Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:28

"Жашыл" долбоорлор Кыргызстандын тышкы карызын азайтабы?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өткөн аптада президент Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясындагы климаттын өзгөрүшү боюнча иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө тышкы карызды "жашыл" долбоорлорго алмаштырууну сунуштады. Кыргызстан 2030-жылга карата эмиссиялардын деңгээлин 16%, эл аралык колдоо болсо 44% кыскартууну мерчемдеп жатканын белгиледи. Кыргызстандын мамлекеттик карызы учурда 8,4 млрд долларга жетти. Мунун 62 пайыздан ашыгы тышкы карыз. Жапаровдун сунушу канчалык реалдуу? Ушу тапта кандай “жашыл” долбоорлор бар?

Садыр Жапаров Кыргызстан экологияны бузуучу кесепеттерди алдын алуу үчүн энергиянын жаңыланып туруучу булактары чөйрөсүндөгү, анын ичинде гидроэнергетикалык станцияларды куруу боюнча долбоорлор ишке ашырылып жатканын билдирди. Коңшу өлкөлөр менен биргеликте “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу боюнча долбоор ишке ашырыла баштаганын мисал кылды.

Жапаров Кыргызстандын мамлекеттик тышкы карызын конкреттүү “жашыл” долбоорлорго алмаштыруу аркылуу реструктуризациялоо мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

“Тоолор адамзатты азык-түлүк, биотүрдүүлүк жана энергия сыяктуу жашоо үчүн зарыл болгон экосистемалык кызматтар менен камсыздайт. Ал эми тоолордон башталган дарыялар эки миллиардга жакын адамдын жашоосуна шарт түзөт”, - деди Садыр Жапаров.

Президент Кыргызстанда каражаты экология жана туруктуу тоо өнүгүүсү тармагындагы долбоорлорго жумшала турган Климаттык трасттык фонд түзүлүп жатканын жар салды.

Финансы министрлиги бул жаатта жүрүп жаткан иштерди ырастап, фонд жаратылышты коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү калыбына келтирүү жана климаттык туруктуулукту жогорулатуу жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн эл аралык донорлордун, мамлекеттин жана жеке сектордун ресурстарын топтой турганын билдирүүдө.

Президент өлкөлөрдү тоолуу экосистемалар, анын ичинде мөңгүлөр, климаттын өзгөрүшүнүн кесепетинен барган сайын олуттуу терс таасирге дуушар болуп жаткан чакта “Климат, тоолор жана мөңгүлөр тууралуу” декларацияга кошулууга жана Климаттын өзгөрүшү боюнча конвенциянын алкагындагы Тоолуу өлкөлөрдүн сүйлөшүү тобунун мүчөсү болууга чакырды.

Экономикалык талдоочу Искендер Шаршеев кыргыз өкмөтүнүн жашыл экономиканы өнүктүрүүгө багытталган ишмердиги соңку жылдары чындап эле жигердүү жүрүп жатканын айтат:

“2024-жылга чейин жашыл экономиканы өнүктүрүү программасы кабыл алынган. Андан кийинки версиясы дагы 2030-жылга чейин кабыл алынды. Анын расмий жарыясын күтүп жатабыз. Жалпы карасак, акыркы 2-3 жыл ичинде кыргыз мамлекетинде аябай көп мыйзамдар жана мыйзам аткаруучу иш кагаздар кабыл алынды. Сууга карата, энергетикага карата, “микрогенерация” деген түшүнүк киргизилди. Мындан мурун ЕАЭБдин ичинде электромобилдерге жеңилдетилген режимдин мөөнөтү узартылган болчу. Квотаны бүтүрүп салыптырбыз, электромобилдерди алып келүүгө нөлдүк алым менен ушундай квота бизге дагы 5-6 жылга керек болуп жатат. Саркынды сууларды тазалоо боюнча чечим чыгарылган. Улуттук банктын талабы боюнча ар бир финансылык институт долбоорлорду каржылаганда, ошол долбоорлордун экологиялык суроолорго жооп берип, жаратылышты сактаганга арналгандыгы каралган”.


Насыясын “жашыл” долбоорлорго айырбаштоого ким кызыкдар?

Өлкөнүн тышкы карыздарын “жашыл” долбоорлорго айырбаштоо маселесин иштеп чыгуу 2023-жылдан башталган. Ал жылы Түркия, Германия жана Франция баштаган донорлорго жалпы суммасы 395 млн доллар болгон карызын “жашыл” долбоорлорго алмашуу өтүнмөсүн жолдогон.

