Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:30

Токаев АЭСтерди курууда уран маселесине көңүл буруу керектигин билдирди


Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Илим жана технологиялар боюнча улуттук кеңештин жыйынында атомдук электр станцияларын (АЭС) куруу маселеси тууралуу дагы сөз кылды. Анда өкмөткө мындай долбоорду ишке ашырууда эң ириде Казакстандын кызыкчылыгын коюуну тапшырды.

Токаев ошондой эле расмий Астана бир эле АЭС куруу менен чектелбесин,"азыртадан эле экинчи жана үчүнчү атомдук электр станцияларын курууну пландоого киришүү" зарылдыгына токтолду.

"Кол коюлуп жаткан бардык келишимдер акыйкат, тең салмактуу жана жемиштүү болушу керек. Биздин жаратылыш байлыктарыбыздын, тактап айтканда, урандын ойлонбостон, натыйжасыз пайдаланышына жол бербөө керек. Мен бүгүн биздин илимпоздордун жана жалпы эле окумуштуулар коомчулугунун көңүлүн ушул өтө маанилүү маселеге атайылап буруп жатам. Кытайдын төрагасы менен жолугушууда эки өлкөнүн атомдук энергия жаатындагы кызматташуусун кеңейтүүнү макулдашканбыз. Кытайдын өзүндө жакынкы 15 жылдын ичинде жаңы 76 реактор ишке берилет. Биздин чыгыштагы коңшубуз бул жаатта дүйнөлүк лидерлердин бири болуп саналат",-деди Токаев.

Өткөн айда Казакстандын вице-премьер-министр Роман Скляр "Азаттыктын" казак кызматынын суроолоруна жооп берип жатып өлкөдөгү экинчи жана үчүнчү АЭСтерди Кытай курарын билдирген. Анда АЭСтер курула турган жерлер аныкталып жатканын, бул иштер ушул жылдын аягына чейин бүткөрүлүшү керектигин айткан.

Анын алдында Казакстандагы биринчи АЭСти орусиялык "Росатом" ишканасы курары белгилүү болгон. Мекеме аралык комиссия бул компаниянын шарт-сунуштары "көбүрөөк төп келет" деп тапкан жана Атомдук энергия агенттигинин башчысы Алмасадам Саткалиев Казакстан ушул жылдын аягына чейин Орусия менен АЭС куруу тууралуу макулдашууга кол коёрун билдирген.

Казакстанда АЭС курууга кызыкдар компаниялардын катарында Орусиянын "Росатом", Кытайдын CNNC, Франциянын EDF жана Түштүк Кореянын KHNP ишканалары аталган.

Ушул жылдын башында казак өкмөтү өлкөдөгү биринчи АЭС салына турган аймак катары Алматы облусунун Жамбыл районун тандаган. Буга чейин АЭС салууга ыңгайлуу жер катары айтылып жүргөн Балкаш көлүнүн айланасындагы Үлкөн айылы да ушул районго карайт.

Былтыр октябрда Казакстанда АЭС курууга байланыштуу референдум өткөн. Расмий маалыматка ылайык, анда добуш бергендердин 71% мындай сунушту колдогон.

Казак коомчулугунда мындай станциянын курулушуна каршылар чыгып, нааразылык акцияларды өткөргөн. Алар өзөктүк реакторлор иштеп чыккан электр энергиянын тарифи кымбат болорун, калдыктарды жок кылууда маселе жараларын айтып келишет.

Бир катар экологдор жана юристтер региондогу сейсмологиялык активдүүлүктү эске алганда Балкаш көлүнүн жээгинде АЭС куруунун тобокелчиликтери бар экенин эскертишкен.

Шерине

XS
SM
MD
LG