Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:17

Шардана кармоолор: Жоон топ кызматкер чек арадагы коррупцияга айыпталууда


УКМК Чек ара кызматынын, Салык кызматынын, Транспорт министрлигинин жана Айыл чарба министрлигинин 24 кызматкерин коррупцияга шектеп кармады. 24-сентябрь, 2025-жыл
УКМК Чек ара кызматынын, Салык кызматынын, Транспорт министрлигинин жана Айыл чарба министрлигинин 24 кызматкерин коррупцияга шектеп кармады. 24-сентябрь, 2025-жыл

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети товарды мыйзамсыз импорттоого жана коррупциялык схема түзүүгө айыптап “Чалдыбар” чек ара аймагына жооптуу төрт мекеменин 24 кызматкерин кармагандыгын жарыялады.

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев 24-сентябрда жыйын куруп, шектүүлөрдү жыйын маалында карматтырган.

Таркатылган кабарларга караганда, “Чалдыбар " көзөмөл өткөрүү пунктунун аймагында Салык кызматынын, Чек ара кызматынын, Транспорт министрлигинин Салмак-габариттик контролдоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын жана Айыл чарба министрлигинин Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын кызмат адамдары өзүнчө "ортомчулар" менен сүйлөшүп, жалган товарларды-коштоочу документтерди колдонуу менен ЕАЭБге катышуучу өлкөлөрдөн товарларды мыйзамсыз импорттоо (аткезчилик) боюнча коррупциялык схеманы түзүшкөндүгү аныкталган.

Кылмыш-жаза кодексинин 336–беренеси (коррупция) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча Чалдыбар айылдык кеңешинин депутаты баштаган эки кыргыз жараны менен Өзбекстандын бир жараны ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларды мыйзамсыз импорттоо үчүн “Жорго ТД” жана “Радиант” деп аталган фирмаларды ачып, аталган мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерине МБанк капчыгы аркылуу жана накталай формада пара берип турушкандыгы айтылат.

УКМК коррупциялык схема жана системалуу түрдө пара алуу боюнча төгүндөлгүс далилдер алынганын билдирүүдө. Эки фирма аркылуу жасалма документтердин негизинде жүк ташып келүү үчүн оор жүк ташуучу бир транспорттон 1500дөн 2000 долларга чейин акча алышкан. Мамлекеттик мекемелердин кызмат адамдарынын мыйзамсыз сый акысынын өлчөмү 5000 сомдон 7000 сомго чейин жеткен.

Камчыбек Ташиев шектүүлөрдүн бардыгы жазаланарын, жетекчилер боюнча президентке сунуш берерин билдирди.
Камчыбек Ташиев шектүүлөрдүн бардыгы жазаланарын, жетекчилер боюнча президентке сунуш берерин билдирди.

Жыйынга айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев, транспорт министри Абсаттар Сыргабаев, Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов, Чек ара кызматынын директору Абдикарим Алимбаев жана аталган кылмыштарга шектүү кызматкерлердин бардыгы катышкан. Камчыбек Ташиев мамлекеттик жетекчилердин коррупциянын алдын алуудагы ишин сынга алып, алардын тагдырын президент чечерин билдирди.

“Мамлекетибиздин мыйзамдарын көзгө илбедиңер. Бул ошол жерде иштеп аткан кызматкерлер. Ал эми жетекчилер болсо – ошого жараша чара көрө албадыңар. Бул – Салык кызматы, Транспорт министрлиги, Чек ара кызматынын жетекчилиги жана Айыл чарба министрлиги. Ошого жараша сиздер чара көрө албадыңыздар. Жетекчилерге карата кандай чара көрүү боюнча мен президентибиз менен сүйлөшөм. Сунушту беребиз, андан ары президентибиз өзү чечим кабыл алат. Ал эми бул жерде катышып отурган, ошол жерде иштеген мамлекеттик кызматкерлерди бүгүн баарыңарды камакка алабыз. Баарыңардын ишиңер боюнча толук 2-3 айдан бери жүргүзүлүп аткан биздин ыкчам байкоолорубуздун жыйынтыгы чыкты. Силер кайсы маалда, кимден, канча акча алып аткансыңар, кандай жүктөрдү өткөрүп аткансыңар, ошол жүктөрдөн канчадан акча алып, кимдерге берип аткансыңар, кайсы электрондуук капчыктар менен акчаны алып аткансыңар жана кимдин атынан кайда которуп аткансыңар – бардык схеманы биз алып чыктык”.

