Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:29

Эрте кеткен парламент, системалык эреже талабы


Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши.

Жогорку Кеңештин депутаттары 25-сентябрда парламентти кезексиз таркатуу тууралуу демилгечи топтун сунушун бир добуштан колдоду. Ага 84 депутат добуш берип, эч ким "каршы" болгон жок. Демилгечилер мындай кадамга мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн барышканын айтууда. Ошол эле маалда, коомдо шайлоочулардын пикири суралган жок деген сын да айтылууда. Кыргызстандын эгемен тарыхында буга чейин дагы парламент мөөнөтүнөн мурда таратылган окуялар болгон, бирок өзүн өзү тараткан учур болгон эмес.

VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин өзүн өзү таркатуу жөнүндөгү токтомунун долбоорун окуган депутат Улан Примов парламенттик шайлоону 2026-жылдын ноябрында, андан кийин президенттик шайлоону 2027-жылдын январында өткөрчү болсо саясий туруксуздук жаралып, бийлик бутактарынын толук иштешине залакасын тийгизүү коркунучун эске салды. Ал шайлоолор олуттуу финансылык, адамдык жана материалдык-техникалык ресурсту талап кылгандыктан шайлоо системасына ашыкча жүк жаратып, каталардын жана мыйзам бузуулардын тобокелдиги бар экендигин айтты:

Улан Примов
Улан Примов

“Эки чоң өнөктүк жакын болгондугуна байланыштуу мамлекетибиздеги саясий туруктуулукту бекемдөө, мамлекетте бийлик бутактарынын толук иштеп туруусун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 1-пунктуна ылайык, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө” мыйзамдын 140-беренесин жетекчиликке алып, VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарын өзүн өзү таркатуу боюнча сунушту сиздер колдоп бересиздер деп ишенемин”.

Айрым депутаттар “жок дегенде келерки жазга чейин иштей турсак болмок” деген сөздөр менен кыйылып, бирок демилгени колдоп беришти.

"Шайлоо болуп көрбөгөндөй таза өтөт"

Токтом бир добуштан кабыл алынгандан кийин сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин өзүн өзү таркатуусуна президенттин да, өкмөттүн да же башка укук коргоо органдарынын да кийлигишүүсү болбогонун, демилге депутаттардын өзүнөн гана чыкканын билдирди.

Нурланбек Тургунбек уулу
Нурланбек Тургунбек уулу

“Эми шайлоо, буюрса, бардык процедуралардын негизинде алып карай турган болсок, 30-ноябрга белгиленет. Үстүбүздөгү жылдын 30-ноябрында шайлоону болуп көрбөгөндөй таза өткөрүүгө биз бел байлайбыз. Буга баарыбыз аракет кылышыбыз керек. Эч качан жарандардын, шайлоочулардын добушун мурдагыдай жол менен – алдоо, сатып алуу, күч көрсөтүү менен эмес, чыныгы өзүбүздүн позицияларыбыз менен, программаларыбыз менен элдин добушуна ээ болушубуз керек. Урматтуу депутаттар, мен Жогорку Кеңештин төрагасы катары айтып коёюн, биз Башмыйзамда көрсөтүлгөндөй азыр өзүбүздү өзүбүз каркаткан чечимди кабыл алган менен кийинки VIII чакырылыштагы парламент келип, ушул жерге ант берген күнгө чейин биздин бардык ыйгарым укуктарыбыз сакталат. Эгерде бир кырдаал болсо, өзгөчө кырдаалдар, зарыл учурлар болсо, Жогорку Кеңештин төрагасы катары мен ошол замат кезексиз сессия чакырууга мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарым бар. Ошондуктан биз аракеттеги парламент болуп кала беребиз. Болгону биз мөөнөтүнөн мурда шайлоого баратабыз”.

Парламент төрагасы бул чакырылыштагы депутаттар төрт жыл ичинде бир катар маанилүү мыйзамдарды кабыл алганын айтып өттү. Алардын ичинде Өзбекстан, Тажикстан менен чек аралардын чечилишин, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун макулдашуусун, мамлекеттик тил мыйзамын, аймактык-административдик реформалар жөнүндөгү документтерди, экономикалык мунапыс мыйзамын жана совет доорунда репрессияланган ата-бабаларды актоо жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынышын санап өттү.

"Шайлоо өнөктүгүнүн мөөнөтү үчтөн бирге кыскарат"

Эми парламент таркаган күндөн тартып беш күн ичинде президент мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт. Добуш берүү болжол менен 30-ноябрда өтөрү айтылууда.

Жаңы мыйзамга ылайык, алдыдагы парламенттик шайлоодо Кыргызстан ар биринде орточо 142 миң шайлоочусу болгон 30 округга бөлүнөт. Округдардын так картасы азырынча белгисиз, ал президент жаңы шайлоо жөнүндө жарлык чыгаргандан кийин жарыяланат. Ар бир шайлоо округунан үчтөн депутат шайланып келет. Алардын бирөө гендердик квота боюнча аял киши болот.

Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын Шайлоолорду уюштуруу башкармалыгынын жетекчиси Махабат Дүйшөнбекова эмки кезек президенттин Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону жарыялаган жарлыгынын чыгышында турганын айтып берди. Андан соң Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо өнөктүгүн өткөрүү боюнча календарлык планын бекитип, процесстин бардык катышуучулары ошол боюнча иш алып барышмакчы.

