Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:49

Бишкек АКШны биргелешкен демилгелерден күтөбү?


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана АКШ президентинин Түштүк жана Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Серджио Гор.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана АКШ президентинин Түштүк жана Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Серджио Гор.

Дүйнө лидерлери Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясына катышуу үчүн Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарына чогулушту. Сессия 23-сентябрда башталды, 29-сентябрга чейин уланат. Эң ири эл аралык дипломатиялык иш-чарага катышуу үчүн Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров дагы АКШга барды.

Кыргыз президенти Башкы ассамблеяда Бишкек убактысы боюнча 24-сентябрга караган түнү сөз сүйлөдү.

Ал өз сөзүндө дүйнөдөгү учурдагы абалга токтолуп, Украина, Жакынкы Чыгыштагы согуштарды токтотуу, Украинадагы согушка байланыштуу Кыргызстандагы айрым ишканаларга салынган санкцияларды алуу, Ооганстандагы учурдагы кырдаалды жакшыртуу үчүн буга чейин камакка алынган активдерин бошотуу, климаттык өзгөрүүлөргө бирге каршы туруу сыяктуу маселелерге көңүл бурду.

Башкы ассамблеянын жалпы дебаттарында Жапаров "Жасалма интеллект: эл аралык коопсуздук жана тынчтык" темасындагы ачык дебаттарга жана климаттын өзгөрүшү боюнча атайын иш-чарага катышары да маалымдалган.

Сессияны утурлай кыргыз делегациясынын башчысы Нью-Йорк шаарында Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри, учурда Глобалдык өзгөрүүлөр институтунун аткаруучу төрагасы Тони Блэр менен жолугуп, реформалык иштерде кызматташуунун келечегин талкуулады.

“Кыргыз Республикасы Улуу Британия жана Америка Кошмо Штаттары менен, дегеле жалпы Европа менен эки тараптуу кызматташтыкты жогорку деңгээлге чыгарууга кызыкдарбыз. Азыркы учурда Кыргызстан улуттук ири долбоорлорду ишке ашырууга бел байлап жатабыз. Урматтуу Блэр мырза, ушул жылдын июнь айында сиз Кытайда Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы менен жолукканда сиздин консультациялык кызматтарды сунуштаганыңыз мага маалым. Сиздин сунуштарыңызды мен жеке өзүм дагы сиздин оозуңуздан укканга даярмын”, - деди Жапаров.

Глобалдык өзгөрүүлөр институтунун аткаруучу төрагасы Тони Блэр Кыргызстанда болуп жаткан оң өзгөрүүлөргө, ошондой эле мамлекеттик башкаруу системасынын жакшырышына дыкат көз салып жатканын белгиледи. Ал Жапаровдун башкаруу чөйрөсүн реформалоо иштерине жардам берүүгө дилгирлигин билдирди.

“Мен Кыргызстанга эки себептен кызыгып жатам. Эң биринчиден, сиздер өкмөттүк башкарууну жакшыртуу боюнча реформаны киргизип жатасыздар. Мен дагы бюрократияны жоюуга жана өкмөттүн натыйжалуу иштешине кызыкдармын. Сиздин приоритеттердин арасында айткандай, инвестицияларды тартуу, туризмди өнүктүрүү жана финансылык борборлордун туура иштеши үчүн өзүмдүн премьер-министр болгон жана институтта иштеген тажрыйбамды колдонуп ишке ашырганга жардам берем”.

Жапаров сапардын алкагында АКШ президентинин Түштүк жана Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Сержио Гор менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Президенттик администрациядан билдиргендей, жолугушууда эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда, анын ичинде экономикалык багытта мамилелерди чыңдоо маселелери талкууланды. Мындан тышкары миграциялык процесстерди көзөмөлдөө маселелери каралды.

Жапаров Кыргызстан Трамптын администрациясы менен активдүү кызматташууга, ошондой эле чөлкөмдө туруктуу өнүгүүнү жана стабилдүүлүктү камсыздоого багытталган биргелешкен демилгелерди илгерилетүүгө даяр экенин белгиледи.

Сержио Гор соңку учурларда Ак үйдөгү бир кыйла таасирдүү, бирок өзүн көмүскө алып жүргөн саясатчылардын бири. Өзбекстанда туулуп, Мальтада жана АКШда чоңойгон Гор Дональд Трамп президент болгондон бери Ак үйдүн кадр башкармалыгын жетектеп келди. Августтун ортосунда Трамп аны АКШнын Индиядагы элчиси жана ошону менен катар Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча атайын чабарманы кылып дайындаган. Трамп Горду “ишенимдүү досум” деп атап, анын президенттик өнөктүктөгү жана кадр саясатындагы салымын баса белгилеген.

Борбор Азия аймагына карата кызыгуу

Саясат талдоочу Эмил Жороев Ак үйгө Дональд Трамптын келиши менен АКШнын тышкы саясаты бир кыйла өзгөргөндүктөн Бишкектин алар менен кызматташтыкка кызыгуусу артканын белгилейт.

