Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кышка даярдык боюнча өкмөттүк жыйында электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырды. Соңку жылдары энергетикалык кризистен чыкпай келаткан Кыргызстандын кышка камылгасы кандай? Өкмөт кандай чара көрөт?
Энергетиктер алдыдагы кыш өтө оор болорун, Кыргызстандын өзүнүн энергетикалык кубаттуулуктары калкты толук камсыздай албашын билдирүүдө.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде калкты электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга, айрым техникалык мүчүлүштүктөр менен авариялык өчүрүүлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды:
“Эң кыйын жылыбыз – быйылкы жыл. Быйылкы 2025-2026-жыл эң кыйын жыл. Себеби мурдагы жылдарга караганда суунун көлөмүнүн аздыгы 1,6 млрд куб болууда. Былтыр 12,4 млрд келгенде биз аябай аз дегенбиз. Быйыл былтыркыга салыштырмалуу 1,6 млрд куб суу аз. Бул деген 1,6 млрд кВт/саат аз иштетилет дегенди билдирет. Жаратылышка эч нерсе кыла албайт экенбиз, былтыр 107% жаан-чачын болсо, быйыл 92% эле болду. Муну биз эле эмес, ошол эле мен-мен деген Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан – баары тең сезип жатат”.
Министр кышында чыңалуу жогору болсо көмөк чордондор менен чубалгыларга күч келип, авариялык өчүүлөр болушу мүмкүндүгүн эскертүүдө. Айтымында, быйылкы кыштан чыгуу үчүн Түркмөнстан менен Орусиядан 4,3 млрд кВт/саат электр энергиясын сатып алуу мерчемделүүдө.
Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын кышындагы электр энергияны керектөөсү 18 млрд кВт/сааттан ашып, өндүрүлгөн кубаттуулуктан 4 млрд кВт/сааттан ашып түшөт. Быйылкы жайда, министр белгилегендей, Токтогул ГЭСине агып кирген суунун көлөмү аз болуп, 11 миллиардга жетпеген суу чогулду. Былтыр-мурунку жылдары деле суу жарытып чогулган эмес – 12 млрд кубдун тегереги менен токточу.
Мындан улам Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев күз-кыш мезгилине даярдык боюнча жакында өткөргөн жыйында бардык министрликтерди, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары менен жалпы калкты электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды.
“Жайында сууну агызып салбай, кышты ойлош керек болчу”
Өлкөдөгү электр станцияларынан өндүрүлгөн электр энергиясынын көлөмү керектөөнүн 20-25% бөлүгүн жаба албай, муктаждык улам өсүп жаткандыктан кыргыз өкмөтү соңку 3-4 жылдан бери 3 млрд кВттан ашуун жарыкты Түркмөнстан, Казакстан жана Орусиядан импорттоп келет.
Мындан улам ар бир абонентке кышкы мезгилге 5 жана 10 кВттык чектөөлөр киргизилген. Ошондой эле энергетика тармагын узак жылдар чогулган терең каатчылыктан чыгаруу далалатын көргөн кыргыз өкмөтү жарыктын баасын жыл сайын 10-15% жогорулатуу мүдөөсүн жарыялаган.
Бир катар тармактык эксперттер өкмөттүн жетишпеген электр энергиясын коңшу мамлекеттерден сатып алууга арткан үмүтү бир катар тобокелдиктер менен коштолорун айтып жатышат. Алар сырттан импорттолгон жарыктын баасы кымбат болгондуктан ал кыргыз экономикасы менен ишканаларынын абалына оорчулук келтирет деп эсептешет. Муну менен катар, эгерде кышкы суук катуу болуп калса, Өзбекстан менен Казакстанда да жетишсиздик жаралып жана линияларында, көмөк чордондорунда чыңалуу жогорку чекте болгондуктан Кыргызстанга электр энергиясын транзит өткөрүп бере албай калышы мүмкүн деп кооптонушат.
