Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:04

ЖККУ жыйыны: коопсуздук, мигранттар жана саясий эрк


ЖККУга мүчө-мамлекеттердин ТИМнин кеңешинин жыйыны. Чолпон-Ата шаары, 30-июнь 2025-жыл.
ЖККУга мүчө-мамлекеттердин ТИМнин кеңешинин жыйыны. Чолпон-Ата шаары, 30-июнь 2025-жыл.

Чолпон-Атада Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтүүдө.

ТИМдин басма сөз кызматы жыйында эл аралык жана чөлкөмдүн коопсуздук маселелери, терроризм, экстремизм, трансулуттук кылмыштуулук менен күрөш талкууланарын билдирди.

Орусия башында турган уюмдун алты мүчөсү бар эле. Бирок өткөн жылдан бери Армения уюмдун бюджетине төлөм төлөөдөн баш тартып, ЖККУ мүчөлүгүнөн чыгарын жарыялаган.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 30-июнь күнү Чолпон-Атада өтүп жаткан Тышкы иштер министрлеринин жыйынына Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын, Беларустун, Тажикстандын министрлери жана уюмдун баш катчысы катышты.

Армениядан өкүл келген жок. Армениянын жергиликтүү медиаларынын жазганына караганда, тышкы иштер министринин орун басары Ваагн Костанян эгерде уюмдун Азербайжандын иш-аракеттери боюнча билдирүүлөрдү кылышпаса, анда Ереван ЖККУдагы мүчөлүгү боюнча акыркы чечимин кабыл аларын билдирген.

Министрлердин жыйынына катышкан кыргыз президенти Садыр Жапаров эл аралык мамиледе жаңы чакырыктар күчөп баратканын айтты.

“Эл аралык мамилелердин системасы терең өзгөрүүгө дуушар болуп жатат. Биз геосаясий каршылашуунун курчушун, бир катар аймактарда туруксуздуктун өсүшүн, салттуу да, гибриддик мүнөздөгү да коркунучтардын күчөп жатканын байкап турабыз. Эл аралык терроризм, улут аралык кылмыштуулук, экстремисттик идеологияны жайылтуу, киберкоркунуч жана эгемен мамлекеттердин ички иштерине тыштан кийлигишүү көйгөйү барган сайын актуалдуу болуп баратат. Мындай жагдай бардыгыбыз үчүн олуттуу коркунучту жаратат жана бирдиктүү, уюшулган мамилени талап кылат”.

Жыйынга төрагалык кылган Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин айтымында, терроризм, экстремизм, трансулуттук кылмыштуулук көйгөйлөрү талкуунун чордонунда болду.

ЖККУнун Баш катчысы Имангали Тасмаганбетов уюмдун биринчи жарым жылдыкка пландаган иш-чаралары толугу менен аткарылганын билдирди. Жарым жылда ЖККУнун коопсуздук кеңештеринин катчыларынын, тышкы иштер министрлеринин жана дагы бир катар органдарынын жыйындары өткөн.

Беларустун тышкы иштер министри Максим Рыженков жарыша куралданып жаткан өз аймагында коопсуздук маселеси жөнөкөй эмес экенин билдирген:

“Биздин чөлкөмдөгү куралданууну эске алганда уюмдун батыш канатында жайгашкан биздин өлкө үчүн бүгүн күн тартибинде каралган маселелердин мааниси өтө чоң. Өзгөчө трансчекаралык мүнөздөгү киберкоопсуздук, экстремизм, терроризм маселелер. Бул маселелерге уюмубуздун алкагында дыкат көңүл бурулуп жатканына биз ыраазыбыз”.

Жыйынындын жыйынтыгында терроризм менен экстремизмге алып барган радикалдашууга каршы туруу, эл аралык маалыматтык коопсуздук, БУУнун Борбор Азия жана Ооганстандагы туруктуу өнүгүү максаттары боюнча аймактык борбору жөнүндө, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу билдирүүлөр кабыл алынды.

ЖККУдагы тең ата мамиле

Буга чейин 19-июнда уюмдун киберкоопсуздук боюнча алгачкы эл аралык конференциясы да Ысык-Көлдө болуп өткөн. Жыйынга ЖККУнун башкатчысы Имангали Тасмагамбетов баштаган Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчылары катышкан.

Орусиядан коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары катышса, Армения менен Тажикстандан эч ким келген эмес.

Жамааттык коопсуздук келишими уюму – ага катышкан мамлекеттердин жамааттык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн түзүлгөн эл аралык уюм. Анын курамына: Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет. 2024-жылдын февралында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян уюмдагы мүчөлүгүн тоңдуруп туруу чечимин кабыл алган.

2021-2022-жылдардагы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштардан кийин уюмдун ишмердигине нааразы кыргыз бийлиги дагы анын айрым машыгууларына катышпай койгон.