“Американын азыркы бийлиги ар кандай стратегиялык маанидеги маселелерге өзгөчө артыкчылык берип, коопсуздук болобу, экономикалык соода жүргүзүүдөгү саясатка тиешеси болобу, ушундай маселелерге өзгөчө көңүл буруп келет. Анын ичинде Борбор Азия чөлкөмүндөгү ар кандай стратегиялык минералдарга болгон кызыгуусу абдан чоң. Бирок ал, албетте, Кыргызстанга гана тиешелүү эмес. Андай нерселер өзгөчө Казакстанга, Өзбекстанга тиешелүү болуп келет. Бирок Кыргызстан Борбор Азия мамлекеттеринин катарында жана беш мамлекет бирге алып бараткан диалогдун алкагында мындай иштешүүгө даяр жана катышып келет. Геосаясий өтө чыңалган, опурталдуу убакыттарды байкап атканыбыздын дагы бир жери – Кыргызстан үчүн жана биздин кошуналар үчүн Борбор Азия чөлкөмүндөгү диалогдун жана өз ара кызматташтыктын бекемдөөсү ушундай геосаясий дүрбөлөң убакыттарда өзүнүн пайдасын алып келип атат”.

Жапаров Нью-Йоркто БУУнун Коопсуздук кеңешинин "Жасалма интеллект: эл аралык коопсуздук жана тынчтык" темасындагы ачык дебаттарына жана климаттын өзгөрүшү боюнча атайын иш-чарага катышууда.

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкатчысы Антониу Гутерриш “жасалма интеллектти жакшылап тизгиндебесе, теңсиздик менен санарип ажырымды андан бетер тереңдетип, калктын эң аярлуу катмарына болуп көрбөгөндөй катуу таасир кылышы мүмкүн” – деп, адамзаттын эртеңи үчүн ушул тарыхый мүмкүнчүлүктү колдонуу зарыл экенин айтып келет.

"Ички ишке кийлигишүү"

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясында сүйлөгөн сөзүндө өлкөгө салынган санкцияларды негизсиз деп атап, муну өлкөнүн ички ишине кийлигишүү деп атады.

"Негизсиз санкцияларды өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү катары жана жаңыдан бутуна туруп келе жаткан экономикабызды төбөсүнөн ылдый басуу деп баалайбыз", - деди Жапаров.

Мамлекет башчы Кыргызстан экономикасын өз алдынча чыңдоого күч үрөп, аракеттенип келатканын, эл аралык милдеттенмелерин ар дайым так аткарып келатканын белгиледи.

Президент Кыргызстанга карата жарыяланган санкциялар "айрым бейөкмөт уюмдардын жана кара ниет жарандардын" жайылткан жалган маалыматтарына негизделгенин билдирди. Жапаров буга байланыштуу банктардын ишмердүүлүгүн кылдат текшерттирүү үчүн көз карандысыз эл аралык аудиттерди кабыл алууга даяр экенин айтты.

"2024-жылы Европа Бирлигинин өлкөлөрү Орусия менен 141 миллиард долларга соода жүргүзсө, анын 36 миллиард доллары Орусиядан импорттолгон товарлар болгон. Ал эми биздин 2 банкка каршы санкция жарыялаган Британиянын өзү 2024-жылы Орусия менен 2,2 миллиард долларга соода жүргүзгөн. Кимдир бирөөлөр Орусия менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүн өзүмчүлүк менен өзүнө калтырып, өз кызыкчылыктарын коргоп, башкаларга тыюу салган. Бизге Орусия менен кызматташпагыла деген талап коёсуңар дагы өзүңөр кеңири кызматташып жатасыңар. Бизди силерге караганда Орусия менен көптөгөн экономикалык байланыштар бириктирип турат”, - деди Жапаров.

Жапаров Кыргызстан башкалар менен тирешүүнү каалабай турганын, дээрлик бардык өлкөлөр менен кызматташып, көп векторлуу саясат жүргүзө турганын кошумчалады. Ал Кыргызстан ошол эле Англияга жылына 1 млрд долларлык алтын сатарын мисал келтирди.

АКШ, Улуу Британия жана Жапония Орусия менен активдүү кызматташканы үчүн санкция киргизген Кыргызстандагы компаниялардын саны 10-15ке чамалады. Алар көбүнесе өнүккөн өлкөлөрдөн жарандык да, аскердик да багытта иштетилген кош маанидеги товарларды Орусияга өткөрүп турган ишканалар.

11-январда АКШ Кыргызстанда катталган “Газпром нефть Азия” жана “Мунай мырза” компанияларына санкция салган. Төрт күндөн кийин – 15-январда АКШнын Каржы министрлиги чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын жаңы санкциялар топтомун жарыялап, “Керемет банкка” да санкция киргизген. АКШ “Керемет банктын” расмий өкүлдөрү 2024-жылдын жай айларынан бери эл аралык санкцияларды кыйгап өтүү схемаларын жүзөгө ашыруу үчүн орусиялык расмий өкүлдөр жана АКШнын “кара тизмесиндеги” “Промсвязьбанк” менен иштешип, аталган банктын атынан сыртка каражат которуп турганын” кабарлаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG