Мындай иштерге каршы туруу үчүн жыйырмадан ашуун депутат “1991-жылдан тартып 2024-жылга чейин менчиктештирилген айрым объектилерге карата мунапыс берүү жөнүндө” мыйзамын жазып чыгышкан. Бул арада өкмөт дагы өлкөгө кирип жаткан чет элдик инвестиция эки эсе азайып кеткенин моюндап жатат. Жагдайды жакшыртуу үчүн ишкерлерди каржылоо сапатын жакшыртуу аракетин көрүп жатышканын да билдирүүдө.
Парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) атамекендик ишкерлерге олуттуу басым жасап жатканын, мындай мамиле өз кезегинде өлкөдөгү инвестициялык климатка жагымсыз таасир кыларын айтты.
“Эмнеге бүгүнкү күндө Кыргызстанга инвесторлор келбейт? Мына, күн тартибинде криптомайнинг мыйзамдар эмнеге келип атат? Анткени инвесторлор жок! Ишкерлерди "кустуруп" атып, коркутуп атып, желкесинен алып атып мына ушуга жеттик. Анан ушул мыйзам эмнеге керек? Сиздер сыртка чыкканда, инвестиция жөнүндө сөз кылганда, алар “жеке менчик кепилдиги барбы же жокпу?” деп сурайт. Жеке менчик кепилдиги болсо, сиздерге сырттан инвесторлор келет. Ошого өкмөт так жооп бергенге үйрөнүңүздөр. Мисалы, мен сыртка чыксам, “келгиле, бизде баары жакшы” деп биз да чакырып атабыз. Алар интернетти ачат. Бир ишкер ыйлайт, “тигини камады, муну камады”. Камалгандын баары эле өкмөттүк кызматта иштегендер эмес. Бүт ишкерлер камалып атат. Сөз эркиндигинде журналисттер камалып атат. Анан сөз эркиндиги жок болсо, анын үстүнө жеке менчик деген... УКМКдан каалаганы келип... Мен ойлойм, УКМКда Камчыбек Кыдыршаевич менен президентке жетпеген көп иштер бар. Корккон эл аны сыртка чыгарбайт, интервью бербейт, ачыкка чыкпайт. Унчукпай эле үлүшүн берип туруп, кутулуп чыгып кетип атышат. Мунун баарын ишкерлер билет. А сыртта жүргөн инвесторлор ошол ишкерлерден сурайт. Кыргызстанда эң башкы инвестор ким? Бул – атамекендик ишкер. Ошол атамекендик ишкердин отуз жылдан бери сырттагылар менен байланышын түзгөндөр. Аларга чалат “ай сен чоң ишкер, орто ишкер же кичи ишкер экенсиң, айтчы, канчалык коопсуз, иштегенде сеникин эч ким тартып албайбы?”. Жок андай кепилдик!”.
Демилгечилер менчиктештирилген объекттерди сатып алган акниет ишкерлер мыйзамдан жабыр тартпай турганына ишендирүүдө. Муну менен катар мыйзамдын мектеп, оорукана, бала бакча өңдүү социалдык объектилерге тиешеси болбойт.
Сурабалдиева менчиктештирүү мыйзамдарын орунсуз аткарган аткаминерлерге карата эч кандай чара көрүлбөй келатканын белгиледи. Кезинде кызмат абалынан кыянат пайдаланып же коррупциялык жолдор менен мамлекеттик мүлктү ээлеп алган алар азырга чейин жыргап жүрүшкөнүн айтты.
Депутат Дастан Бекешев мамлекетке кайтарылган ишканалар талкаланып, жок болуп баратканын белгиледи.
Депутат Эмил Токтошев атамекендик ишкерлердин колунда "кызыл китеби" бар туруп жерин, мүлкүн тарттырып жибериши чет элдик инвесторлорду таң калтырып жатканына токтолду.
Мыйзам долбоору депутаттар Надира Нарматова менен Айсара Абдибаеванын кескин каршылыгына жана Экономика министрлигинин өзгөчө пикирине карабай комитетте биринчи окууда жактырылды.
Өкмөт инвестициялык климат начарлап баратканын түшүнүп турат
Өкмөт дагы өлкөгө келген чет элдик түз инвестициянын агымы кескин азайып кеткенин моюндап жатат. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев жергиликтүү медиага курган маегинде инвестициялык климат начарлап баратканын, жагдайды оңдоо үчүн жергиликтүү банктардын каржылоо системасын даярдоо иши башталганын билдирди.
