Коомдо бул жолку шайлоо жек-жаатташууну, куру убаданы күчөтөт деген кооптонуу да бар.
Борбордук шайлоо комиссиясынын 1-октябрдагы отурумунда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо көп мандаттуу шайлоо округдарынын схемасы менен чек араларын бекитүү маселеси каралды. Отуз шайлоо округунун бөлүштүрүлүш схемасын баштан-аяк окуп берген БШКнын шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы Махабат Кожокеева токтомдун долбоорун жарыялады:
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү боюнча көп мандаттуу шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары тиркемеге ылайык бекитилсин. Бул токтом “Эркин Тоо” гезитине жана Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын”.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирери белгиленди жана ал БШКнын сайтына 2-октябрь күнү жарыяланды. Жарыяланар замат талапкерлердин документтерин кабыл алуу иши башталды.
“Шайлоо округдары адилеттүү жана тең салмактуу түзүлдү”
Шайлоо округдары мурдагыдай райондордун административдик аймагында эмес, шайлоочулардын санына карап айрым учурда бир нече аймак бириктирилип, көбүнчө бир катар айыл аймактар башка райондорго каратылып түзүлгөн.
“Шайлоо округдарынын схемасын жана чек араларын бекитүү чечими кабыл алынар алдында президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, ошондой эле жумушчу топтун мүчөлөрү менен кеңири талкуу өткөрүлүп, бардык региондордун пикирлери жана сунуштары кылдат каралды. Бул ачык-айкын жана натыйжалуу ыкма аймактар аралык тең салмактуулукту камсыздоого жана чечимдин коомчулук тарабынан кеңири колдоого алынышына чоң салым кошту”, - деп жазылган Борбордук шайлоо комиссиясынын билдирүүсүндө.
БШК ырастагандай, 1-октябрга карата өлкөдө жалпысынан 4 миллион 287 миң шайлоочу катталган. Бул көрсөткүчкө ылайык, республика 30 көп мандаттуу шайлоо округуна бөлүнгөн, алардын ар биринде орточо эсеп менен 142 900 шайлоочу катталган. Мыйзамдык нормаларга ылайык, ар бир округдагы шайлоочулардын саны орточо көрсөткүчтөн 20% чейин ашык-кеми менен өзгөрүүлөр орун алган. БШК бул норма өлкөнүн географиялык жана административдик өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен шайлоо округдарын адилеттүү жана тең салмактуу түзүүгө мүмкүндүк берерине ишендирүүдө.
Президент Садыр Жапаров 2-октябрь күнү “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде шайлоо округдарын түзүүдө жеке кызыкчылыктардан Кыргызстандын мүдөөсү жогору коюлганын айтты:
“Округдар кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгына эмес, жергиликтүү бийликтегилердин сунушу жана БШК менен биргеликте кабыл алынды. “Бул айылды тиги округга кошуп бергиле” деп чуркап жүргөн талапкерлер дагы бар. Андай болбойт. Кайсы бир талапкердин эмес, жалпы Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн жасап жатабыз. Беш-алты айыл башка облустун же башка райондун округуна кошулуп калса, андан трагедия жасаштын кереги жок. Бир эле Кыргызстанбыз. Кимдин кадыр-баркы жогору болсо, кайсы округдан койбосун, ал өтүп келет”.
"Шайлоонун шаңы катуу болот"
Жаңы эреже боюнча отуз шайлоо округунун ар биринен үчтөн депутат шайланып келет. Алардын бирөө гендердик квота боюнча аял киши болот.
Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий кайрылуусунда белгиленгендей, талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн башталып, шайлоо күнүнө 30 календардык күн калганда же 30-октябрда саат 18:00дө аяктайт. БШК аларды шайлоо күнүнө 20 календардык күн калганга чейин, башкача айтканда 10-ноябрга чейин каттайт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталып, 29-ноябрда саат 8:00дө аяктайт.
Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты Исхак Масалиев үгүтчүлөрдүн санын көбөйтүүгө уруксат берген жобо шайлоодо добушту сатып алууну мыйзамдаштырып берерин айтат. Анын үстүнө, бул шайлоодо тарапма-тарап болуп жаатташуу, жердешчилик көп болот деп эсептейт.
“Кыргыздарда баарыбыз бирдейбиз. Кадамжай болобу, Тоң болобу, Түп болобу же Талас болобу – бирдейбиз. Айылда жашагандар көпчүлүк учурда биринчи суроо “бул кайсы жерлик?” деген суроо болот. “Аа, биздин кулунубуз турбайбы” деп, анан кийин “кайсы уруудан?” деп сурайт, “аа, бул биздин уруудан турбайбы” деп. Анан “кичи уруусу кандай экен” дейт, “а, бул биздики эмес” деп ошол айылдар айтат. Анан кийин гана ишмердүүлүгүнө карап “кандай экен, кандай иштейт экен, сүйлөй алабы, өзүнүн укугун коргой алабы, биздин талабыбызды жеткире алабы?” дейт. Бирок, шайлоодо дагы эле ошол сөздөр болот, дагы да убада берет “мен ушул айылыңарды, жолду оңдогонго көмөк көрсөтөм” деп айтат. Ал милдеттүү болот. Азыр депутаттардын мандаты бир аз башкачараак. Булар түзмө-түз ошол округдун өкүлү деп эсептелет. Бүткүл элдин эмес, ошол жердин, жамааттын өкүлү деп эсептелет. Эгерде ошондой өкүлү болсо, анда ошол жердин талаптарын койгонго, ишке ашырганга милдеттүү”.
Президент Садыр Жапаров чыгарган жарлыкка ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын чукул шайлоо 30-ноябрга дайындалган. Мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо укугуна 18 жашка толгон жарандар ээ. Ал эми депутаттык жарышка 25 жашка толгон, кыргыз тилин билген, жогорку билимдүү жана Кыргызстанда беш жылдан кем эмес жашаган жаран катыша алат.
Жаңы эрежелер боюнча үгүтчүлөрдүн саны 500дөн миңге, шайлоо фонду 10 млн сомдон 20 млн сомго чейин көтөрүлгөн. Талапкерлердин 300 миң сомдук күрөөсү шайлоону уткан-утпаганына карабай, кайтарылбайт.
Шерине