Финансы министрлиги билдиргендей, Германия KfW банкынын 14,9 млн евро, Түркиянын өкмөтү 58,9 млн доллар аласасын Кыргызстандагы “жашыл” долбоорлорго айырбаштаган.

Бирок, тышкы карыздын июль айына карата түзүмүн карасак, немис банкынын алдындагы карыз мурдагыдан көп деле азайган жок – июль айына карата эки жыл мурдагыдай эле 64 млн доллар болуп турат. Түркия берген карыздын дагы деле өчүрүлө электигин, 2023-жылдан бери анын көлөмү болгону 5,5 млн долларга азайганын көрөбүз.

“Бул бош калган ресурстарды энергияны натыйжалуу жана экологиялык таза технологияларды колдонуу менен “Менин үйүм” программасын ишке ашырууга калган ресурстарды багыттоого мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда, Финансы министрлиги Франция, Жапония, Түштүк Корея жана Дания сыяктуу бир катар кредиторлор менен карызды “жашыл” долбоорлорго, анын ичинде саламаттыкты сактоо жана социалдык инфраструктура тармактарына алмаштыруу механизмдери жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат”, - деп билдирди Финансы министрлигинин өкүлү.

Финансы министрлигинин сайтындагы тышкы карыздын түзүмү боюнча, Кыргызстандын Франциянын банкына 3,8 млн, Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттигине 140,8 млн, Түштүк Кореянын Экспорттук-импорттук банкына 9,6 млн жана Даниянын Экспорттук-кредиттик фондуна 1,4 млн долларлык бересе насыясы бар.

Жергиликтүү медиаларга чыккан маалыматтарга ылайык, Түштүк Кореянын Эксимбанкы Бишкектин насыясын экологиялык долбоорлорго алмашуу сунушун “мындай программабыз жок” деген жүйө менен четке каккан.

Быйылкы жылдын июлуна карай Кыргызстандын чет өлкөлөр менен эл аралык донор институттардан алган тышкы карызы 5,2 млрд доллардан ашып турат. Анын 90% Кытайдын Эксимбанкы, Дүйнөлүк банк жана Азия өнүктүрүү банкы баштаган сегиз финансылык институтка таандык. Калган 10 пайызы 16 донордун үлүшүнө туура келет. Алардын ичинде Финансы министрлиги белгилеген Франция, Түштүк Корея, Дания, Германия жана Түркия бар.


Экономист Нургүл Акимова берген карызын “жашыл” долбоорлорго алмашуу өндүрүшү өнүккөн айрым өлкөлөргө эле кызык болбосо, эл аралык институттардын андай механизмдери жок экенин белгилейт:

“Эгерде биз карыз болгон өлкө көп чыгынды (СО2) таштаса жана алар кызыкдар болсо, анда алар ушундай сүйлөшүүлөргө барат. Негизи эле дүйнөдө чыгындыга (выброс) болгон позициясы кандай, ошол жагын карап, ошого жараша сүйлөшүү позициясын түзөт. Өнүктүрүү институттары алмашпайт, ал жакта механизм каралган эмес. Эл аралык мамиледе мамлекет аралык гана “чыгынды соодасы” деген термин бар. Мисалы, бир өлкөдө көмүр кычкыл газын көп чыгарат. Алар же Глобалдык климаттык фондго акча жөнөтөт, же болбосо мамлекет аралык карызды реструктуризациялайт. Өзүнүн жол-жоболору бар”.

Айткандай эле, Кыргызстан тышкы карыздарын “жашыл” долбоорлорго алмашуу сунушун көп тараптуу өнүктүрүү институттарына бере элек. Бул алардын программаларында алмашуу механизминин жоктугуна байланыштуу, сыягы. Алардын үлүшүнө дээрлик 2,5 млрд доллардай же тышкы карыздын дээрлик жарымы туура келет.

Колунда Бишкектин тышкы карызынын үчтөн бири турган эң ири насыячы Кытайдын Эксимбанкында да андай эреже каралган эмес. Эксперттер Бээжин берген насыясын жөнсалды кечүүгө барбашын, жалгыз жолу – тоо-кен, энергетика же инфратүзүмдүк ресурстарга алмашуусу мүмкүндүгүн айтып келишет.

Мындан алганда, кыргыз бийлигинин тышкы карызды “жашыл” долбоорлорго алмашуу демилгесин айрым кредитор-мамлекеттер колдоого алган учурда деле Кыргызстандын тышкы карызынын көлөмү 7-10% чейин азайышы мүмкүн.

Шерине

XS
SM
MD
LG