Узаган аптада мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү бошотулду. Мамлекеттик мүлк фонду аталган жай мамлекетке өтүп, ал жерге карылар үйү жана бала бакча салынарын билдирди. Мурдагы президенттин үй-бүлөсү бул аракетти мыйзамсыз деп атап, сынга алууда. Бул үйдүн таржымалы кандай эле?
12-сентябрь күнү сот аткаруучулар тобу милициянын коштоосунда мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсүн анын Кой-Таштагы үйүнөн чыгарууга барды. Короодо үйдүн жашоочулары менен бийлик өкүлдөрүнүн ортосунда укуктук талаш-тартыш орун алды.
Атамбаевдин үй-бүлө мүчөлөрү имарат алардын менчиги экенин айтса, күч кызматкерлери аны мамлекетке алуу боюнча соттун чечими бар экенин билдиришти.
Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаев Кой-Таштагы үйдүн башы алигүнчө чечиле электигин айтып, бул аракетти мыйзамсыз деп атоодо:
“Шаардык сотто иш каралып жатат. Менин атамды өлтүргүсү келишкен Кой-Таш иши уланууда. Өлтүрө албай калышты, бирок аны үйсүз калтырууну чечишкен окшойт. Шаардык соттун 4-сентябрдагы соңку аныктамасынан бери он күн дагы өтө элек. Дүйшөмбү күнү биздин адвокаттар барып ал аныктаманы Жогорку Сотко, Конституциялык сотко даттанышмакчы эле. Минтип тездетип жатышканы жеткен өкүмзордук”.
Атамбаевдин үй-бүлөсү мамлекеттик органдар “Медиа Форум” ишканасынын имаратын да алууга аракет кылып жатканын айтууда. Бирок ал имарат боюнча өкмөттүк органдар эч кандай комментарий бере элек.
Мамлекеттик мүлк фонду Атамбаевдин үйү жайгашкан жер тилкенин жарымына карылар үйү курулуп, Ысык-Ата менен Бишкектеги карылар үйлөрүнүн жашоочулары ошол жакка көчүрүлөрүн билдирүүдө. Айтымында, жердин калган бөлүгүнө Кой-Таш жана ага жакын айылдардын тургундары үчүн 500 орундуу балдар бакчасы курулат.
Маммүлк фонду буга чейин элдик толкундоонун аркасында бийликтен кулатылган Курманбек Бакиев менен анын уулу Максим Бакиевдин имараттары да мамлекетке өтүп, социалдык багыттагы мекемелерге берилгенин, Атамбаевдин үйү алгачкы эмес деп кыйытты.
Чуулуу жерге курулган хансарай
Негизи Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылына жакын салынган үйү курула баштагандан тартып эле көп талкуунун бутасында болуп келет. Ал президент болуп турган учурда бул имарат курулуп жатканы парламентте айтылып, ал кездеги оппозиция жер тилкесинин мыйзамдуулугу боюнча маселе көтөргөн.
Тагыраагы, "Ата мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 2016-жылдын 15-сентябрында маалымат жыйын куруп, анда Атамбаевдин үйүнүн таржымалын документтерге таянып айтып чыккан.
Аскердик багыттагы “Дастан” заводунун Кой-Таш айылындагы көмөкчү чарбасынын 27,5 гектар жери 2008-жылы Анарбек Укуев аттуу жаранга менчиктештирилип кеткенин айткан Өмүрбек Текебаев иш жүзүндө жер буга чейин бакиевдердин ээлигинде турганын белгилеген.
“Азыр ал жерде жаран Алмаз Атамбаев үй куруп атат. 2010-жылдын апрелинен баштап беш жыл ал жерди захват кылып басып отурушкан. Беш жыл өткөндөн кийин унутулду го деп, ал жерди оформить этишкен. 2015-жылдын 7-майында Ибраимова Айнура Танкеевнага катталган. Бул Бишкек шаарынын мэри Ибраимов Албек Сабырбековичтин аялы, карачечекей аялы. Беш күн өткөндөн кийин – 2015-жылдын 12-майында ибраимовдор ал жерди Атамбаев Алмазбек Шаршеновичке переоформить этишкен. Биз бакиевдердин менчигин издеп жүрөбүз. Кыймылсыз мүлк качып кетпейт. Эртеби-кечпи аны бирөө пайдаланат. Анын тарыхы чыгып калат”.
Үй боюнча коомдо талкуу кызыганда Алмазбек Атамбаев бул кептерди четке кагып, жер тилкени мыйзамдуу түрдө сатып алганын айткан эле:
“Мен, албетте, билген эмесмин. “Ушундай жер бар, өзүм бир нерсе салайын дедим эле, сала албай калдым” деп мага Албек Ибраимов келген. Ал менин айылдаш иним. Анан, мен ага “бул кимдин жери” деп айттым. Ал мага “бир кишиден сатып алдым” деп айтты. Ал чын эле бир кишиден сатып алыптыр. Биринчи “Дастандан” Максимдер алыптыр, бирок кийин декрет менен “Дастанга” кайтарып берилип, анан “Дастан” аукционго чыгарганда бир кыргыз киши сатып алыптыр. Анан кийин андан Албек сатып алыптыр. Анан кийин мен Албектен сатып алдым. Болгондо дагы, мен ачык айтайын, бул менин бубаларымдын жери. Мен айттым “ичиң оорубасын, канча сурасаң ошончо берейин” дедим. Жакшы акча төлөп бердим, ачык айтайын”.
Кан төгүлгөн жер
Кийин Алмазбек Атамбаев бул үйдү бүткөрүп, жашай баштаганы белгилүү болгон. 2019-жылы мурдагы президентке кылмыш ишин козгоп, тергөөгө алып келүү маселеси жаралган учурда Атамбаевдин тарапкерлери дал ушул Кой-Таштагы үйүнүн алдында акцияларды уюштуруп турган.
