Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:36

Түрк мамлекеттеринин Шуша саммити. Орусиядан көңүлү калган Армения


Шуша шаарында Түрк мамлекеттери уюмунун өлкө башчыларынын бейформал саммити өтөт, 6-июль, 2024-жыл
Шуша шаарында Түрк мамлекеттери уюмунун өлкө башчыларынын бейформал саммити өтөт, 6-июль, 2024-жыл

6-июлда Азербайжандын Шуша шаарында Түрк мамлекеттери уюмунун өлкө башчыларынын бейформал саммити өттү. Ага президенттер Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев, Түркиянын, Венгриянын өкмөт башчылары катышты.

Эксперттер бул уюм маданий, гуманитардык байланыштарды чыңдоого көнүл бургандан тышкары бара-бара олуттуу эл аралык маселелерге кайрыла баштаганын белгилешет. Анын үстүнө бул ирет саммиттин Тоолуу Карабакта өтүп жатышы да көптү каңкуулайт.

Түрк мамлекеттери уюмунун бейформал саммити бул ирет “Транспорт, байланыш жана климаттык иш-чаралар аркылуу туруктуу келечекти калыптандырууну” деген темада өттү.

Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары табигый кырсыктардын алдын алууда, климаттын өзгөрүшүнө каршы биргелешип чара көрүү жана мүчө өлкөлөрдүн транспорт байланышын бекемдөөнү талкуулай турганын билдирген.

Саммит Азербайжан былтыр күзүндө толугу менен өзүнө кайтарып алган Тоолуу Карабактын Шуша шаарында өтүп жатат. Ага Кыргызстандын президентинен тышкары Казакстандын, Өзбекстандын мамлекет башчылары жана Түркиянын, Венгриянын өкмөт башчылары катышты.

Шушадагы саммиттин саясий салмагы

Казакстандын борбору Астана шаарында 4-июлда өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун жыйынында Азербайжандын президенти Илхам Алиев Тоолуу Карабактагы саясий абалга мындай сыпаттама берди:

“2023-жылдын сентябрында Азербайжан өзүнүн эл аралык коомчулук тааныган аймактык бүтүндүгүн толугу менен калыбына келтирип, эл аралык укукту жана тарыхый адилеттикти кайтарды. Азербайжан Армениянын 30 жылдык баскынчылыгын токтотуп, БУУнун Коопсуздук кеңешинин 30 жыл бою кагазда калган төрт резолюциясын аскердик-саясий жол аркылуу турмушка ашырды”.

Саммитке Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган келбей турганы алдын ала маалым болгон. Себеби ал ушул күндөрү Германияда өтүп жаткан футбол боюнча Европа чемпионатынын чейрек финалына чыккан Түркиянын курамасын сүрөгөнү барары кабарланган. 6-июлда Түркиянын футболчулары Нидерланддар менен ойноп, 1:2 эсебинде утулду.

Европа футбол биримдиги (UEFA) Австрия менен болгон оюнда топ киргизгенден кийин ашкере-оңчул деп мүнөздөлгөн “Бозкурт” саясий кыймылынын “көк бөрү” белгисин колу менен көргөзгөн Мерих Демиралга карата иликтөө ишин баштаган болчу. Ушундай абалда түрк президенти Азербайжандагы саммитке караганда миллиондогон түрктөр жашаган Германияга сапарды тандашы да символикалуу.

Мурдагы мамлекеттик катчы, академик Осмонакун Ибраимов Армения Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна, Евразия экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө экенине карабай түрк мамлекеттеринин бул жыйынына "кызганыч менен карабашы керек" деген ойдо:

“Азербайжандагы Карабак маселеси бул өтө чоң маселе. Эң негизгиси – Армения өз убагында Орусияга таянып, Азербайжандын үч районун басып алган. Анын ичинде Хожалы деген аймагында азерилерди кырып жиберишкен. Бул абдан жакшы эмес иш болгон. Ал аймактарды акыры жүрүп отуруп Азербайжан кайра өзүнө кайтарып алды. Ал эми Армения көптөн бери эки оттун ортосунда чайналып, кыйналып келатат. Бир жагынан Европа, Батыш, экинчи жагынан Орусия. Армениянын Орусия менен байланышы, маданияты, тарыхы өтө терең. Экинчи жагынан Армения Орусияга бир кезде бизге жардам берип, ошол Карабакты кошуп алдык эле, эми жардам бербей койдуңар деген таарынычы турат. Чындыгында Советтер Союзу маалында аралашып эле калганбыз да, ошол эле Карабакта, Шушада жалаң эле армяндар жашап келиптир көп жылдардан бери. Эмне дейбиз? Кээде тарыхтын мыйзамына баш ийип да коюш керек экен да. Адилеттик, чындык деген да бар тура. Азербайжан өз жерин кайтарып алды. Ошондуктан, биринчиден, Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы туугандык, ысык мамилени эске алып, экинчиден, жанагындай тарыхый дискурсту да көңүлгө алганда президент Садыр Жапаровдун Карабакка барганы туура эле көрүнүш.”

Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Тоолуу Карабактын Азербайжанга өткөнүн моюнга алганын, эми реалдуулук менен эсептешүүгө мажбур экенин билгиледи:

“Түрк мамлекеттери ортосунда тарыхы, тили, дини, маданиятыбыз жагынан көп окшоштуктар бар. Президенттин Азербайжанга, Түрк мамлекеттери уюмунун саммитине катышып жатканы жакшы жөрөлгө. Анткени азыркы тынч эмес дүйнөдөгү ар кандай процесстерде түрк мамлекеттеринин бири дагы ири башка уюмдар, мамлекеттер менен карама-каршылыгы жокко тете да. Бул бир жагынан. Экинчи жагынан, Шуша боюнча айтсам, Армения менен ЖККУда, ЕАЭБде өнөктөш болуп тургандыктан алар эмне дейт десек болот эле, бирок, мында жакында премьер-министр Никол Пашинян, армян парламенти Шушанын макамын таанып, аны Азербайжандын аймагы деп моюнга алышты. Ошол себептен Армения бизге кандайдыр бир доомат коё албайт. Үчүнчүдөн, расмий Баку Шушаны Азербайжандын маданий, тарыхый борбору катары дүйнөгө көргөзүү аракетин жасап жатат. Биз дагы түрк мамлекеттеринин катарында саммитке катышып, Азербайжандын эгемендигин бекемдөө тилегибизди билдиргенибиз туура кадам.”

Азербайжан былтыр сентябрда эки мамлекет көп жылдардан бери айгышкан кармаштар менен талашып келаткан Тоолуу Карабак аймагын өзүнө толук караткан. Бул чөлкөмдө көптөн бери жашаган 100 миңден ашуун армяндар там-ташын таштап, чыгып кетүүгө мажбур болгон.

Расмий Ереван Азербайжанды Тоолуу Карабакта “этностук тазалоого жол берип жатат” дем айыптап, бул аймакта армяндарга таандык тарыхый жайларга коркунуч жаралганын белгилеп келет.

Азербайжан Тоолуу Карабакты өзүнүн тарыхый жери деп санайт. Армениянын мурдагы бийликтери дагы бул аймакты өзүнүн өлкөсүнүн ажырагыс бир бөлүгү катары карап келген.

ЖККУдан жана Орусиядан көңүлү калган Ереван

Армения Азербайжан менен согушунда Жаматтык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) жардам сурап кайрылган жана бирикме ага аскердик, курал жагынан көмөк көрсөткөн эмес. Ошондон кийин премьер Пашинян бир нече ирет ЖККУга жана Орусияга таарынычын айтып, уюмдан чыгуу ниетин ачык билдирип келет.

Азербайжан менен Армениянын ортосундагы ок атышууну токтотуу келишиминин алкагында 2020-жылы Орусиянын эки миң аскерден турган тынчтык орнотуу контингенти Карабактын этностук армяндар көзөмөлдөп турган бөлүгүнө киргизилген болчу.

Пашинян Орусиянын бул күчтөрү "өз милдеттенмелерин так аткарбай жатат" деген пикирин бир нече ирет айткан. 2024-жылдын жазында орус күчтөрү Тоолуу Карабактан чыга баштаганы кабарланган.

