Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:29

Баш мыйзам: абактагы депутат парламентке келди


Жогорку Кеңештин коррупцияга шек саналып кармалган депутаты Дүйшөн Төрөкулов парламенттин бүгүнкү, 11-марттагы жыйынына катышып добуш берди.

Ал Биринчи май райондук сотунун чечими менен кечээ, 10-мартта үй камагына чыкканын "Азаттыкка" айтып берди. Өзүнө коюлган айыпты "жалаа", кармалышын "аша чабуу" деп атады.

Ал эми Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов мамлекетке келтирген зыянды төлөп берүүгө даярдыгын билдиргендиктен, туруктуу жашаган жери бар жана үй-бүлөсүн баккан жалгыз адам болгондуктан үй камагына чыгарылганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Төрөкуловдун үй камагы түрүндөгү бөгөт чарасынын мөөнөтү 15-майга чейин узартылды.

Жогорку Кеңеште бүгүн Конституция жөнүндөгү мыйзам долбоору боюнча референдум дайындоо тууралуу мыйзамга экинчи жана үчүнчү окууда добуш берилди.

Мыйзам долбоору 3-мартта биринчи окууда кабыл алынган. Макул деген добушун бергендер арасында жыйынга катышпагандар, арасында тергөө абагында жаткан Төрөкулов да бар экени белгилүү болгон.

Дүйшөн Төрөкулов коррупцияга шек саналып 15-январда кармалган. Сот анын бөгөт чарасын карап, эки айга камакка алган. Депутат Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган.

Социалдык тармакта Дүйшөн Төрөкуловдун парламентте пайда болушу кызуу талкуу жаратты.

XS
SM
MD
LG