Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Мамлекеттик ипотекалык компанияга (МИК) жаш мугалимдерге “нөлдүк пайыз шарты” менен турак жай берүү планын иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу ал 26-сентябрда өкмөттүн жыйынында билдирди.
Касмалиев ошондой эле ири шаарлардагы демографиялык абалды эске алуу менен билим берүү жайларын куруу планын кайра карап чыгуу керектигин айтты.
"Агартуу министрлиги, аймактарда бала бакчалар менен камсыздоо иши күчөтүлсүн, мугалимдерди персоналдык ноутбуктар менен камсыздоону аягына чыгарыңыздар. Китептерди иштеп чыгууга жана басып чыгарууга 3 млрд сом каржылоо жагы камсыз кылынсын. Жалпы мектептеги билим берүүнүн 12 жылдык окуу форматка өткөндүгүнө байланыштуу мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу иш-чаралары үзгүлтүксүз жүргүзүлсүн. Мамлекеттик ипотекалык компания жаш мугалимдерди нөлдүк пайыздык шартта турак жай менен камсыз кылуу программасын иштеп чыксын",-деди Касмалиев.
МИК аталган планды даярдоо мөөнөтү, аны аткаруу качан башталары тууралуу азырынча маалымат бере элек.
Буга чейин Жогорку Кеңеште мамлекеттик ипотека үчүн мугалимдерге, дарыгерлерге өзүнчө тизме түзүү маселеси көтөрүлгөн. Депутат Элдар Абакиров 50% дароо төлөп ипотекадан батир алып жаткандардын айынан бул кызматкерлерге кезек тийбей, батир алууда кыйналып жатышканын айтып, президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылган.
Ушул айдын башында президент Садыр Жапаров МИК үйлөрдү 8% үстөк менен, баштапкы төлөмсүз бере баштарын билдирген.
МИК аркылуу үй алууга кезекке тургандардын саны учурда 40 миңден ашат жана там-таштуу болгондордун саны 10 миңге чамалаган.
Шерине