“Биз инвестиция тартуунун темпи басаңдап кеткенин көрүп атабыз. Эгерде былтыр жалпы суммасы 900 млн доллар турган 120 компания ачкан болсок, быйыл бул көрсөткүч 126 ишкана болууда, бирок инвестициянын көлөмү 450 млн долларга эле жетти. Башкача айтканда, эки эсе азайды, портфелдин сапаты да начарлап барат. Ошондуктан жакында президенттин жер-жерлердеги ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрүп, финансылык мекемелерибизди даярдоо жана портфелибизди жакшыртуу маселесин талкууладык. Министрлер кабинети орто жана кичи бизнести колдоо чечимин чыгарды. Экономика, финансы министрликтерине кичи жана орто бизнеске дем берүү стратегиясын иштеп чыгуу, өзүбүздүн финансылык мекемелерибиз аркылуу аларды жеткиликтүү насыялар менен камсыздоо тапшырмасы берилди. Бул программа учурда иштелип жатат. Анын негизги өңүтү коммерциялык банктардын насыялары ишкерлерге жеткиликтүү болушу үчүн пайыздык чендерин каржылоону көздөйт”.
Амангелдиев жакында еврооблигациялар аркылуу тартылган 700 млн доллар насыя “Элдик Банкты” капиталдаштырууга берилгенин кошумчалады. Мындан ары Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жана "Элдик Банк" аркылуу инвестициялык долбоорлорду каржылоого басым жасалмакчы.
Менчик укугун ким коргойт?
Башкы прокуратура ишкерлердин укуктарынын сакталышын көзөмөлдөө багытында ыкчам иштеп жатканын билдирип келет. Көзөмөл органы “Ишкердик субъектилерди текшерүүлөрдү каттоо” жана “Бизнести коргоо” мобилдик тиркемелерин иштеп чыккан. Бирок соңку кездери кызуу ураан менен жүрүп жаткан менчиктештирилген мүлктү мамлекетке кайтарып алуу ишиндеги мыйзамдуулуктун сакталышы тууралуу кандайдыр бир талдоосун жарыялай элек.
Башкы прокуратуранын Ишкерлердин укуктарынын сакталышын көзөмөлдөө башкармалыгынын улук прокурору Улан Жумадилов менчик мүлкүн тартып алуу боюнча ишкерлерден арыздар каттала электигин билдирди.
“Мүлкүн тарттырып алуу деген кылмыш ишинин алкагында каралышы мүмкүн. Эгерде тергөө убагында тергөөчүлөр тарабынан мүлкү алынды, тиги-бу десе, аны Башкы прокуратурада тергөөнү көзөмөлдөө башкармалыгы бар, ошолор карашат. Бизге “мүлкүн тартып алды” деген боюнча арыз деле жок азырынча”.
Бирок макала жазылып жаткан маалда көзөмөл органынын тергөөнү көзөмөлдөө башкармалыгы менен байланышуу мүмкүн болгон жок.
2022-жылы Башкы прокуратуранын алдында ишкерлер менен инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча консультативдик кеңеш түзүлгөн. Кеңештин ишкер ассоциациялар менен биргелешкен жыйыны бир-эки жолу өткөндөн кийин белгисиз себептер менен токтоп калган болчу. Быйыл август айында анын ишмердиги кайра жанданганы кабарланды. Ал аянтчада ишкерлер менен инвесторлорго жагымдуу шарттарды түзүү жана мамлекет жасап жаткан тоскоолдуктарды жоюу маселелери талкууланат.
Ал эми Кыргызстандагы ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча иш алып барган Бизнес-омбудсмен институту 2023-жылы донордук каржылоосу токтотулгандыгына байланыштуу ишин токтоткон. Бирок уюмдун ишин кайра жандандыруу аракеттери токтой элек.
Бир кезде бизнес-омбудсмендин орун басарынын милдетин аткарып келген Нурланбек Мусуралиев ишкерлер мыйзам бузуулар боюнча дагы деле кайрылып келатканын айтат:
“Бизди Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы каржылап келген. Кийин согуш башталганда токтотуп койгон. Азыр эми донорлордун баары жок, эл аралык уюмдар бүт кыскартып атат. Азыр Ишкердик кодекс дегенди иштеп чыктык. Ошол жакка киргизип койду. Буюрса, билбейм, депутаттар кандай чечет, мамлекеттик бюджеттен каржыланат деп депутаттар кеп кылып атышат. Ишкерлер бизге дагы эле Фейсбуктан таап чалып атышат. Кээ бирде колдон келишинче консультация берип атам. Бирок терең юридикалык экспертиза кыла албайм жалгыз. Ишкерлер көбүнчө эмне боюнча кайрылып атат? Көп эле маселе – туура эмес салынган салыктар же мамлекеттик органдардын кызматтар же товарларды берип, акчабызды ала албай жатабыз деп. Мыйзамсыз текшерүүлөр деп. Биринчи-экинчи жылдары көбүрөөк болчу, азыр эми азыраак болуп калды. Баары эле көрүп атат да иштебей атканыбызды”.
