Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:04

Нетаньяху БУУда сүйлөгөндө бир катар делегациялар залдан чыгып кетти


Газа тилкеси. 22-сентябрь 2025-жыл
Газа тилкеси. 22-сентябрь 2025-жыл

Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху Батыш өлкөлөрүнүн палестин мамлекетин тааныганын катуу сындап, муну менен “жөөттөрдү өлтүрүү оң жышаана” деген ишарат берип жатышат деп айыптады.

Үстүбүздөгү аптада бир нече европалык өлкө, арасында Франция, Британия, Бельгия Палестинанын өз алдынчалыгын тааныганын жарыялаганда Газадагы согушту токтотууга, барымтадагыларды бошотууга үндөп, 7-октябрь теракттарын эч ким унутпаганын, бирок согуштан майнап чыкпаганын, стратегияны өзгөртүү зарылдыгын белгилешкен.

Нетаньяху палестин мамлекетин түзүүгө жол берилбесин кайталап келатат.

Ал трибунага чыгып, сүйлөгөнү жатканда бир катар делегациялар нааразылык иретинде залдан чыгып кетти. Балкондо отургандар кол чаап турушту.

Нью-Йорктун борбордук аянтына жүздөгөн киши чогулуп, тынчтыкка, Газага гуманитардык жардамды жеткирүүгө шарт түзүүгө чакырышты.

Байкоочулар Израил барган сайын эл аралык изоляцияда калып жатканын белгилешет.

Нетаньяху өз сөзүндө Газа тилкесинде ХАМАСка каршы согушту улантарын айтты.

Эл аралык коомчулуктун кысымына карабай Израил палестин анклавындагы операциясын күчөтүп жатат.

25-сентябрдын кечинде Газа шаарындагы Шати лагерине урулган соккудан дагы бир нече киши каза болгону маалымдалды.

Газанын саламаттыкты сактоо мекемеси бейшембиде билдиргендей, согуш башталгандан бери тилкеде 65 миң 502 киши каза тапты, 167 миңден ашууну жарадар болду.

Израил армиясынын өкүлү Эффи Дефрин Газа шаарында хамасчылардын таяныч пункту табылганын, ал жакта курал-жарак, жардыруучу заттар бар болуп чыкканын билдирди. Анын айтымында, 7-октябрь теракттарына тиешеси бар бир согушкер жок кылынды.

АКШда жана Еврошаркетте террордук деп жарыяланган ХАМАС Израилдин билдирүүсүнө байланыштууу комментарий жасай элек.

2023-жылдын 7-октябрында радикал топтун согушкерлери Израилге Газа тараптан чабуул койгондо 1200дөй адам өлтүрүлүп, 251 киши барымтага алынган. Андан бери 140 чактысы бошотулду. Ушу тапта жоочулардын туткунундагы 20дай киши тирүү деп болжолдонууда.


Шерине

XS
SM
MD
LG