2019-жылы Атамбаев “Батукаев иши” боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган.
Анын алдында, 7-8-август күндөрү экс-президентти колго түшүрүү операциясында чогулгандар менен күч кызматкерлери кагылышып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) офицери Үсөнбек Ниязбеков каза болуп, Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкулов баштаган 225 адам жабыркаган. Анын ичинен 91и ИИМдин, 40ы УКМКнын кызматкери, калганы жөнөкөй жарандар болгон.
Мурдагы президент 2023-жылы 14-февралда абактан бошотулган жана эртеси күнү дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен. Ошондон бери өлкөгө кайтып келе элек. Ал жакында эле Кой-Таш окуясы боюнча ишти Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунда кароо демилгесин көтөргөн.
Бишкектин Биринчи май райондук соту быйыл 3-июнда “Кой-Таш” ишине байланыштуу Атамбаевди 11 жыл 6 айга кесип, мүлкүн конфискация кылган. Экс-президент баш болгон башка айыпталуучулардын адвокаттары райондук соттун өкүмүнө каршы шаардык сотко арызданган.
Бишкек шаардык сотунда бул ишти кароо 11-августта башталган. Көп өтпөй, 25-августта судья Лейла Байдаева Атамбаев менен мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин ишин өзүнчө бөлгөн. Эки айыпталуучу тең азыр Кыргызстанда эмес.
"Үйдүн тагдыры жогору жак менен сүйлөшүлгөн"
Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева өлкө президенти Садыр Жапаровго жасаган кайрылуусунда мындан үч жыл мурда аны менен жолугушканда Кой-Таштагы үйдү атамбаевдердин колунда калтыруу макулдашылганын айтты.
Алмазбек Атамбаев да өлкөдөн чыгып кетердин алдында Кой-Таштагы үйүндө журналисттерге маалымат жыйын куруп, абактан чыгуусунун шарттары бийлик жетекчилери менен сүйлөшүлгөнүн кыйыткан жана соттун чечими менен үй өз менчигинде калганын айткан:
“Билесиңер, 1990-жылдары эле менин 4-5 заводум болгон. Түркияда заводдорум бар болчу. Бардыгын сатып жибердим. Менин уурдоо жөнүндө оюм дагы болгон эмес. Бишкектин борбордук бөлүгүндө заводдору менен 70 гектардай жерим бар эле. - “Сиздин үйүңүздүн тагдыры тууралуу билсек болобу? Бийлик азыр аны өткөрүп алуудабы?” - Жок, сиздер бүт чечимдер жокко чыгарылганын билесиздер да. Бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшкөндө мен дайыма “мен эч качан өзүмдү айыптуу деп эсептебейм жана эч качан ырайым сурабайм, абакта өлүүгө да даярмын” деп айтып келдим”.
Эми андан үч жыл өткөн соң аталган жайды мамлекетке өткөрүү аракети мурдагы президенттин үй-бүлөсүнүн нааразылыгын жаратты. Учурда алар үйдөн чыгарылганы дайын болду. Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаев бул иштин мыйзамдуулугу каралышы керектигин кайталап Фейсбукка жазды:
"Кээ бирөөлөр үчүн баалуулук – алтын, акча, учак, кымбат куртка ж.б. Ал эми биз үчүн, Атамбаевдер үй-бүлөсү үчүн, эң башкысы - элибиз менен бирге болуу! Үй да жакшы, бизнес да керек, бирок элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун ыйык элесин сатып, Бакиевди кечирүүнү суранышса, анда биз эч нерсеге жармашууга укугубуз жок. Анткени Бакиев кечирилеби же жокпу - муну курман болгондордун балдары менен үй-бүлөлөрү чечиши керек. Ооба, бизди үйүбүздөн кууп чыгып, жалгыз үйүбүздү бузуп жатышат, бирок бул маселе бизде эле жаралып жатабы? Өлкөнүн ар тарабында “кызыл китеби” бар, документи толук мыйзамдуу үйлөр да уратылууда. Мындай башаламан заманда эл менен бирге болуп, анын көйгөйүн бөлүшүү - биз үчүн сыймык".
"Ал үйдү өткөндү эске салган Апрель музейине айландыруу керек"
Коомчулукта мурдагы президенттин Кой-Таштагы үйүнүн айланасында моралдык маселе бар экенин белгилегендер бар. Маселен, талаштуу маселелер боюнча бийликтин атынан комментарий берип келген маданият министринин орун басары Марат Тагаев атамбаевдердин соңку аракети туура эмес экенин жазды:
"Сен коргоп жаткан Кой-Таштагы каргашалуу хансарай – Атамбаевдин 10 жылдык бийлигинин эстелиги. Мен ал хансарайды балдар үйү же карылар үйү эмес, «7-апрель» атындагы музей кылууга чакырат элем. Ошол жерде 2019-жылы мыйзамга баш ийбей жатып Үсөн Ниязбеков өлүп, Самат Курманкулов майып болду. Ал каргашалуу хансарайды экс-президент кантип үйүнө бункер курганынын музейи кылыш керек”.
Кыргызстанда экс-президенттердин үй-мүлкүн мамлекетке конфискациялоо Атамбаев менен эле чектелбейт. Буга чейин Аскар Акаев китепкана деп курдурган имарат да мамлекетке алынып, ага Башкы прокуратура жайгашкан.
Курманбек Бакиевдин уулу Марат Бакиевдин Жибек Жолу көчөсүндөгү үйү 2010-жылдагы толкундоолордо өрттөнүп кеткен. Учурда ал имарат мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо борбору катары кызмат кылууда.
Шерине