Чет элдик инвесторго кандай шарттар керек?
Кыргыз бийлиги өлкөдө жагымдуу инвестициялык климатты жаратып жатканын, чет элдик инвесторлорго мүмкүн болушунча жакшы шарт түзүп берерин убада кылып келет.
Өкмөт Ысык-Көлдүн жээгинде “Асман” аттуу экошаар куруу демилгесин жарыялап, ага чет элден инвестор тартып келүүгө болгон аракетин жумшады. Бирок чет элдик делген бир катар инвесторлор баш тарткандан кийин аягында долбоордун тагдыры белгисиздикке ооп кетти. Учурда "Ала-Тоо Резорт" деп аталган туристтик ири долбоорду баштап турат. Өкмөттүн жагымдуу шарттарды убадалаганына карабай, инвесторлордун катарында атамекендик ишкерлер гана көрүнөт. Чет элдик инвесторлор келүүгө шашылбай жаткан мындай мисалдарды санай келсе көп эле.
Статистикалык маалыматтарга таянсак, Кыргызстанга 2024-жылы 6,9 млрд доллар инвестиция келген. Бул көрсөткүч он жыл мурдагы көлөмгө караганда 23% көп, бирок, 2022-жылдагы рекорддук суммадан 23% аз.
Инвестиция негизинен иштетүү өнөр жайына, тоо-кен өндүрүшүнө, соода-сатыкка жана финансылык ортомчулук тармагына салынууда. Инвестиция тартууда Кыргызстандын салттуу өнөктөштөрү болуп Орусия, Казакстан, Кытай, Түркия, Өзбекстан сыяктуу өлкөлөр саналат. Мурда олуттуу инвестиция жумшап келген Улуу Британия, АКШ жана Нидерланддан келген инвестициянын агымы бир кыйла азайган.
Экономикалык серепчилер экономиканын өнүгүүсүн туруктуу кармоо үчүн геосаясий тобокелдиктерди азайтуу жана бизнес климатты жакшыртуу зарылдыгын белгилеп жатышат.
Экономикалык талдоочу Искендер Шаршеев түпкүлүгүндө мыйзам бузуулар менен менчиктештирилген мүлктү мамлекетке кайтаруу дүйнө коомчулугунда туура эле кабыл алынарын айтат. Бирок айрым учурларда мыйзам жолунда алынган менчик мүлктүн да тартылып алынышы инвесторлорду кооптондурарын эскертет.
“Эл аралык Moody’s агенттиги бизге B жана B+ деген баа коюп атат. Бул деген Кыргызстандагы инвестициялык базар “орточо жакшы” дегенди билдирет. “Бул базарда тобокелдиктер бар, жеке менчикке коркунуч бар, бирок ошону менен бирге бул жаатта өнүгүү болуп жатат жана бийликтин инвесторлорду колдоо ниети бар” дегенди билдирет. Бул деген орточо тобокелдиктер менен биздин өлкөдө иш жасоого мүмкүнчүлүк бар деген сөз. Өнүгүүнү басаңдатып аткан эң негизги тобокелчилик – бизде жергиликтүү бийлик инвесторлор менен иштегенди биле бербейт. Экинчиден, бизде финансылык борборлор түзүлө элек. Үчүнчүдөн, британ укуктагы экстерриториалдык арбитраждык сот системасы (башкы кеңсеси Лондондо жайгашкан эл аралык коммерциялык арбитраж) түзүлө элек. Инвесторлордун эң негизги талабы ошол. Жакшы сот системасы уюшулса, жеке менчикти коргоо системасы бекем калыптанса жана жергиликтүү бийликте инвесторлор менен иштеген маданият өнүксө, ошондо биз А баалоосуна өтүп кетмекпиз”.
Президент Садыр Жапаровдун айтымында, коррупцияга каршы күрөштүн алкагында өлкө казынасына 200 миллиард сомдон ашык акча, 1100дөн көп кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк мамлекеттин карамагына өткөн. Мындай маалыматты ал 31-майда Бишкекте Улуттук коопсуздук комитетинин борбордук аппаратынын жаңы имаратынын ачылышында айткан. Андан бери да атайын кызмат менен укук коргоо органдары мамлекетке кайтарып жаткан мүлк тууралуу кабарлар уланып келет.
Шерине