Конституциянын жаңы долбоорундагы сөз эркиндигине, тынч жыйын өткөрүү укуктарына, жарандык коомдун ишмердигине коркунуч алып келген беренелер тынчсызданууну жаратты.
Долбоордун авторлору басма сөз эркиндиги толук корголгонун, документте «цензурага жол берилбейт» деп так жазылганын айтканы менен жарандык коомдун өкүлдөрү ага ишенбей турат. Саясатчылар демократиялык баалуулуктарды чектеген Конституция көпкө иштебесин эскертип, долбоорду кайра оңдоп-түздөөнү сунушташты.
Тынч жыйындарга тыюу салынабы?
Конституциянын жаңы долбоорунда бийликтин тең салмактуулугу канчалык сакталган, президенттин укуктары менен жоопкерчилиги, Жогорку Кеңештин таасиринин азайганы тууралуу талаш-талкуу болуп жатат.
Буга улай эле долбоордо адам укуктары менен сөз эркиндигине байланышкан беренелер да өзгөрдү. Парламенттин экс-депутаты Равшан Жээнбеков «Азаттыктагы» талкууда дал ушул маселеге көңүл бурду.
Ал мамлекеттик башкаруунун формасы президенттик же парламенттик болобу, эгер анда демократия сакталбаса, Кыргызстанда бийлик жыл айланбай кулашы мүмкүн экенин эскертип, демократияга коркунуч жараткан беренелерди санап берди.
«Конституциянын 10-беренесинде сөз эркиндиги боюнча коркунуч бар. Адеп-ахлак маселесине шылтоолоп сөз эркиндигин чектөө кооптуу. Экинчи, «тынч чогулуштар сөзсүз уруксат менен болот» деген аябай чоң коркунуч. Үчүнчүдөн, Конституциянын беренелери менен жарандык коомду каражатка байланыштуу толугу менен көзөмөлдөп жатышат. Мына ушул маселелерди чечиш керек».
Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун 8-беренесинде «Саясий партиялар, кесиптик кошуундар жана башка коомдук бирикмелер өзүнүн финансылык жана чарбалык ишмердигинин ачыктыгын камсыз кылат» деп жазылган. Равшан Жээнбеков бул өкмөттүк эмес уюмдардын финансылык ишине кийлигишип, алардын ишин көзөмөлдөөгө шарт түзөт деп кооптонууда.
Ал эми иштеп жаткан Конституцияда «Тынч чогулуш өткөрүү жөнүндө билдирүүнүн жоктугуна, билдирүүнүн түрү, мазмуну менен берүү убактысынын сакталбагандыгына байланыштуу тынч чогулуш өткөрүүгө тыюу салууга жана чектөөгө, ошондой эле аны тийиштүү түрдө камсыздоодон баш тартууга жол берилбейт» деп жазылган.
Ошондой эле уюштуруучулар менен ага катышкандар чогулуш өткөрүү тууралуу билдирүү бербей эле чогулуп жана анын мөөнөтү сакталбаса эч кандай жоопкерчиликке тартылбайт.
Жаңы долбоордо деле айрым сөздөр гана өзгөргөнү болбосо жалпы мааниси ушундай эле. Болгону аягына «Тынчтык чогулуштарын уюштуруу жана өткөрүү мыйзам менен аныкталат» деп белгиленген. Укук коргоочу Рита Карасартова мандемдин баары ушул жерде экенин айтып, кийин мыйзам аркылуу тынч митинг-пикеттерге ар кандай акцияларга тыюу салынат деп чочулайт.
«Негизи Конституцияда мындай шилтеме берген нормалар болбош керек. Анткени кийин мыйзам менен көп нерсени өзгөртүп койсо болот. Мисалы, мыйзамга «Тынч чогулуш өткөрүү уруксат берилгенде гана болот» деп жазып коёт. Ошондуктан Конституцияда так жазылып кепилдик берилсе, эч кандай маселе жаралбайт. Кээде мыйзамдарда да ушундай шилтеме берилип «калганы токтомдор менен ишке ашсын» деп жазылат. Өкмөт болсо кандай токтом чыгарат ал белгисиз да. Бул аябай кооптуу».
Кыргызстанда берилген арыздын негизинде сот гана акцияларга убактылуу тыюу сала алат. Башка учурда жарандардын каалаган жерде тынч жыйындарга чогулууга укугу бар.
Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев сын-дооматтарга жооп берди.
«Тынч чогулуштарга бирөө барат экен, бирөө барбайт экен. Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү да ушул боюнча өйдө-төмон айтыштык. Анан Равшан Жээнбеков айткан жобону киргиздик».
Сөз эркиндигине шек жараткан шилтеме
Конституциянын жаңы долбоорунунун 10-беренеси сөз эркиндигине тиешелүү. Анда Кыргызстанда цензурага жол берилбей турганы жана жалпыга маалымдоо каражаттары эркин жана өз ишин мыйзамга ылайык жүргүзөрү жазылган.
Ушул эле беренеде «Өсүп келе жаткан муунду коргоо максатында Кыргыз Республикасынын элине таанылган адеп-ахлактык баалуулуктарына, аӊ-сезимине карама-каршы келген иш-аракеттер мыйзам менен чектелет» деп киргизилген. Ошондой эле «Маалыматты алууга жана жайылтууга чектөө коюлуучу иш-чаралардын жана чектөөлөрдүн тизмеси мыйзам тарабынан белгиленет» деп кошулган.
Бирок кайсы иш-чаралар адеп-ахлактык баалуулуктарга каршы келери такталган эмес. Тынч жыйын өткөрүү боюнча беренеге окшош эле бул жерде да тыюу салынуучу иш-чаралар мыйзам менен аныкталары жазылган.
«Журналисттер» коомдук уюмунун жетекчиси Марс Тулегенов Конституциянын долбоорундагы сөз эркиндигине коркунуч келтирген беренелер тууралуу мындай деди.
«Долбоордо «Цензурага жол берилбейт. Басма сөз эркин» деп жакшы эле жазылыптыр. Бирок суроо жараткан маселелер бар. Конституция кабыл алынып калса «калган иштер кошумча мыйзам менен аныкталат» деген жери кайсы мыйзам менен, ал мыйзам кандай мыйзам болот деген суроолорду пайда кылды. Былтыр сунушталган «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» деген сөз эркиндигине сокку урчу мыйзамга окшош мыйзам чыгарылып калса эмне болот? Бизде ЖМКлардын ишмердиги боюнча кабыл алынган мыйзамдар жетиштүү. Ашыкча эч нерсенин кереги жок».
Деген менен Конституциянын долбоорун 11-апрелде референдумга коюу жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 3-мартта биринчи окууда кабыл алынды. Аны депутаттардын 87си колдоп, тогузу каршы добуш берди, 21и катышкан жок.
Долбоорду өзгөртсө болобу?
Экс-депутат Равшан Жээнбеков «документтеги каталарды оңдоп ага алымча-кошумча киргизүүгө мүмкүнчүлүк бар» деди. Анын сөзүнө караганда, ал үчүн Баш мыйзамдын долбоорун добуш берүү аркылуу парламентте кайра биринчи окууга кайтарса болот.
Жогорку Кеңештин депутаты, документтин авторлорунун бири Бактыбек Турусбеков өзгөртүү киргизүү мүмкүн эмес деди.
«Баш мыйзамдын долбоору үч айдан бери талкууланды. Ошондон бери түшпөгөн сунуштар, айтылбаган сындар эми чыга баштады. 2-мартта парламент 1-окууда кабыл алган соң сунуш, сын пикирлер түшө баштады. Мыйзам долбоору 1-окуудан өткөн соң өзгөрүү кирбейт. 2-3-окууда да өзгөртүү киргизүүнүн жол-жобосу жок».
Баш мыйзамдын долбоорун талкуулоо жана Жогорку Кеңеште добушка коюу боюнча депутаттарга алдын ала эле «жол картасы» да таратылганын депутат Рыскелди Момбеков шардана кылган. Документ парламентте дал ошол жазылгандай келатат.
Жол картада документ эми 9-мартта тиешелүү комитеттен дароо экинчи, үчүнчү окууда каралып, 10-мартта Жогорку Кеңештин сессиясында ушундай эле тартип менен өтүшү керек. 12-мартта президент кол коюп, референдум 11-апрелге дайындалат.
Юрист Таттуубүбү Эргешбаева долбоорду талдап чыгып авторлорго 31 сунуш берди. Анын бары эске алынбаганын айткан юрист, документ парламентте кайра биринчи окууга кайтарыларына үмүт артпайт.
«Булар ушул эле долбоорду өткөрүүнү көздөп жатышат. Алар биринчи Конституциянын долбоорун аныктап алып андан кийин конституциялык референдум боюнча мыйзамды кабыл алыш керек. Демилгечилер болсо долбоорду аныктап албай туруп эле референдум мыйзамына өтүп кетти. Конституциялык кеңешме иштеп чыгып 9-февралда парламентке берген долбоорго эч кандай өзгөртүү киргизбей туруп өткөрүшөт. Керек болсо лингвистикалык экспертиза да жүргүзүлгөн жок».
Жогорку Кеңештин сайтына Баш мыйзамдын жаңы долбоору 9-февралда жарыяланган. 2020-жылдын 17-ноябрында парламенттин сайтында Конституциянын 80 депутат демилгечи болгон жаңы долбоору делген документ чыккан. Бирок коомчулуктун сынынан кийин аны иштеп чыгуу үчүн Конституциялык кеңешме түзүлгөн жана ал ишин 2-февралда аяктап, документти парламентке жиберген.
Бир топ саясатчылар, юристтер долбоорду процедураларды бузуу менен кабыл алуу аракети жүрүп жатканын, анда демократияга каршы нормалар бар экенин жана президенттин укуктары эбегейсиз күчөтүлгөнүн айтып, сынга алышууда.
Президент Садыр Жапаров долбоордо парламенттин негизги функциялары сакталарын, өкмөт Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындаларын, Жогорку соттун, Конституциялык соттун судьяларын шайлоо, бошотуу жана башка милдет-укуктар парламентке тиешелүү болорун билдирген.