Ташиев шектелип жаткан ар бир кызматкердин үй-жайын, кеңсесин тинтип, далилдерди чогултууну жана аларды мыйзамдын катаал жазасына тартуу үчүн болгон аракеттерди көрүүнү тапшырды.

УКМК жетекчиси Чүй облусунун аймагындагы "Ак-Жол" жана "Ак-Тилек" сыяктуу башка көзөмөл-өткөрмө пункттарынын ишмердүүлүк зонасында да коррупциялык фактылар бар экендиги тууралуу маалыматтар түшүп жатканын билдирди.

Эл арасында өзүнүн өкүл уулу деп айтылып келген транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев боюнча да маалыматтар түшүп жатканын, аныкталып калчу болсо катуу чара көрөрүн эскертти.

“Транспорт министрлиги боюнча, Абсаттар, сен боюнча да маалымат бар, айтып коёюн. Түз айтайын, мына кечээги жасалып жаткан жумуштардан подрядчиктерден арыздар түшүп жатат. “Биз Транспорт министрлигинин жетекчилерине акча бергенбиз” деген арыздар түшүп жатат. Эгерде такталып калчу болсо, абакка отургузам, уктуңбу!”

2025-жылдын башынан тарта коррупцияга каршы жазаларды катаалдаткан мыйзамдар күчүнө кирген. Ага ылайык жемкордукка малынган аткаминер тергөө менен кызматташканына жана кымырган каражатын ордуна койгонуна карабай, мыйзам чегерген жаза мөөнөтүнүн жок дегенде жарымын абакта өтөйт жана өзү эле эмес жакын туугандары да мамлекеттик, муниципалдык кызмат менен укук коргоо органдарынан четтетилет.

Эксперттер коомдо мамлекеттик жетекчилер тууралуу бюрократ жана элдин канын соргон адамдар деген стереотиптик пикир орноп калгандыктан, УКМКнын иш-аракеттери кызуу колдоого алынып жаткандай туюлушу мүмкүндүгүн айтышат. Бирок, мындай ыкмалар канчалык натыйжалуу жана мамлекеттик системаны канчалык жандандырып кетет деген көз караштан караганда, анын тобокелдиктери да бир кыйла экенин белгилешет.

Артур Медетбеков
Артур Медетбеков

Коопсуздук тармагындагы эксперт Артур Медетбеков бийлик коррупция менен катуу күрөшүп жатканын, УКМКнын ыкмалары кайсы бир деңгээлде өз жемишин берип жатканын айтат. Бирок ал күрөш системдүү болбогондуктан, анын натыйжасы да жеткиликтүү болбой жатканына токтолот.

“Коррупция менен күрөштө акыркы убакта биздин бийлик абдан катуу соккуларды уруп атат. Коррупция менен күрөштө бардык мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, мыйзам негизиндеги иштерди алпарганга аракеттери чоң. Бирок, тилекке каршы, бүгүнкү күндө коррупция менен күрөштө системдүү же комплекстүү болбой жатат. Экинчиден, кадр маселеси мына 3-4 жылдын ичинде жаңы бийликтин келиши менен жаңы кадрлар, жаштар пайда боло баштады. Элге түшүндүрө турган маселелердин бардыгы көтөрүлдү. Коррупция боюнча мына жаңы мыйзам да кабыл алынды. Ага болбой эле, ушул жерден кадр саясаты өзгөчө орто жана жогорку деңгээлдеги адистерге, жетекчилерге жакшы жатпейби же түшүнгүсү келбейби же болбосо ошол көптөгөн министрлик, ведомство же ар кандай мамлекеттик уюмдардын жетекчилеринин ортосундагы мурдагы коррупциялык схемалар, көнүмүш системага айланып калган. Ошол өзүнүн таасирин тийгизип, кадр алмашпасын, баары бир коррупцияга аралашып кеткен учурлар аябай көбөйүп атат”.

Мамлекеттик кызматтардагы коррупциялык көрүнүштөр боюнча буга чейин да Токмок жана Ош шаарларында бир катар кызмат адамдары жыйын маалында камакка алынган.

Маселен, Салык кызматынын Өзгөн райондук бөлүмүнүн башчысы, Кара-Суу райондук бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, Ноокат райондук кадастр бөлүмүнүн адиси, Зулпуев айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы, Өзгөн райондук сотунун канцелярия бөлүмүнүн башчысы жана райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы кармалган.

Муну менен катар, Токмок шаарынын мэри менен Бишкек шаарынын вице-мэри баштаган муниципалдык кызматкерлер да эл алдынан шардана түрүндө кармалып кеткен.

Шерине

XS
SM
MD
LG