Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:06

Сузактагы окуя: желектин өрттөлүшү, шектүүлөрдүн кармалышы


Өрттөлгөн туунун ордуна илинген жаңы желек
Өрттөлгөн туунун ордуна илинген жаңы желек

Сузакта Кыргызстандын желегин өрттөп, ордуна арапча жазуусу бар ак матаны илип кеткен окуяга байланыштуу бир нече адам, арасында 16-19 жаштагы кыздар кармалды.

Атайын кызмат билдиргендей, кармалган кыздар диний-экстремисттик уюмдун буюртмасы менен кыргыз желегин атайылап өрттөөгө барышкан.

Аларга мамлекеттик символиканы жок кылуу боюнча айып тагылды. Кармалгандардын калгандары экстремисттик идеологияны жайылтууга жана тыюу салынган адабияттарды сактоого шек саналууда.

Коомчулукта резонанс жараткан окуя 30-майга караган түнү Сузактын Бек-Абад айылында болгон. Милиция кыштактагы эки мектептин дарбазасындагы, айыл өкмөттүн имаратынын кире беришиндеги мамлекеттик желектерди белгисиз кишилер өрттөп, ордуна арабча жазуусу бар ак кездемени илип кеткенин кабарлаган.

Кийинчерээк уюлдук телефондорго сигнал тараткан мамыдагы туу да алынып, ордуна диний мазмундагы жазуусу бар ак чүпүрөк асылганы кабарланган.

Бек-Абад айылы
Бек-Абад айылы

5-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) бул кылмышка шек саналган эки кыздын көрсөтмө берип жаткандагы видеосун жарыялады.

Кадрдагы 19 жаштагы кыз желектерди өзү диний таалим берген 16 жаштагы шериги менен алмаштырып, мамлекеттик тууну өрттөп салганын айтып берген. Ал дарбазага, мамыга кантип чыкканын да көрсөткөн.

Шектүү “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү экенин, желек илүүнү кыштан бери көздөп жүргөнүн билдирген. Мындай кадамга барышына аталган уюмдун мүчөлөрү чет мамлекеттердеги митингдерге ак байрак менен чыгып жүргөнү себеп болгонун кошумчалаган.

16 жаштагы кыз ак кездемени биринчи шектүү сатып алып, боёк менен жазууларды түшүргөнүн айткан.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул окуяга байланыштуу алты киши кармалганын, арасында шектүү кыздардын биринин апасы жана агасы да бар экенин маалымдады.

Окуя болгон күндүн эртеси да Бек-Абад айылында алты киши “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмуна мүчө деген шек менен кармалган. Бирок алардын желекке байланыштуу жагдайга тиешеси бар же жогу айтылган эмес.

Эксперттер соңку окуядан улам өлкөдө диний-экстремизм көйгөйүнө олуттуу көңүл буруу зарыл экенин белгилеп жатышат.

Жамал Фронтбек кызы
Жамал Фронтбек кызы

“Муну ачык эле жасап жатканы – “биз барбыз” деген белги. Анткени буга чейин мындай окуялар башка аймактарда да болгонун коопсуздук кызматкерлери айтып жатышат. Желекти өрттөп салууну 90% он пайызы муну чагымчылдык деп анализ жасап жатканда биз айтышыбыз керек, муну аябай дыкаттык менен териштиришибиз кажет. Адамдардын Сирияга кетиши токтоп калганда дароо эле бул жааттагы иштерди азайтып койгондой болдук. 2014-жылы президенттин катышуусу менен концепция иштелип чыгып, Коопсуздук кеңешинде бул маселе атайын талкууланып, каралган. Анан акыркы 3-4 жылда эмнегедир бул маселеге аз көңүл буруп калдык”, - деди "Мутакалим" коомдук бирикмесинин жетекчиси Жамал Фронтбек кызы.

Талдоочулар Сузак районун калкы салттуу мусулманчылык амалдарын кармаган, диний түшүнүктөгү салт-санаалар көбүрөөк жайылган аймак катары сыпатташат.