“Бул мөөнөтүнөн мурда шайлоо болуп жаткандан кийин конституциялык мыйзамдын талаптарына ылайык, ошол шайлоодогу бардык иш-аракеттер көрсөтүлгөн мөөнөттөр үчтөн бирге кыскартылат. Бул 59-беренеде көрсөтүлгөн. Мисалы, шайлоо округдары бекитилгенден жана расмий жарыялангандан кийин, талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү эгерде конституциялык мыйзамда добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күндө каралган болсо, ал эми мөөнөтүнөн мурда шайлоодо болсо 30 календарлык күнгө чейин талапкерлерди көрсөтүшү керек. Биринчи кезекте, календарлык план бекитилгенден кийин БШК конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөндөй, өзү 7 күн болчу, бирок мөөнөтүнөн мурда шайлоодо 5 күндүн ичинде көп мандаттуу шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын карап, бекитиши керек”.

Бул жолку шайлоодо шайлоочу башка округдарда жүрүп, өз округундагы талапкерге добуш бергенге мүмкүнчүлүк түзүлөт. БШК мындай ыкма менен шайлоочунун добуш берүү укугу камсыздалып, ошону менен бирге шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусу көбөйөт деп ишендирүүдө. Шайлоочу өз округундагы бир гана талапкерге добуш бере алат, болбосо бюллетен жараксыз деп табылат.

Талапкерлерге карата талаптар бир кыйла күчөтүлгөн. Талапкер добуш берүү күнүнө карата 25 жашка толгон, кыргыз тилин билген, жогорку билими бар жана Кыргызстанда беш жылдан кем эмес жашаган жаран болушу керек. Диний ишмерлер дин жаатындагы ишмердигин токтоткондон беш жылдан кийин гана катыша алышат.

Муну менен катар үгүтчүлөрдүн саны 500дөн миңге, шайлоо фонду 10 млн сомдон 20 млн сомго чейин көтөрүлдү. Талапкерлердин 300 миң сомдук күрөөсү шайлоону уткан-утпаганына карабай, кайтарылбайт.

"Системалык эрежелер кайда калды?"

Коомдук жана саясий ишмер, парламенттин мурдагы төрагасы Ишенбай Кадырбеков депутаттар парламентти таркатуу демилгесин колдоодо система боюнча өз шайлоочулары менен партияларынан бир ооз сурап, макулдук алып коюшу шарт болмоктугун айтууда:

Ишенбай Кадырбеков
Ишенбай Кадырбеков

“Депутат деген ким? Ал шайлоочулардын өкүлү. Шайлоочу аны беш жылга жумушка алып, маянасын, машинесин берип “ушу беш жыл менин атымдан мыйзам чыгарып, Жогорку Кеңеште иштеп бер” деп жумушка алган. Демек, бул жумушка алынган адам. Ошондуктан, эгерде бир мандаттуудан шайланган болсо, шайлоочуларга барып “ушундай абал болуп атат” деп түшүндүрүп берип, “мага уруксат бергиле” деп сураса, элден ушул маселе боюнча уруксат алып, анан добуш берсе болмок. Жанагы партиялык система менен баргандар – алар такыр эле таң калыштуу болуп атат. Съездде партиялардын мүчөлөрү добуш берип, тизмеге ушул адамдарды киргизген. Бекитип берген. Демек, бул маселени – кетиш, таркаш маселесин партия чечиши керек. Партиянын съезди болуп, ошол жерден “ушундай орчундуу маселе болуп атат, кандай кылабыз?” дегенде партия “кой, туура экен, ушул убакта тарашыбыз керек экен” деп съездинде өзүнүн мурунку чечимин жокко чыгарыш керек. Бул система да”.

Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков “Азаттыкка” курган маегинде эл шайлап берген мандатын толук мөөнөттө колдоно албаган депутаттар парламентке кайра келбеши керек деген пикирин айтты:

Темирлан Султанбеков
Темирлан Султанбеков

“Шайлоо эң маанилүү нерсе эмес. Бирок, мына, азыр парламентти таркатабыз деп атат – бул өтө туура эмес иш. Эгерде Жогорку Кеңеш таркап атса, бул өзүнүн алсыздыгын жана туура эмес иштеп жаткандыгынын көрсөткүчү да. Демек, алар кайрадан шайлоого барбашы керек. Кийинчерээк ушундай мыйзамды киргизиш керек – макул деп добуш берген депутаттар кайра шайлоого барбашы керек. Анткени, “биз иштей албай калдык, кетели” десе, анда кете берсин ошону менен”.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышы 2021-жылдын ноябрында кезексиз шайлоодо шайланып келген. Төрт жыл ичинде депутаттык корпустун курамынан 30дай депутат ар кандай себептер менен мандатын тапшырып, башкаларга алмашылды.

Жергиликтүү басылмалар эсептеп чыккандай, бул чакырылыш 1 миң 534 мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Президент анын 781ине кол койду. Алардын ичинде сөз эркиндигин, жарандардын эркин жыйналыш укугун жана саясий атаандаштыкты ашкере чектеген чуулгандуу мыйзамдар да бар.

Спикер Нурланбек Тургунбек уулу 25-сентябрдагы сөзүндө эгемен кыргыз тарыхында биринчи жолу Жогорку Кеңеш өзүн өзү таратып жатканын айтты. Анын белгилешинче, ушул күнгө чейин, эгемендик алганга чейин парламент эч качан өзүн таркаткан эмес. 1994-жылы, андан кийин 2007-жылы ошол кездеги президенттин жарлыгы менен, 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн декрети менен парламент мөөнөтүнөн мурда таратылган.

Шерине

XS
SM
MD
LG