Апта башында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев чукул өткөн Араб-ислам саммитинде Кыргызстан палестин элинин өз алдынча чечим кабыл алуу жана көз каранды эмес мамлекет түзүү позициясын колдой турганын дагы бир жолу ырастады. Мунун алдында президент Садыр Жапаров Катардын борбору Дохага жасалган ракеталык чабуулдарды айыптаган.
Өткөн аптада БУУнун Башкы Ассамблеясында Палестина маселесин тынчтык жолу менен жөнгө салуу жана Палестина мамлекетин түзүү боюнча декларацияны Борбор Азия өлкөлөрүнүн баары жактырды. Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча Борбор Азиянын позициясы активдешип жатабы?
Кыргыз президенти Садыр Жапаров 15-сентябрь күнү Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдарга байланыштуу билдирүү жасап, Израилдин Дохага жасаган чабуулун айыптарын, кыргыз эли палестиндер менен тилектеш экендигин айтты.
“Кыргыз эли катарлык жана палестиналык бир туугандар менен тилектештигин билдирет. Кыргызстан эл аралык мамилелерде күч колдонууга каршы турууну жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды мындан ары курчутууга алып келүүчү бардык аракеттерден алыс болууну жактай тургандыгын белгилейм”.
9-сентябрда Израил Катар мамлекетинин борбору Доха шаарына ракета менен сокку урган. Мындай аракетти Израил ХАМАС (АКШ жана Европа Биримдиги террордук топ деп жарыялаган) уюмунун жетекчилерине “багытталган сокку” деп атаган. Катар расмий Тел-Авивдин кадамын “мамлекеттик терроризм” деп баалаган.
Жапаровдун ошол күнкү билдирүүсүндө “бул аракеттер эл аралык укуктун жана БУУнун Уставынын принциптерин бузат, ошондой эле Катар мамлекетинин аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендигине зыян келтирет”, - деп жазылган.
Израилдин Дохага чабуулу: Борбор Азия бир добуштан айыптады
Израилдин чабуулунан улам 15-сентябрь күнү Доха шаарында чукул түрдө Араб-ислам саммити өткөрүлдү. Жыйынга Борбор Азиядан Тажикстандын президенти, Казакстандын Мажилис төрагасы, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери барып катышып, өз өлкө жетекчилеринин позициясын билдиришти.
Борбор Азия лидерлери кандай жаңжал болбосун тынчтык жолу менен, дипломатиялык алкакта чечилишин, эл аралык коомчулук Жакынкы Чыгыштагы зомбулукту токтотууну жана палестин элинин эгемен мамлекет куруу укугун сыйлоону жактаган билдирүүлөрүн жарыялашты.
Жыйында президенттин атынан сөз сүйлөгөн Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Израилдин аскердик аракеттерин Катардын коопсуздугуна коркунуч катары баалап, Газа тилкесиндеги ок атышууну токтотууга чакырды.
Казак Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов саммитке катышып жатып чабуул Катардын эгемендигин бузуп, эл аралык укукка каршы келерин айтты:
"Жасалган чабуул кандай максатты көздөсө да мындай аракеттерге жол берилбеши керек. Бул Катар мамлекетинин эгемендик укугун бузат жана эл аралык укук принциптерине каршы келет. Мындай чабуул мамлекеттин коопсуздугуна гана эмес, эл аралык тартиптин негизин жетекчиликке алган мамлекеттердин теңдиги менен эгемендигине да зыян келтирет".
"Өзбекстан эл аралык алакада күч колдонуунун бардык формасына жана Жакынкы Чыгыштагы ансыз да татаал болуп турган абалды курчутуу кадамдарына ырааттуу түрдө каршы чыгат”, - деп жазылган өзбек тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 9-сентябрдагы окуяны "бир тууган өлкөнүн эгемендиги менен аймактык бүтүндүгүнө каршы жасалган агрессиялык акт" деп атады.
Тышкы таасирлер Борбор Азияны чөлкөмдүк ымалага мажбурлап жатат
Борбор Азия лидерлери буга чейин Палестинадагы кан төгүүлөрдүн курчуп кетишине жол бербей, жаңжалды дипломатиялык жол менен жөнгө салууну жактай турганын билдирип келген. Дохага жасалган ракеталык чабуулдан кийин чөлкөмдүн Жакынкы Чыгыш боюнча позициясы бир кыйла активдешкендей көрүнүп турат.
Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев Украинада жана Жакынкы Чыгышта болуп жаткан жаңжалдар Борбор Азия өлкөлөрүн өз ара имерилүүгө түртүп жатканына көңүл бурууда:
"Кийинки мезгилде Борбор Азиядагы мамлекеттер ортосундагы мамиле жакындашып, чек ара маселелери боюнча кол коюп, “ынтымакташалы, биргелешели” деген жакшы тенденция пайда болду. Бул Борбор Азиянын элитасы өзүнүн чөлкөмүн сезе баштады, “бир чөлкөмдө экенбиз, чөлкөмдөштүктө мамиле кылсак болот экен” дегендей. Экинчиден, эл аралык маселелер боюнча түрк мамлекеттери болуп ошондой маселелерге көбүрөөк аралашып баштады биздикилер. Позицияларды билдирип турганга эл аралык кырдаалдын курчуп турганы дагы себеп болуп атат. Дүйнөдөгү абал түп-тамырынан бери өзгөрдү. Ошондой маалда бизде, чөлкөмдөгү мамлекеттерде дагы өзүн коргоо инстинкти пайда болот. "Биргелешели, курч маселелер боюнча позициябызды айтып туралы" деген. Буга тоскоолдук кылгандар бар. Биз менен эле жакын мамлекеттердин стратегиясында жазылып турат “Борбор Азия биргелешип кетишине мүмкүнчүлүк бербешибиз керек” деген".
12-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы Палестина мамлекетин түзүү жөнүндө декларацияны кабыл алды. Аны 142 мамлекет колдоп, 10 өлкө каршы чыкты. Борбор Азиянын бардык мамлекеттеринин катарында Кыргызстан да Палестинанын мамлекеттүүлүгүн колдогон позициясын билдирди.
Шерине