Жамал Фронтбек кызы кошумчалагандай, 2014-2015-жылдары Сириядагы жоочулардын азгырыгы күчөгөн маалда мамлекеттик органдар Кыргызстанда 21 аймакты диний радикалдашуу коркунучу кооптуурак деп каттаган. Арасында Атабеков айыл өкмөтү да бар.

Аталган айыл өкмөтүнүн кызматкерлери желек өрттөлгөн түндөн бери нөөмөткө туруп, имаратты көзөмөлдөп жатканын билдиришкен. "Азаттыктын" кабарчысы микрофон сунган айыл тургундары окуядан кийин тынчсызданып жатканын айтышкан.

Муфтият өлкөнүн мусулман коомчулугуна кайрылуу жасап, Кыргызстандын өз алдынча, эгемен мамлекет экенин далилдеген негизги белгилерге мамлекеттик Туу, Герб жана Гимн кирерин белгилеп, ал баалуулуктарды барктоого чакырды.

Туу - Кыргызстандын мамлекеттик символдорунун бири жана мыйзам менен корголот. Аны чагымчыл максатта жырткан, өрттөгөн жаран кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Ак чүпүрөккө жазылган сөздөргө экспертиза жасалдыбы же жокпу, азырынча маалымат бериле элек.

Укук коргоочу Эржан Кайыпов желекти өрттөө окуясы эл арасында диний сабырсыздыкты курчутуп, кастыкты козутуп жибербесе экен деп кооптонуп турганын, окуя тыкыр иликтенип, туура баа берилиши керектигин айтты:

Эржан Кайыпов
Эржан Кайыпов

“Дин кармангандын баарынын ою ушундай экен деп, алардын баары потенциалдуу кылмышкер катары кабыл алынса, анда коомдогу бөлүнүүнү, араздашууну, касташууну күчөтөт. Маселе жазалоодо эмес. Экстремисттик, Конституциялык түзүлүшкө каршы келген баалуулуктарды, идеяларды карманган жарандарды, алардын ой-максаттарын түзөтүүгө багытталган иштерди жүргүзүү бийликтин иши болуш керек. Бул мамлекеттин да, коомчулуктун да милдетине кирет”.

Диний эксперт Канатбек Мурзахалилов мындай окуялар билим берүүгө жакшы көңүл бурулбай калганынын кесепети экенин белгиледи:

Канатбек Мурзахалилов
Канатбек Мурзахалилов

“Жаштарга мамлекеттин идеологиялык чакырыктары зарыл. Ал боштук толтурулбаганда алар муктаждыкты динден же башка жолдордон издешет. Андай учурда ар кандай агымдарга азгырылып кетүү оңой”.

2023-жылы 25-майда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы мектепке “Ислам мамлекети” террордук уюмунун желегин илип кетишкен. Бул окуяга байланыштуу үч окуучу кармалган. Атайын кызмат алардын үйүн тинтүү учурунда тыюу салынган мыйзамсыз диний уюмга тиешеси бар ири көлөмдөгү адабият жана видеоматериалдар, кара түстөгү желек табылганын билдирген. Бул сыяктуу окуялар Борбор Азиядагы башка мамлекеттерде да катталган.

Буга чейин “Ислам мамлекети” террордук уюму кара чүпүрөккө араб тилинде диний чакырык жазылган желекти колдонуп жүргөнү белгилүү. Ал эми салттуу исламды тутунгандар жашыл түскө басым жасашат. Дүйнөдө “Хизб ут-Тахрир” уюмунун жактоочулары ак кездемеге Ислам дининдеги келмелерди жазып, көтөргөн учурлар кездешет.

Кыргызстанда "Хизб ут-Тахрир" уюму 2003-жылы экстремисттик деп таанылган. Жалпысынан өлкөдө 21 диний уюмдун ишине тыюу салынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG