Өлкөдө соңку мезгилде баалар кескин өсүп, кымбатчылыкты айлык акы кубалап жетпей жаткан чакта пенсия жашоо минимумунан төмөн болбошу керек деген мыйзамдык талапты аткарууга мүмкүн болуп жатабы?
Кыргыз бийлиги 1-октябрдан тартып пенсия көтөрүлөрүн буга чейин эле маалымдаган. Өлкөнүн Социалдык фондунун коомчулук менен иштөө башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов 1-октябрдан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 10% көбөйгөнүн билдирди:
“50 миң сомго чейинки камсыздандыруу бөлүктөрү бар пенсионерлердин пенсиясы 10% жогорулайт. Бирок 600 сомдон кем эмес деген төмөнкү босогосу белгиленген. Анткени төмөнкү пенсия алуучулардын пенсиясынын камсыздандыруу бөлүктөрүн 10% көтөргөндө 600 сомго жетпей калат экен. Ошондуктан кепилденген 600 сомдон кем эмес деген төмөнкү босогосу белгиленди. Ал эми 50 миң сомдон жогору камсыздандыруу бөлүктөрү бар пенсиялардын көбөйүшү 5000 сомдон көп эмес өлчөмдү түзөт. Аталган жогорулатууга Пенсиялык фонддун каражаттарынын эсебинен 2 млрд 44 млн сомдун тегерегинде акча каражаты үч айга – октябрь-ноябрь-декабрь айларына сарпталат деп күтүп атабыз”.
1-октябрдан кийин пенсиянын базалык бөлүгү 7100 сомдон кем эмес болот. Анткени Улуттук статистика комитетинин эсеби боюнча өткөн жылы Кыргызстандагы пенсионерлердин жашоо минимуму 7065 сом деп табылган.
Социалдык фонддон билдиргендей, өлкөдөгү пенсионерлердин эсеби 1-сентябрга карата 814 миңге жакын деп эсептелген. Октябрда бул санга дагы төрт миңдей пенсионер кошулушу күтүлөт.
Кыргызстанда пенсия базалык, камсыздандыруу жана топтомо деген үч бөлүктөн куралат. Башмыйзамга ылайык, пенсиянын мамлекет кепилдеген базалык бөлүгү жашоо минимумуна теңделген көлөмдө болушу шарт. Пенсионер эмгектенип жүргөн учурда төлөгөн 10% төлөмүнүн 8% камсыздандыруу бөлүгүнө, калган 2% топтомо бөлүгүнө чегерилип турат. Топтомо бөлүгүн жаран мыйзамда каралган жагдайларда каалаган мезгилде ала алат.
2023-жылы топтомо пенсияны алууга уруксат берилгенден кийин аны кайтарып алуу боюнча кайрылгандар көбөйгөн.
Социалдык фонддун маалыматына ылайык, быйылкы жылдын 1-августуна карай 217 миңден ашуун адамга пенсиянын 5 млрд 350 млн сомдой топтомо бөлүгү кайтарылып берилген.
Арыштаган инфляция, илээлеген пенсия
Азыркы замандагы баалар кескин өсүп, инфляция улам өр тартып бараткан чакта 10% көтөрүү пенсионердин чөнтөгүн толтура алабы? Эмгеги сиңген ардагерлердин жеп-ичкен, кийинген чыгымдары кымбатчылыкта кандай болот?
Кыргыз өкмөтү адатта электр энергиясы, таза суу, жылуулук, таштанды чыгаруу, жол кире өңдүү тарифтерди 20-30% кымбаттатып жатканда жагдайды улам өсүп жаткан инфляция менен түшүндүрүп келет.
Социалдык фонд пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 10% жогорулатуу орточо айлык акы менен керектөө бааларынын өсүүсүн эске алуу менен жүргүзүлгөнүн билдирүүдө.
“Бул жерде негизги пенсияны индексациялоо жолу менен көбөйтүүнүн көрсөткүчтөрү – орточо айлык акынын көлөмүнүн өсүшү, ошондой эле керектөө бааларынын өсүшүнүн орточо пайызы чыгарылып, ошол 10% түздү. Ошондуктан бул жерде инфляциянын дагы эсеби бар”, - деп билдирди Социалдык фонддун коомчулук менен иштөө башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов.
Улуттук банктын маалыматына караганда, учурда Кыргызстандагы инфляциянын көлөмү 9,5% болууда. Июль айындагы маалыматка таянсак, бир жыл ичинде тамак-аш менен суусундуктар орточо 8,8%, алкоголдук ичимдиктер менен тамеки 9,8%, азык-түлүк эмес товарлар 5% жана кызмат көрсөтүү наркы 6,4% өскөн. Ал эми эт, май, жашылча, тамеки, айрым курулуш материалдары менен тейлөө кызматтарынын баасы 10-34% чейин өскөн.
Мындан алганда, пенсияны 10% көтөрүү инфляциянын арышын гана жабышы мүмкүн.
Финансылык талдоочу Кубан Чороев пенсияны көтөрүүдө аз пенсия алгандарга көбүрөөк көңүл бурулса жакшы болмоктугун айтат:
“Пенсияны көтөрүү индексация деген формулировка менен болот. Жыл сайын болуп аткан инфляцияны жабыш үчүн. Ошон үчүн 10% – бул инфляциянын деңгээлине карата эле көтөрүү деп айтсак болот. Дагы бир жагдай – кээ бир пенсиялар, мисалы, мурун канчалык көп пенсия алып жүрсө (базалык жагы), аларга көбүрөөк кошулуп калып атат. Аз алгандарга азыраак кошулуп калып атат. Ошондуктан индексациянын принциптерин дагы бир аз өзгөртсө болот, көтөрө турган сумманын жалпы фондун бардыгына бирдей сумма менен бөлүштүрүп. Ошондо жок дегенде аз пенсия алып аткандардын пенсиясынын көлөмү олуттуураак көтөрүлмөк”.
Кыргызстанда ар бир пенсионерге 0,8 иштеген калк көрсөткүчү туура келет. Эл аралык стандартка ылайык, бир пенсионерге үчтөн көп жумушчу туура келиши керек. Мындан аз болсо пенсиялык системанын туруктуулугуна доо кетет.
Эл аралык эмгек уюмунун жобосу боюнча пенсиянын көлөмү орточо маянанын 40% кем эмес болушу керек. Кыргызстандын экономикалык шартында бул жобо аткарылбайт.
Мындан улам кыргыз өкмөтү соңку 2-3 жылдан бери пенсиялык системаны реформалоо менен алектенип келет. 2024-жылдын 1-июлунан тартып жалпы шартта мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгуу жоюлуп, эмгек стажынын көптүгүнө карабай аялдар 58, эркектер 63 жаштан гана пенсияга чыга турган болгон.
Ошол эле маалда жеңилдетилген шартта пенсияга чыгуу эрежелери өзгөргөн эмес. Маселен, бештен көп балалуу болгон аялдар 53 жаштан (15 жылдан кем эмес стажы болсо), бийик тоолуу шартта жашаган эркектер 55 жаштан, аялдар 50 жаштан (20 жылдан кем эмес стажы болсо) пенсияга чыгат. Бийик тоолуу шартта иштеп, жашаган жана үчтөн кем эмес балалуу болгон аялдар 45 жаштан пенсияга чыга алат.
Шерине