АКШнын Транспорт министрлиги 26-сентябрда билдиргендей, америкалык жарандыгы жок адамдарга коммерциялык унаа айдоого күбөлүк берүүнү олуттуу чектеген чукул токтом кабыл алды.
Мындай чара өткөн айда Флоридада болгон жол кырсыгы жана өкмөттүк аудиттен кийин көрүлүп жатат.
Токтомго ылайык, АКШнын жараны болбогон кишилер бир нече шарт аткарылбаса оор жүк ташуучу машина айдоо үчүн күбөлүк ала албайт. Атап айтканда, аларда жумуш визасы болууга, федералдык деңгээлде иммиграциялык макамы жакшылап текшерилүүгө тийиш.
Транспорт министри Шон Даффи Калифорния штатынын бийлигинен АКШнын жарандыгы жок мигранттарга коммерциялык унаа айдоого уруксат берген күбөлүк берүүнү токтотууну талап кылды.
12-августта Флоридада жүк ташыган трак жол эрежесин бузуп, уруксат берилбеген жерден бурулганда болгон кырсыктан үч киши каза тапкан. Айдоочу Америкада мыйзамсыз жүргөн деп шектелген теги индиялык мигрант болуп чыккан. Ал айдоочу күбөлүгүн Калифорнияда жана Вашингтондо алганы белгилүү болгон.
Ал окуядан кийин президент Дональд Трамптын администрациясы чет өлкөлүк айдоочуларга коммерциялык оор машиналарды айдоо күбөлүгүн берүүнү бир нече убакытка токтоткон.
Мамлекеттик катчы Марко Рубио кийинчерээк трак айдоону көздөгөн чет өлкөлүк жарандарга жумуш визасын берүү да убактылуу токтогонун билдирген.
Апрелде Трамп америкалык үй-бүлөлөрдүн жолдогу коопсуздугун камсыздоо максатында андай айдоочулар англис тилин жетиштүү деңгээлде билүүсүн талап кылган буйрукка кол койгон.
АКШда иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттардын арасында трак айдагандар көп жолугат.
Шерине