Ошол эле маалда расмий Ереван Европага жана АКШга ыктаган багытын ачык жүргүзүүгө өттү.

Шуша шаарын азери аскерлери өз көзөмөлүнө 2020-жылдын ноябрында алган, 2021- жылы президент Алиев бул шаарды Азербайжандын маданий борбору деп жарыялаган.

Президент Садыр Жапаров быйыл 25-апрелде Карабактагы Хыдырлы айылына барып, болочокто кыргыз тарап куруп бере турган орто мектепке мезгил кутусун салуу аземине катышкан. Алиев Жапаровго Физули жана Агдам шаарларынын өнүгүү планы менен тааныштырып, Агдамдагы XVIII кылымда курулган Карабах хандыгынын негиздөөчүсү Панахали хандын сарайын жана мүрзөсүн көргөзгөн.

Беларустун авторитардык башкаруучусу Александр Лукашенко да быйыл 17-майда Азербайжандагы расмий сапарынын алкагында Шушага барган. Беларус дагы Кыргызстан, Казакстан жана Орусия сыяктуу эле ЖККУ жана ЕАЭБ уюмундарына мүчө.

Коңшуларды кагыштырган аймак

Советтер Союзу тарагандан кийин 1990-жылдардын башында Тоолуу Карабак автономдук облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгып, Армян ССРине киргенин жарыялаган.

1991-жылдын сентябрында болсо Тоолуу Карабак Республикасы деп аталган субъект пайда болгон. Бирок аны бир да мамлекет, анын ичинен Армения дагы расмий тааныган эмес.

Мындай саясат расмий Бакуга жакпай 1988-1994-жылдар аралыгында кан күйгөн согуш байма-бай уланып турган. Анын кесепетинен эки тараптан 30 миңдей адам набыт болгон.

Армения коңшусунун Тоолуу Карабак менен чектеш бир нече аймактарына да көзөмөлүн орноткон. Анын каскагы 100 миңден ашуун этностук азерилерге тийип, башы аман калгандары качып, бозуп, жер оодарганга аргасыз болушкан.

Армения менен Азербайжан ортосундагы экинчи согуш 2020-жылдын күзүндө алты аптага созулган. Куралдуу кагылыштан Армения төрт миңдей, Азербайжан үч миңдей жаранынан айрылган.

Бул ирет Азербайжан 30 жылдан бери көздөп келаткан максатына жетип, Тоолуу Карабакты жана Шуша шаарын өзүнө кайтарып алган. Бул ирет 100 миңден ашуун этникалык армяндар Тоолуу Карабактан Арменияга жер которууга аргасыз болушкан. Эл аралык укук коргоо уюмдары Карабакта армяндарга жасалган мамилеге байланыштуу Азербайжан тарапты сындашкан.

Түрк мамлекеттер уюмунун тарыхы

Түрк мамлекеттер уюму 2009-жылы 3-октябрда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын кеңеши катары түзүлгөн. 2021-жылы 12-ноябрда уюм Өзбекстандын демилгеси менен Түрк мамлекеттеринин уюму деп өзгөртүлгөн. Мүчө мамлекеттердин аймагында азыркы тапта 160 миллион эл жашайт.

Уюмга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстан мүчө. Венгрия менен Түркмөнстан байкоочу макамы менен катышып келатат.

Уюмдун аткаруучу органы болуп катчылык эсептелет, баш катчы Мамлекет башчыларынын кеңешинде бекитилет. Азыр бул кызматты Кыргызстандын жараны Кубанычбек Өмүралиев аркалайт. 5-июлда баш катчы Өмүралиевди президент Алиев кабыл алып, уюмдун азыркы таптагы иши, келечек пландары боюнча пикир алышты.

Мындан тышкары уюмдун түрк маданияты боюнча эл аралык уюму – ТҮРКСОЙ бар. Аны да азыркы тапта кыргызстандык таанымал жазуучу Султан Раев жетектөөдө.

  • 16x9 Image

    Кубат Оторбаев

    "Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунун алып баруучусу жана саясат, экономика, эл аралык алакалар багытында баяндамачы. 

XS
SM
MD
LG