Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:27

Азыгалиев көп аялдуулук үчүн жазаны жоюу демилгеси тууралуу түшүндүрмө берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин өзүн өзү таркаткан азыркы курамынын вице-спикери, депутат Нурланбек Азыгалиев көп аялдуулук үчүн жазаны алып салуу демилгеси тууралуу "Азаттыкка" комментарий берди. Ал мындай сунушту мыйзамдагы кылмыш жоопкерчилигине тартууга байланыштуу норма иштебей жатканынан улам көтөргөнүн айтты.

"Бул маселени туура түшүнүш керек. Мен көп аялдуу болуу маселесин көтөргөн жокмун. Кылмыш жоопкерчилигине тартуу нормасы бүгүнкү күнгө чейин иштеген жок. Ошондуктан кылмыш жоопкерчилигине тартууну алып салууну айтып жатабыз. Норма иштебегенден кийин анын кереги барбы же жокпу? Негизи көп аялдуулукка салынган тыюу бар",-деди Азыгалиев.

Өткөн айда президент Садыр Жапаров көп аялдуулук үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин жоюу жөнүндөгү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке кайтарган. Документтин авторлору Нурланбек Азыгалиев менен Медербек Саккараев экени жана парламент аны 25-июнда эч талкуусуз кабыл алганы белгилүү болгон.

Долбоордо "эки же андан көп аял алуу үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин караган Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренесин күчүн жоготту" деп таануу жазылган.

Президенттин аппараты көп аял алуу үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин сактап калуу Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерине ылайык келерин белгилеген. Ошондой эле бул мыйзам аялдарды жана балдарды укуктук жана социалдык теңсиздиктен коргой турганы жазылган.

Мыйзам долбооруна акыйкатчы, Башкы прокуратура, президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик, Улуттук илимдер академиясы, Юстиция министрлиги жана Конституциялык соттун аппараты каршы пикир берген.

Кыргызстанда “Үй-бүлө жөнүндө кодекс” бир гана расмий никеге уруксат берет. Мыйзамга ылайык, эки же андан көп аял алган адам коомдук, түзөтүү жумуштарына же айыпка тартылат. Бул кылмыш үчүн айып пулдун өлчөмү 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин деп аныкталган.

Коомчулукта көп аялдуулук темасы ачык талкууланып же иликтене элек. Ошондон улам маселени ачык көрсөткөн статистика жок.

Шерине

XS
SM
MD
LG