Отун-энергетика комплекси боюнча эксперт Расул Умбеталиев өкмөттүн Токтогул суу сактагычына сууну көбүрөөк топтоо аракети ишке ашпай, анын айынан өлкө кайрадан энергетикалык кризиске кептелгенин айтат:
“Министрлер кабинетинин кышка даярдык боюнча токтомунун негизинде Токтогул суу сактагычында 13,3 млрд куб суу топтолсун деген тапшырма берилген. Бирок, тилекке каршы, ал аткарылган жок. Күзгү-кышкы мезгилде эл, жалпы экономика, ишканалар 18,6 млрд кВт/саат колдонот. Биз болгону 13,5 млрд эле электр энергия өндүрүп жатпайбызбы. Ошонун негизинде 4,5-5 млрд кВт/саат жетишсиздик болот. 1-майдан баштап сууну үнөмдөш керек эле. Тилекке каршы, андай болгон жок. Август айларында Токтогул сактагычында суунун чыккан агымы киришине караганда көбүрөөк болду. Ошонун негизинде суу топтолгон жок. Анткени сууну коңшу мамлекеттерге – Өзбекстанга, Казакстанга көбүрөөк коё беришти. Эми түшүнүктүү, Өзбекстанда, Казакстанда быйыл өтө катуу ысык болду. Коңшу мамлекеттерге жардам бериш керек, жакшынакай алака түзүш керек, ал да түшүнүктүү. Бирок биз өзүбүздү дагы ойлошубуз керек эле да. Кышкы мезгилде эмне кылабыз?”.
“Экономиканы энергетикалык кубаттуулук менен камсыздап жетишпей жатабыз”
Кыргызстанда жалпысынан жети ГЭС жана эки жылуулук электр борбору иштейт. Алардын жалпы кубаттуулугу 3 850 мВт сааттан ашуун. Булардан тышкары иштеп жаткан 24 чакан ГЭС бар.
Гидроэлектр станциялардын ичинен эң ириси Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 1200 мВтка чейин, анын суу сактагычы 19 млрд куб метрге чейин сууну батыра алат. Быйыл Токтогул ГЭСинин 4 гидроагрегаты алмаштырылып, кошумча 240 мВт кубаттуулук кошулганы, эми ГЭСтин жалпы кубаттуулугу 1440 мВтты түзөрү маалымдалган.
Соңку жылдары кыргыз өкмөтү ондогон чакан ГЭС куруп жатканын маалымдап келет. Алардын алды ишке кирип да жатат. Ошого карабай, бийлик экономиканын өсүшү жогорку темпте болгондуктан керектөөнү электр кубаттуулугу менен камсыздоого жетишпей жатканын айтып турат.
“Биз азыркы убакта, чынын айтыш керек, энергетикада генерацияны көбөйткөнгө жетишпей жатабыз. Бир эле мисал келтирип кетейин, мына былтыр өзүңөр күбө болдуңар, “Киров” суу сактагычына 25 мВт чакан ГЭС курдук. Курары менен ал жерде дароо аэропорт ачылды, Ички иштер министрлигинин жаңы имараты ачылды, анан Бакай-Ата районундагы мектеп ачылды. Ошол 25 мВтты дароо эле алып кетти. Биз аны башка жакка жумшай алган жокпуз, ошол жерде 93-94 млн кВт/саат жылына өндүрөт, ошонун баары эле ошол жаңы кирген имараттарга колдонууга кетип калды”, - дейт министр Таалайбек Ибраев.
Кыргызстан 2023-жылдан бери ири көлөмдөгү электр энергияны Түркмөнстан менен Орусиядан импорттоп келет. Өкмөт алардан сатып алган жарыктын көлөмү менен баасын жашыруун кармаганга аракет кылат. Ошол жылдан бери расмий статистикада да электр энергиясынын импорту тууралуу маалыматтар берилбей калган. Быйыл май айынан тартып Токтогул суу сактагычына кирип-чыккан жана чогулган суунун көлөмү боюнча маалыматты да жаап, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) көзөмөлүнө өткөрүп берген.
Шерине