Коопсуздук боюнча серепчи Орозбек Молдалиев Орусиянын жетегиндеги бул уюм курамындагы чакан мамлекеттерге үстүртөн мамиле кыларын айтты:

“Уюмдун таасирин көбөйтүп-азайтуу Орусиянын колунда. Чынын айтканда, ЖККУга мүчө-мамлекеттерден деле көз каранды, саясий эрк керек. Өзбекстан ЖККУдан чыгып кеткен, аны карышкыр деле жеген жок, эч ким коркуткан деле жок, жакшынакай болуп, ЖККУсу жок эле жашап жатат. Арменияда Пашиняндын партиясы шайлоого катышып жатканда Орусиянын саясий ишмерлерине журналисттер суроо берген. “Арменияда шайлоо болуп жатат, Пашинян өзү Батышка жакын деген түшүнүктөрү бар, силер эмне үчүн Армениянын маселесине кийлигишпей атасыңар” дегенде, Орусиянын саясатчылары “а куда денется Армения, как и Киргизия?” деп айтып жатат. Ушул эки мамлекет каякка кетмек деген сөз да. Ушуну менен бизге мамилесин түшүнсөңөр болот, ЖККУ бизге, кичинекей мамлекеттерге кандай карайт. Ошон үчүн бул жерде, албетте өзүбүзгө да көз каранды көп маселелер. “Кой, биз кичинекей мамлекетпиз, унчукпай жүрө берели, бензин-солярканы арзаныраак алалы” деп жүрсөк, жүрө беребиз ушинтип”.

Лавров кыргыз бийлиги менен эмнелерди сүйлөштү?

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров кыргыз тараптын чакыруусу менен расмий сапар катары ЖККУнун жыйынынан бир күн мурда келди.

Ишемби күнү кечинде учуп келип, жекшембиде Чолпон-Атада кыргыз президенти Садыр Жапаров жана тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевге жолугуп, эки тараптын кызматташтыгын талкуулашты.

Ал эми Орусия менен Кыргызстандын тышкы иштер министрлеринин биргелешкен маалымат жыйынында Лавров геосаясий коопсуздук маселелерин камтыган, бир кыйла кеңири мейкиндикке чабыттаган сөздөрдү айтты. Орус-украин согушунан тарта Кремлдин кыргыз өлкөсүнө жана мигранттарына жасаган мамилесине чейин сүйлөдү.

Маселен, Сергей Лавров Киев режими Украинадагы бүтүндөй орус маданиятын жана орус тилдүү тургундарынын орус тилине тиешелүү бардык укуктарын мыйзамдар аркылуу жок кылууга аракет кылып жатканын жана аны токтотуу керектигин айтты.

“Эл аралык темалардын ичинен Жакынкы жана Ортоңку Чыгыштагы жагдайга, Палестина маселесине, Ирандын айланасындагы кырдаалга өзгөчө көңүл бурулду. Биз Украинадагы жаңжалды жөнгө салууга байланышкан окуялар боюнча бейтарап, калыс позициясы үчүн досторубузга ыраазычылык билдирдик. Орусиянын президенти В.Путин белгилегендей, биз бардык маселелерди ишенимдүү чечүү үчүн бул кризистин түпкү себептерин жоюу зарыл деп билебиз. Эӊ оболу, НАТОнун Чыгышка карай кеӊейишинин, Киевди Түндүк Атлантикалык альянска тартуу аракеттеринин, Украинанын аймагында Орусия Федерациясына каршы багытталган аскердик инфраструктураны түзүү пландарынын натыйжасында Орусиянын коопсуздугуна жаралган коркунучтарды жок кылуу зарыл”.

Лавров гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтык тууралуу айтып жатып, Кыргызстандын аймактарында Орусиянын бюджетинин эсебинен тогуз орус тилдүү мектептин, Кыргыз-Орус Славян университетинин жаңы кампусунун курулушу иш жүзүнө ашып жатканын белгиледи.

Жолугушууларда кыргыз мигранттарынын жагдайы да талкууланды. Лавров эки тарап тең мигранттардын маселесин чечүүгө кызыкдар экенин, бирок кандай болбосун мигранттар өз макамын орус мыйзамдарына ылайык келтириши зарылдыгын билдирди.

Орусия 2022-жылы Украинада согуш баштагандан тартып мигранттарга каршы маанайын күчөткөн. 2024-жылы Москвада “Крокус Сити Холлдогу” 145 адамдын өмүрүн алган окуядан кийин борбор азиялык мигранттарга талаптар катаалдаган. ЕАЭБдин бирдиктүү укуктук талаасында экенине карабай, чиеленишкен документтик талаптар менен текшерүүлөргө кыргыз мигранттары да көпчүлүк учурда тушугуп келет.

Орусияда быйыл 1-апрелден тарта мигранттардын балдарын мектепке кабыл алууда орус тили боюнча тесттин талаптары бир кыйла күчөгөн. Ал жакта эмгектенген кыргыз мигранттары балдарын бала бакчага, мектепке киргизүүдө кыйынчылыкка дуушар болуп жатканын айтышууда. Анткени мигранттардын балдары үчүн орус тилинен сынак катаалдашып, билим алгысы келген балдардан суроолордун 90% туура жооп бериши талап кылынууда.

Шерине

XS
SM
MD
LG