Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:38

Ошурахунова: Президент деле жоопкерчиликти мойнуна толук албайт


Динара Ошурахунова
Динара Ошурахунова

Венеция комиссиясынын сунуштарынын Кыргызстан үчүн мааниси кандай? Бул корутундуну кыйгап өтүү бийликтин эл аралык аброюна кандай таасир этет? Ушул жана башка суроолорго укук коргоочу Динара Ошурахунова жооп берди.

- Мына ушуну менен Венеция комиссиясы экинчи ирет Кыргызстандагы конституциялык реформага байланыштуу корутундусун чыгарып жатат. Экинчисинде жогоруда айтылгандай, жаңы Баш мыйзамдын долбоорунда бийликтин тең салмактуулугу сакталбай калган. Бул эскертүүлөрдү кыргыз бийлиги кыйгап өтө берсе эмне болот?

- Өтө деле курч реакция болуп кетпейт. Бирок, бир нерсени эске салып коюш керек, Кыргызстан 2004-жылдан бери Венеция комиссиясынын мүчөсү болуп келе жатат. Бул алдыга жасалган чоң жылыш эле. Себеби, биздин коңшу Казакстан араң эле 2012-жылы мүчө болду. Ал комиссияга бизди эч ким мажбурлап, күч менен киргизген жок. Биз өзүбүз каалап киргенбиз. Комиссияга мүчөлүктүн алкагында демократиялык принциптер, адам укугун сактайбыз деген биздин эл аралык милдеттерибиз бар. Негизи Кыргызстан өзүн дүйнөлүк аренада демократиялык, укуктук мамлекет деп жарыялагандан кийин Баш мыйзамдагы эркиндикти коргоо шарттарын аткарып, эл аралык коомчулукка да бул нерсенин баарын көргөзүп, далилдешибиз керек. Венеция комиссиясынын эл аралык чөйрөдө өзгөчө орду бар, бул Конституция же шайлоого байланыштуу чыр-чатактар чыгып калса, аны чечүү жолдорун таңуулабай, конфликтке жеткирбей жөнгө салууга сунуштарды берет. Бул сунуштар мамлекет үчүн пайдалуубу же пайдасызбы, мамлекет аны өзү чечиши керек. Эл аралык коомчулук комиссиянын бүтүмүнө кылдат көз салып турат. Венеция комиссиясы биздин Баш мыйзам жана саясий структуралар боюнча өзүнүн бүтүмүн экинчи ирет чыгарып олтурат. Мамлекет эми ушуну жакшы аңдап, эл аралык коомчулуктун оюнчук эмес экенин, алар чыгарган жыйынтыктар менен эсептешүү зарылдыгын билиши керек. Себеби, сунуштарды кыйгап өтүү чет жактан келген жардамга, колдоолорго, мамилелерге өтө терс таасир этип калышы мүмкүн. Биз чет элден келген жардамдан баш тартып койгудай бай өлкө эмепиз да.


- Негизи эле көпчүлүк учурларда Венеция комиссиясы өз чечимин таңуулоону максат кылбайт, тескерисинче, директиваларга караганда диалог ыкмасын колдонуп, пикир алмашууну туура көрөт эмеспи. Кыргызстанда азыркы бийликте, ошол эле Баш мыйзамдын долбоорун иштеп чыккандардын арасында Венеция комиссиясынын мүчөлөрү менен тең тайлаша пикир алышып, диалог куруу мүмкүнчүлүгү канчалык деңгээлде?

