Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:59

БШК мугалимдерди шайлоону уюштуруу иштерине тартууга тоскоолдук болуп жатканын билдирди


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы Агартуу министрлигинин жергиликтүү билим берүү бөлүмдөрүнүн айрым башчылары, мектеп директорлору мугалимдердин шайлоону уюштуруу иштерине катышуусуна тоскоолдук жаратып, шайлоо комиссияларынын курамынан негизсиз чыгарып жатканын билдирди. Мугалимдер буга чейинки шайлоолорду уюштурууга активдүү аралашып келгенин, тажрыйбасы көптүгүн белгилеп, жетекчилерди тоскоолдук жаратпоого чакырды.

"Буга чейинки шайлоолордо саламаттык сактоо, маданият жана билим берүү тармагынын кызматкерлери шайлоо комиссияларынын курамында жигердүү иштеп, чоң салым кошуп келген. Бирок учурда Агартуу министрлигинин айрым райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, мектеп директорлору мугалимдерди шайлоо комиссияларынын курамынан негизсиз чыгарып жатканы белгилүү болду. БШК мугалимдерди шайлоо процессине тартуу талапкерге үгүт жүргүзүү же байкоочу болуу үчүн эмес, уюштуруу иштерин жогорку деңгээлде өткөрүүгө көмөк көрсөтүү үчүн зарыл экенин белгилейт. Алардын көп жылдык тажрыйбасы жана жоопкерчиликтүү мамилеси алдыдагы ири шайлоо өнөктүгүн кынтыксыз жана сапаттуу өткөрүүгө чоң жардам берет. Мындан улам БШК аймактардагы жетекчилерди мугалимдерге негизсиз тоскоолдук жаратпоого чакырат",-деп жазылган маалыматта.

Расмий маалыматка ылайык, өлкөдө жалпы 2492 шайлоо участкасында иштеген 24 995 шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн 5 496сын мугалимдер түзөт (63% жакын). Ошондой эле 1 655 добушкана мектептерде жайгашкан.

Агартуу министрлиги бул билдирүү тууралуу азырынча маалымат бере элек.

Жогорку Кеңештин депутаттары 25-сентябрда парламентти кезексиз таркатуу тууралуу демилгечи топтун сунушун бир добуштан колдогон. Мыйзамга ылайык, парламент таркаган күндөн тартып беш күн ичинде президент мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт. Шайлоо болжол менен 30-ноябрда өтүшү мүмкүн.

Шерине

XS
SM
MD
LG