Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:52

Улуттук банктын кирешесин өкмөт кантип иштетет?


Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы.

Улуттук банк өткөн жылдагы 45 млрд сомдон ашык кирешесин мамлекеттик бюджетке которот. Министрлер кабинети бул каражаттын ири бөлүгүн мамлекеттик ипотекалык компанияга берүү чечимин чыгарды. Банк кирешесин өкмөткө бергени анын ишмердигине кандай таасирин тийгизет?

Министрлер кабинети Улуттук банктын 2024-жылы тапкан 45,7 млрд сом пайдасын мамлекеттик бюджетке алып, андан ары экономиканын тармактарына бөлүштүргөн чечим чыгарды.

21-февралда чыккан тескемеде ал каражаттын 35 млрд сомун Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталын көбөйтүүгө, 9,6 млн долларын (840 млн сом)

Улуттук банктын Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын алдындагы милдеттенмесин төлөөгө жана калган 10 млрд сомго жакынын Турукташтыруу фондуна которуу тапшырылган.

Жогорку Кеңештин бюджет комитетинин 24-февралдагы жыйынында Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөсү Жылдыз Сулайманбекова 2024-жылы алынган пайданын акыркы суммасы аудитордук тактоодон кийин аныкталганын билдирди:

“Бул жерде 45 миллиарддын негизги бөлүгү - алтынды сатуудан түшкөн киреше. Калганы чет элдик валюталарды кайра баалоодон жана пайыздык ченден алынган”.

Жыйынтыгында парламенттик комитет өкмөттүн чечимине макулдук берди.

Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев социалдык баракчасындагы жазган постунда бул кирешени "рекорддук" деп атап, мындай каржылык көрсөткүч активдерди башкаруу саясатынын натыйжалуулугун, тышкы жана ички экономикалык шарттардын өзгөрүүлөрүнө өз убагында жооп кайтаруу жөндөмдүүлүгүн көрсөткөнүн белгиледи.

"Мындай жетишкендиктин негизги факторлорунун бири эл аралык резервдерди туура башкаруу болду. Бул тең салмактуу иш-аракет глобалдык экономикалык туруксуздукка карабастан туруктуу киреше алууга мүмкүнчүлүк берди", - деп жазды Мелис Тургунбаев.

Тургунбаев белгилегендей, киреше табуу Улуттук банктын ишинин негизги максаты болуп саналбайт. Мекеменин негизги милдети - улуттук валютанын туруктуулугун камсыз кылуу жана банк секторун тескөө. Ал улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн колдоо, өлкөнүн каржылык жана төлөм системаларын бекемдөө боюнча иштерди да алып барат.

Экономист Нургүл Акимова да эл аралык резервдерден жана каржылык инструменттерди жайгаштыруудан түшкөн пайданы чогултуу Улуттук банктын негизги миссиясы эмес экенин эске салды:

"Ушинтип резервдерди иштетип, жайгаштырып, андан пайда көрүп, же болбосо өкмөттүн корреспонденттик эсептеринен кандайдыр бир киреше келет. Ошолорду пайда катары көрүп, бюджетке которуу процедуралык тажрыйба болуп калды. Менимче, эгерде ушундай маселе койсо, анда башка жол менен деле кетсе болмок. Бирок пайданы чогултту, анан аны которду деген мактана турган иш эмес. Бул жөн гана мыйзамда жазылып калган процедура".

Улуттук банктын жыл ичинде тапкан пайдасы соңку эки жылдан бери бюджетке толугу менен которулуп келет. Бул үчүн парламент жыл сайын “Улуттук банктын пайдасын которуу маселелери жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү кабыл алат. 2015-жылга чейин бюджетке пайдасынын 70%, 2016-жылдан 2023-жылга чейин 90% берип келген.

Улуттук банктын 2024-жылдагы пайдасын бюджетке кириштөө жөнүндө мыйзамга соңку өзгөртүүлөр 30-январда киргизилген.

Финансы министри Алмаз Бакетаев Улуттук банктын пайдасы мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө багытталарын билдирди:

“Бул конституциялык мыйзам долбоору 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын пайдасын 100% өлчөмүндө республикалык бюджеттин кирешесине которуу жолу менен республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында иштелип чыккан”.

Соңку киргизилген өзгөртүүлөрдө Улуттук банктын пайдасын толугу менен бюджетке алуу үчүн “Улуттук банк жөнүндө” мыйзамдын 12-беренесинин 4-жана 5-бөлүктөрүн колдонууну токтоуу каралган. Ал беренеде “эгерде финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча уставдык капиталдын жана милдеттүү резервдин суммасы Улуттук банктын монетардык милдеттенмелеринин 5 пайызынан 10% чейинкини түзсө, анда республикалык бюджеттин кирешесине пайданын 70% которулары, калганы Улуттук банктын милдеттүү резервине которулары” каралган. Монетардык милдеттенмелердин көрсөткүчтөрү 10 пайыздан ашкан учурда пайданын 100% республикалык бюджетке которулат. 2024-жылдын жыйынтыгында бул көрсөткүч канча экени белгисиз.

Депутат Дастан Бекешев Улуттук банктын пайдасын экономикага салуу оң натыйжа берерин эске салат. Бирок акча массасын жөнсүз көбөйтүү рыноктогу инфляциянын тобокелдигин күчөтөрүн белгилейт:

“Отуз беш млрд ипотекага кетет экен. Албетте, ипотека - бекер үй эмес, бирок бул экономикага жакшы таасирин тийгизет. Курулуштар болот, бир топ эле жарандар айлык алат, жумуш орундары түзүлөт, бир топ эле бизнесмендер каражат табат. Экономикага пайдалуу нерсе, 390 млн доллар болуп атат. Негизи туура эле, аз өзү [Улуттук банк] мындай каражатты жөн эле өзүндө кармап эмне кылат? Экономикага салыш керек да”.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталынын көлөмү 2024-жылдын соңуна карай 32 млрд сомдон ашкан. Анын ичинде Сауд Арабиянын Кыргызстандагы ипотекалык турак жай курууга берген 100 млн доллар насыясы, Ислам өнүктүрүү банкынын 79 млн доллар насыясы, Турукташтыруу фондунан берилген 13,5 млрд сом жана акцияларын сатуудан түшкөн каражаттар бар.

Улуттук банктын кирешеси кошулгандан кийин ипотекалык компаниянын уставдык капиталынын көлөмү 70 млрд сомго чукулдайт.

Ипотекалык компания 2024-жылдын ортосунда Президенттин иш башкармалыгынын карамагына өткөн.

Шерине

XS
SM
MD
LG