- Биринчи кезекте мамлекет башында турган бийликтин эркине байланыштуу. Эгерде биздин бийлик кааласа Венеция комиссиясынан келишип, өз сунуштамаларын берүүгө алар ар дайым ачык. Эң негизги маселе биздин бийликтин эркинде. Бийлик негизи Венеция комиссиясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүгө даярбы, дегеле бийлик үчүн комиссиянын чыгарган чечимдери маанилүүбү, керекпи деген суроо бар. Бийликтеги адамдардын деңгээли кандай болбосун, баары бир диалог курууга эч нерсе тоскоол болбойт. Эң негизги маселе - биздин бийлик башка бирөө берген бааны туура кабылдоого даярбы деген суроодо. Венеция комиссиясы жөн эле чыга калган эмес, 1990-жылы түзүлгөн, анын айткандарын абдан көп мамлекеттер кунт коюп угуп, комиссия берген баанын үстүндө иштөөгө аракет кылат да. Негизи бийлик аталган комиссия менен ачык иштөөгө өзү демилге көтөрүп, даярдыгын көргөзүшү керек, бул заманбап шарттарга да шайкеш келет. Эл аралык коомчулукта куугунтукка алынбай, теңтайлаша баары менен бирдей турууга дал ушул комиссия менен ымаланы жакшыртуу аркылуу абдан жакшы мүмкүндүк түзүлмөк.


- Венеция комиссиясынын сунуштарын ишке ашырууда жарандык коом бийликке кандайдыр бир деңгээлде таасир эте алабы? Кандай иш-аракеттер жүрүшү керек эле бул багытта?

- Бул жерде Конституциялык кеңешме башында Баш мыйзамды карап жатканда "сунуштарды кабыл алганга даярбыз" деп айтканы менен бизге мүмкүнчүлүк берилген жок. "Келбейсиңерби, айтпайсыңарбы" деп эле жатышты, бирок, кандай барарыбызды, кантип сунуш берерибиздин жол жобосу жок болду. Президент Садыр Жапаров өзү "кеңешмеде алгач 72 мүчө бар эле. Кийин каалаганы барып эле сүйлөй берди" деп айтты. Кийин кеңешме мүчөлөрүнүн саны 98ге чыгып кетти. Баш мыйзамды кароонун өзүнүн процедуралары болот, кеңешмеге кимдер кирди, качан, кайда каралды, аны добушка коюу жараяны кандай тартипте өтөт, айтор, баары анык болушу керек. Бизде болсо телефондорду коюп коюшту, ага ким чалганын, кандай сунуш кылганын анализдеген киши болгон жок. Жогорку Кеңештин депутаттарына да Баш мыйзамдын долбоорунун ичин өзгөртүүгө мүмкүндүк берилген жок. "Ушундай долбоор түзүлдү, ага эч кандай толуктоо, өзгөртүү киргизе албайсыңар, силер тек гана Референдум боюнча мыйзам кабыл алышыңар керек", - деп коюшту.


- Венеция комиссиясынын экинчи чечиминде бийликтин тең салмактуулугу сакталган эмес деп бааланып жатат. Жаңы Баш мыйзамдын долбоорунда бул нерсе көз жаздымда калганы коомчулукта айтылып эле келатат. Ал тургай мындай сөздөр Конституциянын жаңы долбооруна карата айтылган сындын башында турат эмеспи. Бийликтин жоопкерчилигин бөлүштүрүү жаатында да бир топ маселе барбы?

- Бул багытта жалпыга маалым болгондой өтө көп көз караштар, сын пикирлер айтылган. Көз карандысыз эмес юристтер коомчулугу да кайра-кайра айтып жатты. Баш мыйзамдын жаңы долбоору президенттик системаны алып келерин, президент гана өлкөдөгү бардык маселелерге жоопкерчиликтүү болорун баары айтып жатышат. Ошол эле учурда долбоорду карап чыксак президент деле жоопкерчиликти мойнуна толук албайт экен. Биз бул Баш мыйзамдын жаңы долбоорун кабыл алган күндө деле жоопкерчилик Жогорку Кеңеш, аткаруу бийлигине жүктөлүп калып жатат. Эгер бул долбоор кабыл алынып калса, эң негизги маселе соттордун көз карандысыздыгына барып такалат. Бизде азыр соттор коррупцияга белчесинен баткан, өзүнүн адилет чечимин чыгара албаган, бийликке көз каранды бойдон калууда. Юристтерибиздин абалы да ушундай. Ошондуктан, бийлик кандай формада гана болбосун, биздин сот системасы эркин болбосо бийликтин тең салмактуулугу сакталбайт. Тилекке каршы, сот системасынын көз карандысыздыгы бизде орнобой келет. Конституциянын жаңы долбоору мына ушуну камсыз кылышы керек эле.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG