Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:12

Конституциянын долбоору: юристтердин сунушу


Кыргызстандын Конституциясы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын Конституциясы. Иллюстрациялык сүрөт.

Көз карандысыз юристтер Конституциянын жаңы долбоорун талдап чыгып, андагы кемчиликтерди жоюу үчүн сунуштарды берди.

Мунун алдында эле «Адилет» укуктук клиникасы да ушундай эле анализ жүргүзүп, долбоордогу бир катар кемчиликтерди аныктаган. Анын жыйынтыгында клиниканын юристтери Конституциялык кеңешме иштеп чыккан документти Жогорку Кеңештин талкуусуна алып чыкканга болбойт деген бүтүмгө келишкен.

Кыргызстандын юристтер коомчулугунун талдоосу көрсөткөндөй, Конституциялык кеңешме иштеп чыгып Жогорку Кеңешке жиберген Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда олуттуу деген 80 өзгөртүү бар. Ал эми 2020-жылдын 17-ноябрында депутаттар демилгечи болуп алып чыккан долбоордо 61 чоң өзгөртүү сунушталган.

Юристтер документте жарандардын укуктары менен эркиндиктери чектелип калганын, башкысы - аны мыйзамсыз түзүлгөн кеңешме даярдаганын бул ирет да сынга алышты. Юрист Айдин Бакытбек уулу Конституциялык кеңешме жазган Баш мыйзамда бийлик бутактарынын тең салмактуулугун камсыз кылуу үчүн төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады.

Айдин Бакытбек уулу.
Айдин Бакытбек уулу.

«Биринчиси - президентти мыйзам демилге кылуу жана референдум дайындоо укугунан ажыратыш керек. Экинчиси - президенттен парламентти таратуу укугун алыш керек. Үчүнчүдөн, Жогорку Кеңеш президентке импичмент жарыялоо ишин жеңилдетсе болот. Төртүнчүсү - бюджеттин киреше-чыгашасын кароо парламенттин көзөмөлүндө болушу шарт», - деди юрист.

Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК), Башкы прокуратурага, Ички иштер министрлигине (ИИМ) парламенттик көзөмөл күчөш керек деп эсептейт. Буга улай эле депутаттардын санын жок эле дегенде 120дан аз кылбоо зарыл деген пикирде.

Конституциялык укук боюнча адис, юридикалык илимдердин доктору Сания Токтогазиева Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда 90 депутат кандай система менен шайланып келери так жазылбаганы да шек жаратат деп билдирди. Юрист ырастагандай, долбоордо депутаттардын саны эле эмес, укуктары да болушунча кыскартылган.

Сания Токтогазиева.
Сания Токтогазиева.

«Парламенттин көзөмөл кылуу функциясы жок. Болгону мыйзам чыгаруу гана укугу бар. Бирок алар өздөрүнүн күн тартибин да аныктай албайт. Себеби, эми мыйзам чыгаруу демилгеси 10 миң адамдан тышкары президентке, министрлер кабинетинин төрагасына, Жогорку сотко, Элдик курултай жана Башкы прокуратурага берилип жатат. Президентке анын администрациясы мыйзамдарды жазып берет, өкмөт да президентке иштейт. Конституцияда «Президент жана министрлер кабинети тарабынан келген демилгелер приоритет болот» деп жазылган. Иш жүзүндө парламент мыйзам чыгаруу ишин да көзөмөлдөй албайт».

Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев долбоордо президенттин ыйгарым укуктары бир топ кеңейтилгенин моюнуна алат. Ал муну 10-январда өткөн референдумда шайлоочулардын 81% президенттик башкарууну тандаганы менен түшүндүргөн. Бирок парламенттин укуктары кыскарып кетти деген сын-дооматка кошулбайт.

«Парламенттин ыйгарым укуктары азайып калганын айтып жатышат. Мисалы, биздин долбоор боюнча Жогорку Кеңеш президентти импичмент аркылуу кызматтан кетирүүгө акысы бар. Ал эми президентте парламентти таратып жиберүүгө же шайлоонун мөөнөтүнөн мурун дайындоого акысы жок. Азыркы иштеп аткан Конституцияда булар жазылган».

Президентке импичмент жарыялоо оңой-олтоң иш эмес. Ал Жогорку Кеңеште түзүлгөн атайын комиссия аркылуу болот. Өлкө башчысы кылмыш кылганы тууралуу Башкы прокуратуранын чечими жана анын жол-жобосу так сакталганы боюнча Конституциялык соттун корутундусу чыкканда гана президент кызматтан четтетилиши мүмкүн.

«Адилет» укуктук клиникасынын юристтери да Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талдап чыгып, бир топ кемчиликтерди аныктады. Долбоордо мамлекеттин өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгүнө ашыкча кийлигишүүсүнө жол ачкан норма бар. Ал буга чейин депутаттар тобу иштеп чыккан өкмөттүк эмес уюмдардын ишин көзөмөлдөөгө багытталган мыйзамга үндөш.

Юристтер мамлекеттин саясий партиялардын ишмердигине кийлигише турчу беренелерди да белгилешкен. «Адеп-ахлак, баалуулуктар» деген жүйө менен сөз эркиндигине коркунуч жараткан нормалар жазылганы аныкталган. «Адилет» клиникасы Конституциянын бул долбоорун чийки деп, аны Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыкканга болбойт деген жыйынтык чыгарды.

Парламент болсо 17-февралда долбоорду жалпы жыйынында талкуулаганы турат. Бул тууралуу спикер өткөн жумада жарыя кылган. Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору, саясат талдоочу Эмилбек Жороев кандай болгон күндө да Баш мыйзамдын жаңы долбоору жазылып калганын, эми андагы кемчиликтерди оңдоого убакыт берилиш керек деген ою менен бөлүштү.

Эмилбек Жороев.
Эмилбек Жороев.

«Көздү жумуп туруп бийликтин баарын бир кишиге берип коюу – бул жоопкерчиликсиз мамиле. Керек болсо көпчүлүк колдоп жаткан жаңы президентке карата да жоопкерчиликсиз иш. Ага толгон-токой укук берилип жатат. Бирок ката кетирсе аны оңдоп кете турган жолдору жок. Ката кетирсе ошол бойдон акырына чейин кете берчү Конституция жазылды. «Мен керт башым менен жооп берем» деп өзү да, тарапташтары да айтууда. Бирок ага жараша жоопкерчиликти ким алат? Бул Баш мыйзамда жазылган эмес. Жалгыз гана импичмент. Аны ишке ашыруу да мүмкүн эмес».

Жогорку Кеңештин сайтына Конституциянын жаңы долбоору 9-февралда жарыяланган. Буга чейин 2020-жылдын 17-ноябрында парламенттин сайтында Конституциянын сексен депутат демилгечи болгон жаңы долбоору делген документ чыккан. Бирок коомчулуктун сын-пикиринен кийин Баш мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу үчүн Конституциялык кеңешме түзүлгөн жана ал ишин 2-февралда аяктап, документти парламентке жиберген.

XS
SM
MD
LG