эместигин айтты.
18-декабрда Эл аралык миграция күнү белгиленет. Орусиянын Украинадагы согушу, катаал эрежелер, тынымсыз рейддер, согушка тартуу аракеттери миңдеген кыргыз мигранттарын дүйнө кезип, башка өлкөлөрдөн жумуш издөөгө мажбурлады. Дагы кандай миграциялык көйгөйлөргө туш болобуз? Эмне өзгөрүүлөр күтүлөт?
Дүйнөлүк банк Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалын жана өнүгүүсүн талдоого алган. Уюм жүргүзгөн сурамжылоого катышкандардын 89% өкмөттүн иш-аракетине ишенери, 75% каржылык жактан өздөрүн коопсуз сезери, азык-түлүк коопсуздугу боюнча олуттуу өсүш байкалганы айтылат.
Өкмөт курулуш компанияларына кошумча нарк салыгын киргизгени жатат. Бул жеке турак жай рыногунда 25% чейин кымбаттоого түрткү болушу мүмкүн. Бирок президент Садыр Жапаров бул демилгеге каршы чыкты.
Президент Садыр Жапаров мектептердеги мугалимдерге сапатсыз ноутбук сатып берген деп өкмөт башчысы Акылбек Жапаров баш болгон бир нече чиновникке сөгүш берди. Кыргыз өкмөтү буга чейин мугалимдерди атайын компьютерлер менен камсыз кылуу планын жарыялаган.
Президент Садыр Жапаров ипотекалык насыялоо боюнча “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасынын шарттарын өзгөрткөнүн жарыялады.
Кыргыз өкмөтү Жетим-Тоо, Кызыл-Омпол баштаган ири кендер иштетилерин жана каржы булактары аныкталганын жарыялады. Ал кендер качан жана кандай тартипте иштетилет?
Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2023-жылы аткарган иштеринин отчетун угуп, 2024-жылдагы мамлекеттик бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизген мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.
Кезинде мыйзамсыз жолдор менен жеке колго өтүп кеткен деген кине менен өлкөнүн ар кай тарабынан ондогон кыймылсыз мүлктөр мамлекетке кайтарылууда.
Америка Кошмо Штаттары Service Fly Bishkek деп аталган кыргызстандык дагы бир компанияга санкция салды. Аталган компания өнүккөн өлкөлөрдөн учак тетиктери менен жабдыктарын сатып алып, аларды санкциялык тыюуларга карабай Орусияга жеткирип турган.
Кыргыз өкмөтү Чүй облусунда 700 гектар аянтка курулганы жаткан Манас соода-логистикалык шаарын ири инвестициялык долбоор деп атап, ага стратегиялык ишеним артып турат. Кытай менен биргелешкен бул долбоорду кимдер ишке ашырат? Инвестициялык келишимдин шарттары кандай?
1-октябрдан тарта Кыргызстанда күйүүчү майды милдеттүү маркалоо ыкмасы киргизилди. Анын айынан майдын баасына бери дегенде дагы 37 тыйын кошулушу мүмкүн. Күйүүчү майды сырттан импорттогон Кыргызстанда бул өзгөрүү инфляциянын өсүшүнө түрткү болот деген кооптонуу парламентте да айтылды.
23-октябрда Казан шаарында БРИКС уюмунун саммити башталууда. Украинадагы согуш, Москва менен Батыш өлкөлөрүнүн мамилеси курчуган абалда Орусиянын аймагында өтүп жаткан саммитте уюм жаңы мүчөлөр менен толукталууда. Бул бирикменин Кыргызстан үчүн мааниси кандай?
Кыргызстанда соңку үч жыл ичинде фискалдык реформалар жүрүп, жаңы салыктык эрежелер калыптанып келет. Ишкерлер коомчулугунда мындай кардиналдуу өзгөрүүлөргө нааразы пикирлер да бар.
2024-жылы Кыргызстандын Орусияга экспорту 25% кыскарып кетти. Кескин азайган товарлардын жарымы жеңил өнөр жай продукциялары болсо, тизмеде кош маанилүү товарлар дагы бар. Мунун себебин талдап көрдүк.
Бишкек шаарындагы бир катар орто жана чакан ишкерлер салыкчылар 2024-жылдын жарым жылдыгы менен жүз миңдеген айып салып жатканын айтып даттанышууда.
Кыргызстанда 1-октябрдан тартып пенсиянын өлчөмү көбөйтүлүп, эң азы 6900 сом болду. Баш мыйзамда эң төмөнкү пенсиянын өлчөмүн жашоо минимумунан жогору көрсөткүчтө кармоо милдети коюлган.
Кезектеги Элдик курултай 20-декабрга белгиленди. Мунун алдында парламент “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду четке какты.
Дагы жүктөңүз