Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Сентябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:54

Трамп  TikTok платформасынын америкалык бөлүмүнө байланышкан буйрукка кол койду


АКШнын президенти Дональд Трамп TikTok социалдык тармагынын америкалык бөлүмүн сатууну жактырган буйрукка кол койду. Бул тууралуу Ак үйдүн сайтында айтылат.

"Настоящее Время" телеканалы жазган маалыматка караганда, платформаны АКШда жайгашкан биргелешкен ишкана тескейт. Анын акцияларынын көпчүлүгү америкалык инвесторлорго таандык болот, Кытайдын ByteDance компаниясы 20% ээ болмкочу.

Ак үй кыска видеолорго адистешкен бул түйүндү 170 миллион америкалык киши колдонорун, президенттин буйругу TikTok социалдык тармагынын “бардык артыкчылыктарын” коопсуз пайдаланууну жана АКШда жеке маалыматтардын купуя сакталышын кепилдерин билдирди.

Bloomberg жазганы боюнча Кытай келишимди жактырганын расмий жарыялай элек. Макулдашуунун негизги шарттары азырынча бүдөмүк калууда. Буга чейин Мадриддеги жолугушууда Кытайдын өкүлдөрү андай келишимге көнгөнү, бирок ага кол коюла электиги айтылган.

АКШнын Конгресси мурунку администрация учурунда ByteDance компаниясын ал бөлүмдү сатууга милдеттендирген, же болбосо платформа бөгөттөлөрүн эскерткен. Мындай чечимге улуттук коопсуздук кызыкчылыктары жүйө болгону маалымдалган. Америкалык мыйзам чыгаруучулар Кытай өкмөтү бул тиркеме аркылуу америкалыктардын артынан тыңчылык кылып, өзүнүн жашыруун таасир этүүчү операцияларын ишке ашырышы мүмкүн деген кооптонуусун билдиришкен.

Конгресстеги эки палата тең көпчүлүк добуш менен колдогон мыйзамга ошол кездеги президент Жо Байден кол койгон.

Трамп кызматка киришкеден кийин TikTok соцтармагына тыюу салуу мыйзамы убактылуу токтотулган.


Шерине

XS
SM
MD
LG